«XVII КИТЕП FEST — 2026» фестивалы…

23-апрель — Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө карата Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги улуттук китеп басып чыгаруунун жетишкендиктерин кеңири жайылтуу, басмаканалар ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо жана коомдо китеп окуу маданиятын өнүктүрүү максатында «XVII КИТЕП FEST — 2026» китеп фестивалын уюштурду.
Бул майрам быйыл Жалал-Абад облустук китепканасынын 100 жылдык мааракесине туш келгендиктен фестиваль Манас шаарында өткөрүлүүдө. Эки күндүк (23-24-апрель) мааракеге Казакстан, Өзбекстан, Россия мамлекеттеринин акын-жазуучулары, басмаканалардын өкүлдөрү, маданият жана адабият чөйрөсүнүн ишмерлери, А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы жана Кыргызстандагы облустук, райондук, шаардык жана айылдык китепканалардын өкүлдөрү катышууда.
***
Мирбек МАМБЕТАЛИЕВ: «Китеп — коомдун өнүгүүсүнө багыт берген руханий күч»

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев китепкана кызматкерлерин куттуктады:
Урматтуу мекендештер!
Ардактуу китепкана кызматкерлери!
Сиздерди Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Бул күн адамзаттын руханий казынасы болгон китепке жана интеллектуалдык эмгекке болгон өзгөчө урматты чагылдырган маанилүү дата болуп саналат.
Китеп – билимдин булагы, маданияттын негизги тиреги жана коомдун өнүгүүсүнө багыт берген руханий күч.
Бүгүн ошондой эле Манас шаарында белгиленип жаткан Жалал-Абад облустук китепканасынын 100 жылдык мааракеси – өзгөчө сыймыктуу окуя. Бул маараке китепкананын узак жылдар бою билимди жайылтууда, окурмандарды агартууда жана коомдук аң-сезимди өнүктүрүүдө аткарган зор ролун дагы бир жолу тастыктайт.
Китепкана кызматкерлери – билим менен окурманды байланыштырган, руханий дүйнөгө жол ачкан улуу миссиянын өкүлдөрүсүздөр. Сиздердин эмгегиңиздер коомдун маданий жана интеллектуалдык деңгээлин көтөрүүгө чоң салым кошуп келет.
Сиздерге терең ыраазычылык билдирип, кесиптик ишиңиздерге ийгилик, чыгармачылык дем жана туруктуу өнүгүү каалайм. Ар дайым элдин урматына татыктуу эмгек кыла бериңиздер.
Сиздерге бекем ден соолук, бакубат жашоо жана жаңы ийгиликтерди каалайм!
***
Мааниси бар дата…
1616-жылдын 23-апрелинде Сервантес, Шекспир, Инка Гарсилио де ла Вега сыяктуу классиктер дүйнөдөн өткөн. Ошондон улам ЮНЕСКО уюмунун Генералдык конференциясы китеп жана автордук укукту урматтоо максатында бул күндү ушул таризде белгилөө резолюциясын кабыл алган. Ал эми Кыргыз Республикасынын өкмөтү Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүн белгилөө токтомун 2002-жылдын 1-апрелинде кабыл алган.
Дүйнөлүк адабият күнүн белгилөө үчүн ушундай мааниси бар датаны Кыргызстан да 23-апрелде белгилеп келет.
Майрам кут болсун, урматтуу, ардактуу китепкана кызматкерлери!
Даярдаган Назира СААЛИЕВА

