“КАРА КЕМПИР”: ҮМҮТТҮН ТҮБӨЛҮК СИМВОЛУ

“КАРА КЕМПИР”: ҮМҮТТҮН ТҮБӨЛҮК СИМВОЛУ

Эртең 9-МАЙ. Ата-бабаларыбызды эстей турган күн. Улуу Жеңишти утурлай, редакциябызга ушундай макала келди:

Кыргыз элинин кайратман кызы Калия эже – энелик сүйүүнүн чексиздигин, адам чыдагыс кайгыга карабай өчпөгөн үмүттүн күчүн даңазалаган ыйык тагдыр.

Ал болжол менен өткөн кылымдын 1917–1920-жылдары турмушка чыгып, Казакстандын Мерке районундагы Кызыл-Сай айылына келин болуп барган. Алымбай аттуу казак жигитке турмушка чыгып, ошол жерде үй-бүлө куруп, Жекшенкул, Кошчукул аттуу эки уулду жана бир кызды тарбиялап өстүргөн.

Бирок Улуу Ата Мекендик согуш анын өмүрүн түп-тамырынан өзгөрттү. Алгач күйөөсү Алымбай атасы жана эки агасы менен бирге согушка аттанат. Кетеринде кошунасына: «Ээр-токумумду балдарыма бересиң», – деп аманат калтырган. Кийинчерээк уулдары Жекшенкул менен Кошчукул да согушка кетишет. Тилекке каршы, алардын бири да кайтып келген эмес. Жалгыз кызы да 13 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.

Жалгыз кызынын кайтышы Калия апага эң оор сокку болгон. Ал тагдырдын бул сыноосунан майышып, аң-сезими да жабыркап, басынып калган экен. Бирок ошондо да үмүтүн үзгөн эмес. Колундагы азын-оолак койлорун багып, «балдарым кайтып келсе, айылга чоң той берем» деген тилек менен малын көбөйтүп, пенсиясын тыйын-тыйынына чейин катып жүргөн. Бул — энелик жүрөктүн өчпөс үмүтү, сынбас кайраты эле.

Калия эже 40 жыл бою уулдарын күтүп жашады. Темир жол бекеттеринде, автобекеттерде ар бир келген жүргүнчүдөн: «Балдарымды көрдүңөрбү?..» – деп сурап турган. Бул сөз анын өмүрүнүн ураанына айланып, жүрөгүнүн эң терең муңун чагылдырган.

Узак жылдар бою сагыныч менен саргайып, кайгы менен карайып калгандыктан, эл арасында ал “Кара кемпир” деген ат менен белгилүү болгон. Бирок бул ат кайгынын эмес — сынбаган энелик жүрөктүн, үзүлбөгөн үмүттүн символу эле.

Калия апа 1973-жылы 76 жашында дүйнө салган. Төрөлгөн жылы так аныкталбаганы менен, айылдаштары анын жаркын элесин урматтап, кабырына граниттен эстелик орнотушкан. Өмүрүнүн акыркы жылдарында ал алсырап, арып калган учурда айыл эли аны жалгыз калтырган эмес. Кең пейил, боорукер адамдар жабыла жардам берип, малын карап, тамак-аштан кем кылбай, кезектешип кам көрүшкөн. Калия апа турмуштун каатчылыгын эмес, жүрөк күйүтүнүн азабын көтөрүп өткөн. Айылдын кайрымдуу тургундарына терең таазим.

Калия эженин элесин түбөлүккө калтыруу максатында казак композитору Алтынбек Коразбаевдин демилгеси менен айкели орнотулуп, эстелик жайы түзүлгөн. Үй-музейи ошол айылдын кулуну, айкелчи Берик Алибай тарабынан жаңыртылып, жогорку деңгээлде бүткөрүлгөн.

Айкелге улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов жана казак элинин көрүнүктүү акыны Мухтар Шаханов келип: «Бул менин эжем турбайбы…» – деп, энелик сагынычка, сынбас кайратка жана түбөлүк үмүткө таазим кылышкан.

2026-жылдын 4-май күнү Мерке районунун Кызыл-Сай айылында Калия эженин үй-музейинин салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Ага Кыргыз Санжыра Академиясынын президенти Кушубек Качибеков (Кушан) катышып, кыргыз элинин, анын ичинде Талас журтунун атынан терең мазмундуу сөз сүйлөдү. Ошондой эле белгилүү казак эл артисти, киноактер Тунгышбай Жаманкулов менен биргеликте музейдин ачылыш лентасы кесилди.

Жазуучу Данияр Исанов “Кара кемпир” аттуу көркөм чыгарма жана даректүү фильм жаратуу боюнча иш-пландарын белгиледи. Иш-чаранын алкагында Алтынбек Коразбаев менен мазмундуу баарлашуу болуп, Калия эженин тагдырын тарыхый мурас катары сактоо, даңазалоо жана жаш муунга энелик сүйүүнүн улуулугун жеткирүү тууралуу пикирлер айтылды.

Кембай (Айту) тукумунан болгон беш эр азамат — Алымбай, анын эки агасы жана эки уулу — согуштан кайтып келишкен эмес.

Бүгүнкү күндө Калия апанын төркүнү, атасынын аты жана Таластын кайсы айылынан чыккандыгы дагы эле табышмак бойдон калууда.

Урматтуу мекендештер!

Кимде-ким Калия апанын ата-теги тууралуу маалыматка ээ болсо, кайдыгер карабай бөлүшүүгө чакырабыз.

Бул — жөн гана бир тагдырды тактоо эмес…

Бул — үмүттү издөө.

Бул — тарыхты сактоо.

Калия эже — күтүү менен жашаган эне.

Калия эже — үмүт менен жашаган эне.

Калия эже — эл жүрөгүндө түбөлүк кала турган ысым.

Бактыбек АЙТИЕВ

Мыкты журналист, жазуучу Данияр Исановдун Даректүү баяны:

Даярдаган Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.