Эсен болуп, эстей жγр!

Филология илимдеринин кандидаты, профессор Ишенбек Султаналиев (1950-2026) агай 75 жаш курагында 30-апрелде көз жумганын угуп кабыргам кайышты…
А бγгγн, 2-майда, Бишкекин Бакай-Ата конушундагы куттуу γйγнөн акыркы сапарга узаттык. Коштошууга аябай көп киши келди… Кесиптештери, замандаштары, окуучулары, жердештери келип, агай жаш кезинен өмγрγнγн акырына чейин Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин кыргыз филология факультетинде ак, так иштеп, үзүрлүү эмгектенип, өз кесибинин дыйканы болгонун бир ооздон баса белгилешти.

Мидин Алыбаевди изилдеп, 20 жылдан ашуун Махмуд Кашгари жана Жусуп Баласагынга арнап жазган илимий иши бааланып, илим, адабиятка чоң салым кошкону γчγн Эл аралык түрк маданияты уюмунун (ТҮРКСОЙ) жогорку сыйлыгына татып, төш белгисин тагынганын, ушул бир ай мурун эле Ат-Башы районунун мурдагы мэри Эмил Абдыкадыров «Ардактуу атуул» наамын тапшырганын, агай илимге, билимге, кыргыз тилине өзгөчө кγйгөн, кемчиликтерди жүрөгүнөн өткөрүп кейиген мыкты педагог, профессор болгон менен өтө жөнөкөй, адамгерчилиги бийик инсан бойдон калганын айтып жашышты…
2013-жылдагы жолугушуу…
Ушундай мыкты сапаттарга мол керемет агайыбызды жолдошум аркылуу тааныгам. 2013-жылы журналист, акын, котормочу Эрнис Асек уулу (1970-2020) «Баягы Асаба» гезитин чыгарар алдында бир ролик тарттырды эле… Ошондо Ишенбек агай да келип, аны көргөн Эрнис кубанып, «Назира, менин агайым да келиптир. Бир айылдан болобуз, Кызыл-Туудан мага сабак берген, кийин университеттен да агайдан билим алып калдым» деп кубанган эле…
Агай да: «Бактылуу болгула!” деп батасын берип, «“Асаба» чыкты деп сγйγнγп келдим да” деп жаркылдады эле… Андагы жаркылдаган элеси төмөнкγ тасмада…
2020-жылдагы жолугушуу…

Ошо бойдон агайды Эрнистен ажырап калгандан кийин кезиктирдим. Аламγдγн базарынын алдынан жолуктук. Агайды көргөндө эле көзγмдөн жаш токтогон жок… Калчылдап “Каалгасын” карматып, Эрнис өзү койгон датадагы (25-апрель, Филармонияда) поэзия кечесинин ордуна эскерүү кечеси өткөнү турганын айтып, келип эскерип берүүсүн сурансам, “Кой, ыйлаба, кайрат кыл! Албетте, өтө жаш кетти. Эми артында калган силер аман болгула! Сага рахмат, келин бала, артында эскерген кишиси болсо жакшы да… Эскерүүгө биз, «Кызыл-Туу -Азык» коомунун мүчөлөрү, колдон келишинче жардамыбызды беребиз. Минтип эмгектери чыгып жатканы да жакшы болуптур. Эрнистин жаткан жери жайлуу болсун! Каерге десең, бардык жерге барып берем, келин бала, кагылайын!” деген эле…
Так киши да, 2020-жылы 23-апрелде УТРКка да келип, окуучусун эскерип берди эле…
2020-жылы 25-апрелдеги эскерγγгө да келип, сγйлөп, Эрнистин ырын окуп берген эле. Ал 54 мγнөттөн башталат…
“Каалга” агайдын талдоосунда…

Андан кийин «Санжыра» радиосуна барып эскерип берген. Ар бир эскерγγдө ар башка эскерген мыкты инсан эле. Эрнистин «Каалгасын» ачып, айрым ырлары менен ар бир сөзүн талдаганы жана ата-тегин жазганы бул ШИЛТЕМЕде.

Кийин Булгаковдун “Мастер менен Маргарита” котормосу жарык көргөндө да кубанып, “Мына, Эрнис экинчи өмγрγндө жашап жатат. Мыкты которгонунда шегим жок… окуп бγткөндө пикиримди жазып берем. Бет ачарын өткөрсөң сөзсγз айт” деген.
Былтыр, жолдошумдун 55 жылдыгына карата котормонун бет ачарына чакырсам, “Ооруп, γйдөн чыкпай отурам, болбосо барат элем. Эрнистин экинчи өмүрү узак болсун. Кудай сага кγч-кубат, узун өмүр берсин!” деди эле.
118-автобустагы жолугушуу…

Агай менен кийин далай жолу 118-автобуста жолуктум. Көрсө, агай экөөбγз кошуна экенбиз… Бакай-Ата конушундагы Анар көчөсүндө жашарын айтты эле… Бир ай мурун 118-автобустан жолукканда: “Сенин адашың Назира кызым кара жамынып, сыздап калбадыбы…” деп кейиген эле…
Анан кайра эле врач кайын атам, Мелис байке, Эрнис жөнγндө айтып калчу. Эми минтип өзγ алардын жанына кетти…
Агай, элге жактыңыз, эми жерге жагыңыз! Жаткан жериңиз жайлуу болсун!
Өзγмдγн жана “Алакан” сайтынын эмгек жамаатынын атынан Ишенбек агайдын жубайына, уул-кыздарына, бир туугандарына терең кайгыруу менен көңγл айтып, аза кайгысын тең бөлγшөбγз!
Назира СААЛИЕВА

