“Өрт кечкен сөйкө”: снайпер, фельдшер… Жаш панфиловчу жоокер — Сооронбай Жусуев

“Өрт кечкен сөйкө”: снайпер, фельдшер… Жаш панфиловчу жоокер — Сооронбай Жусуев

«Гүлмайрам Саалаева китептерин, документтерин ала келип далилдебесе, кыргыз кызы Улуу Ата мекендик согушка катышканын билбейт элем»

9-МАЙ — башын өлγмгө башын байлап, кан кечип, бизге жаркын жашоо алып келген ата-бабаларыбызды эстей турган күн. 81 жылдан бери ушул күнү каардуу согуш жылдары баатырларча курман болгон АТАларыбызды эскерип, иш-чараларды өткөрγп келебиз. Бирок, көркөм тасма тартыла элек эле, кыргыз кино тарыхында алгачкы жолу жоокердик-тарыхый жанрда «Өрт кечкен сөйкө» тасмасы тартылып, бет ачары 2025-жылдын 29-декабрында Бишкек шаарындагы «Манас» кинотеатрында болуп өткөн.

Аталган кино А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында Редакция-басма иштери бөлүмүнүн кызматкери, жазуучу, журналист Гүлмайрам Саалаеванын идеясы менен тартылып, өзү да сценарий жазгандардын бири экендиги социалдык тармактарда жазылууда…

Гүлмайрам Саалаева айтпаса, китептерин, документтерин ала келип далилдебесе, мен да ошончо кыргыз кызы Улуу Ата мекендик согушка катышканын билбейт элем.

Андан ары Гүлмайрам Саалаева, Жыпара Исабаева, Гүлзар Жумагулова болуп билек түрүшүп, сценарийин ийине жеткире изилдеп иштеп чыгышты. Бул зор сыйга татыктуу чыгарма болду, буюрса. Эми кинобуз элге жаксын” деп жазды «Өрт кечкен сөйкө» телесериалынын башкы продюсери Жеңишгүл Өзбекова.

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин, Коргоо министрлигинин жана Кино департаментинин колдоосу менен, «Кыргызсериал» чыгармачылык-өндүрүштүк мамлекеттик бирикмеси тарабынан «Олокон-Медиа» продакшн студиясы аркылуу тартылган тасманын режиссёр-коюучусу — Мурат Мамбетов.

50 мүнөттөн турган 8 сериялуу саамалык тасма тууралуу азырынча учкай кеп курсак, чыгарма тарыхый окуялардын, реалдуу каармандардын тагдырлары, экинчи дүйнөлүк согуш жылдарында Ата Мекенди коргоо үчүн өз ыктыяры менен согушка аттанган кыргызстандык 1395 кыздын, кыргызстандык жана советтик жоокерлердин эрдиги, мекенчилдиги чагылдырылган. Тагырагы, Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан фронтко кеткен жоокер кыздардын өмүр жолу баяндалган. Айрымдарын атай кетсек, Советтер Союзунун Баатыры, учкуч Евдокия Пасько (Каракол шаары), хирург Рафа Айдарбекова (Чүй облусу), зенитчи Тамара Балтабаева жана фронтто кызмат өтөгөн радисттер, чалгынчылар, снайперлер, фельдшерлер…

Кинодо жаш панфиловчу жоокер, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз эл акыны Сооронбай Жусуевдин да образы чагылдырылган.

АРХИВден

«Өткөндү билсең, келечегиңдин жолу ачылат, эскини туурасаң, азыркыдан артта калбайсың» деген бабалардын мекенчилдикке, Мекенди сүйүүгө, улуттун улут болушуна кан-жанын аябаган ата-бабаларды унутпоого үндөгөн нарктуу жакшы сөзү бар. Ата Мекен үчүн, жаркын келечек үчүн ай-талаада ачка-ток, өрт кечип, кашык каны калганча душман менен күрөшүп, жанын берип, бизге ушундай жакшы жашоону алып келген Баатырларыбызды унутпайлы! Эсен болуп, эстей жγрөлγ, туугандар!

«Өзү өлсө да, баатыр өлбөйт. Эрдиги калат кылымга» деп татар акыны Муса Жалил жазгандай, баатыр өлбөйт! Тарыхый эс, эс тутум бар кезде эч ким эч качан унутулбайт!

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.