ВИДЕО — Аскар САЛЫМБЕКОВ: “Мелис «Баягы Асабаны» чыгарам деп жүрүп, көздөгөн максатына жетпей калды”

Эсен болуп, эстей жүр!  

9-ДЕКАБРЬ. «Жаштык жарчысы», «Асаба», «Агым» гезиттеринде башкы редактор болуп, кыргыз эркин журналистикасынын «Атасы» атыгып, ысымы, элеси элдин эсинде, журналисттердин көңүлүндө, үй-бүлөсүнүн жүрөгүндө жүргөн Эшимканов Мелис агабыздын туулган күнү. Агабыз 2000-жылы президенттик шайлоодо талапкер, 2005-жылы Жогорку Кеңештин үчүнчү чакырылышынын депутаты болгон. Аттиӊ арман, көзү тирүү болгондо 59 жашка чыкмак экен. Агабыздан 2011-жылы, 15-сентябрда ажыраганбыз. Сөөгү 18-сентябрда «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлган. Андан бери 10 жыл өтүптүр…

Аскар САЛЫМБЕКОВ: “Эшимкановдордун үй-бүлөсү таланттуу үй-бүлө”

Жолдошум Эрнис Мелис байкебиздин аманатын аткарып 2013-жылы «Баягы Асаба» гезитин чыгарган. Биринчи эле саныбызга белгилүү адамдардын каалоо-тилеги жарыяланган. “Дордой” ассоциациясынын негиздөөчүсү, жеке ишкер Салымбеков Аскар агабыз мындай деди эле:

Эшимкановдордун үй-бүлөсү таланттуу үй-бүлө. Биз жакын тууган болобуз. Андыктан Асек байкени жакшы билем. Анекдотко жакын, аябай тамашакөй, шайыр, сөзгө чечен киши эле. Врач болчу. Асек байкенин эки уулу – Мелис менен Эрнистин дагы төбөсү көрүнүп, таанымал болуп калышты.

Мелис «Баягы Асабаны» чыгарам деп жүрүп, көздөгөн максатына жетпей калды. Агасынын аманатын аткарган Эрнис мойнуна чоң жоопкерчиликти алды. «Баягы Асаба» деп аталышы уникалдуу коюлган. Гезитке ат табыш деле кыйын. Табылган табылгаңар, ачылган гезитиңердин арышы кенен болсун. Чоң жарышка чыктыңар, жарышта авангард болгула. Орусча айтканда, «желтая прессага» айланбагыла. «Тигиндей, мындай дейт го, кийинки санда айтабыз» деген сыяктуу заказной макалаларды чыгарсаңар, анда көп гезиттердин кейпин кийип каласыңар. Салабаттуу гезит болот деген ойдомун.

«Баягы Асаба» чыгыптыр» деп кошуна-колоңдор сурап окуган гезит болот деген ишеничти айтаар элем.

«Баягы Асаба» № 1, 2013-жыл, 3-октябрь

 Эки гений ага-ининин портреттери Нарындагы галереяда…

Эки бир туугандын портретин белгилүү сурөтчү Асан Турсункулов тарткан. Асан агабыздын айтымында, Аскар Салымбековдун өтүнүчү менен Эшимканов Мелис байкебиздин портрети тартылса, Жазуучулар Союзунун төрагасы Нурлан Калыбековдун суранычы менен Эрнистин портрети тартылган. ШИЛТЕМЕ

Эрнис АСЕК уулу: «Аскар байке Кыргызстандын өнүгүшүнө чоң салым кошкон»

Аскар байке тууралуу Эрнистен көп уккам. «Аскар байке ак эмгеги менен бутунан турган адам. Кыйынчылыктарды чыдамкайлык менен жеңип, Кыргызстандын өнүгүшүнө чоң салым кошкон инсан»,- деп сыйкмыктануу менен айтып калчу. Бул чындык. Себеби, Аскар байке мындан 30 жыл мурун «Дордой» Ассоциациясын негиздеп, ал тейлөө, соода, медицина, билим берүү, өндүрүш, илим, спорт, маданият ж.б. тармактарда ийгиликтүү ишмердүүлүк жүргүзүп, Кыргызстандын экономикасына салымын кошуп келет.
«Дордой» эгемендүү мамлекетибиз менен жашташ. Жакында эле, 7-декабрда 30 жылдыгын Улуттук Филармонияда белгилешти. Анда Аскар байкебиз ырчы Гүлнара Тойгонбаева менен дуэт ырдап, көрүүчүлөрдү таңгалдырды. Ал бу жердеги ВИДЕОдо.
Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.