Эмилбек МОМУНОВ: «Сиз Мухтар Ауэзовго өзүңүз да, интеллектиңиз да окшошсуз» деди…» (ВИДЕО)

Эмилбек МОМУНОВ: «Сиз Мухтар Ауэзовго өзүңүз да, интеллектиңиз да окшошсуз» деди…» (ВИДЕО)

“Манас жана Мухтар”…

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы – “Манас” эпосу (Манас, Семетей, Сейтек) үчилтигин ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө” жана “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жарлыктарынын алкагында тартылган “Манас жана Мухтар” даректүү тасмасынын бет ачары жакында эле болуп өттү.

Чакыруу алганы, барам, көрөм деп жатып, бирок жакшы иш-чарага зарыл иштерим дал келип калып, кийин кесиптештер жайгаштырган γзγндγлөрдү көрүп, андан да кыргыз-казак элинин орток сыймыгы, казак эл жазуучусу, «Манасты» изилдеген илимпоз, тагдыры талаш болгон кыйын кезеңде “Манас” эпосубузду сактап калууда тарыхый  салымы чоң манас таануучу, окумуштуу Мухтар Ауэзовдун ролуна биздин кесиптеш журналист Эмилбек Момуновдун тартылганы кызык болуп…, кез келген жерде сурайын деген суроолорумду «актер» кесиптешиме узатып, кызыктуу кыскача маек курдук…

— Эмил, “Манас жана Мухтар” даректγγ тасмасына тартылуу, болгондо да тарыхый инсанды аткаруу сунушу тγшкөндө дароо макул болдуң, же кандай?..

— Жок, дароо эмес. Тескерисинче, тасма режиссёру, “Барсбек Глобал” продакшн-компаниясынын жетекчиси Нуриза Чынтемирова сунуш кылып кайрылганда, алгач тамашалап атат деп ойлогом. Деги эле киного тартылуу, болгондо да Мухтар Ауэзовдой  тарыхый инсандын ролун аткарууну кыялданган да эмесмин. Андан тышкары сунуш болгон учур өткөн жылдын жай айлары болчу, бир чети күнүмдүк жумуштардан баш көтөрө албай, сунуш тууралуу ээн-эркин ойлонгонго чама-чаркым да жок болчу. Ошондон “Кесипкөй актёр болбосом, анын үстүнө кыргыз-казакка белгилүү улуу адам Мухтар Ауэзовдун ролун аткаруу чоң жоопкерчилик… Киного тартылып бир нече күн жүрүп алсам, жумушум, анан чакан тоок чарбам эмне болот…” деп, кутуулунун амалын издеп жооп бергенмин.

Анан жай саратан мезгили бүтүп күз келип, менин жумуш менен жеке чарба ортосундагы түйшүгүм түгөнбөй тызылдап чуркап жүргөнүмдө Нуриза социалдык тармактагы жеке барагыма: “Эмил агай, киного тартылууга даярсызбы?» — деп жазып, кайсы күнү, саат канчада каерге барууну, маңдай чачымды кырдырышым керектигин айтканда, “олуттуу маселеден» качып кутула албастыгымды түшүнүп, жумуштан жетекчиден уруксат сурасам, макул болду. Бир чети бул даректүү тасмада айрым эпизоддорго гана, улуу манасчы Саякбай Каралаев жана залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов менен жолуккан учурларга, Чолпон-Атадагы үй-музейиндеги кадрларга тартыларымды укканда бир аз жеңилдей түштүм.

— Анан, маңдай чачыңды кырдырган боюнча жγрдγңбγ?

(Кγлγп) Ооба да, бир айдай жүрдүм го «таз» болуп. Анткени октябрдын башында Чолпон-Атада тартылып келген соң, кийинки эпизоддорго тартылуу ноябрда УТРКда болмок. Мага гримерлер да “чачыңызга тийбеңиз” дешкен. Ошентип бир айга жакын ошол калыпта жүрүүгө туура келди.

Октябрь айынын башы болсо керек эле, жамгыр аралаш кар жааган кечке маалда маңдай чачымды кырдырып, ошол чачтарды кайра эле тармалдатып жабыштырып, эртеси эртең менен саат жетиде Раззаков көчөсүндөгү “Манас” улуттук академиясынын имаратына келдим. Ал жерде түнү менен Таластан жол жүрүп менден мурда келген, Талас музыкалык драма театрынын көркөм жетекчиси болуп иштеген, Чыңгыз Айтматовго куюп койгондой окшош, бою да келбеттүү Кутберди деген жигит отуруптур. Ошондон жарым сааттан кийин Ала-Арча капчыгайына жетпей сол жакка бурулган тоого барып, Ауэзов менен Айтматовдун жолуккан учурлары тартылды.

— Анан ал жактан ойдогудай эле тартылдыбы? Ошол учурда аба ырайы өзгөрмөлүү болуп жатпады беле?

— Ооба, ошол учурда бир күн мурда жамгыр, кар жаап, кайра күн чайыттай ачылып кеткен болчу. Ошондо жерден чыккан буу менен тоо боорундагы ак карлар аябай тунук тартылып, тасмага кошумча кооздук кошуп эң сонун пейзаж тартуулаптыр. Ошол кооздукту даректγγ тасманы көргөндө байкадым да…

Ал эми улуу манасчы Саякбай Каралаевдин ролун болсо, Каракол театрында иштеген, актёрдук өнөргө Алматыдан окуп келген, эң негизгиси Саякбайга өңү-түсү куюп койгондой окшош Канат Шабдалиев аткарды. Мухтар Ауэзовдун Чолпон-Атада үй-музейи бар эмеспи, биз ошол жерде жана Ысык-Көл жээгинде үч күн тартылдык.

Мухтар Ауэзовго окшош экениңди буга чейин билчγ белең?

— (Кγлγп) Жок, кайдан. Мухтар Ауэзовго окшошмун деп эч ойлогон да эмесмин. Ал тургай Нуриза алгач жумушка келип жолугуп, “… мына айтпадым беле, туура эле тандаптырмын, Мухтар Ауэзовго окшош турбайсызбы…” дегенде да маани берген эмесмин.

Бирок бир жагдайды айта кетейин. Ал тууралуу 30-апрелде тасма бет ачары болгондо, “Манас” академиясынын президенти Назира Аалы кызы башкы ролду аткарган актёр катары көрүүчүлөрдүн алдына чакырганда, бир сөз айтып коёюн деп микрофон сурап, кыскача төмөндөгүдөй айттым эле.

Менин раматылык таенем Багдагүл казактын кызы болот. 30-жылдары катары менен бир нече жыл кургакчылык болуп, “казак тозгон жылдар» деп аталган кыйын мезгилде таенемди 9 жашында 11 жаштагы эжеси менен агалары Сүлүктү шаарына алып келип, жергиликтүү элге: “Бул эки кызды өлтүрбөй багып алгыла, тирүү болсок, кийин келип алып кетебиз…” деп таштап кетишкен экен. Кийин таенем чоңоюп, бойго жетип, таятабызга турмушка чыгып, жети балалуу (төрт кыз, үч уул) болот. Уул-кыздарына өзүнүн туугандарынын (Шахсанам, Ниймат, Алибек, Айзада — менин апам, Буузара, Райхан) ысымын ыйгарат. Өзү мен студент болгон 1992-жылы сексен жаштан өтүп каза болду. Өтө боорукер, акылдуу адам эле.

Казактар кызына байлыгын мурас калтырбаган менен, эч качан унутпайт экен, 1970-жылдары таенемдин бир тууган агаларынын керээзи боюнча алардын балдары Кызыл-Ордодон өздөрү издеп келишип, жээндери менен катташып турушту.

1986-88-жылдары Москвада Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн учурда да, эмнегедир казак кызматташтар: “Сен казаксың, же атаң, же апаң казак…”,- дей беришчү. Мен бул тууралуу Нуризага башында айткан деле эмесмин, кийин тасма тартылып жүргөндө айтсам, “көрдүңүзбү, мен билгенмин да…” дейт…

Мени багып-чоңойтуп, тарбиялаган чоң энем тарых, санжыраны жакшы билчү. Ал кишиге чоң атабыз айтып берчү экен, кыргыз-казак бир эле эл болгондугун, эгиз уулдардан тарагандыгын, кимиси энесинин оң жагында, кимиси сол жагында жаткандыгына чейин айтчу экен. Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев да: “мен үчүн дүйнөдө казакка эң жакын, бир тууган эл – кыргыздар…” деп айтпады беле.

Журналист актёр болгону боюнча кандай пикир угуп жатасың?

— Балдарым, туугандарым, тааныштарга чейин сүйүнүп, таң калып, куттуктап, жылуу сөздөрүн айтып жатышат. Мүмкүнчүлүгү болгондор тасманын бет ачарына барып көрүштү. Баары эле: “Чындап эле Мухтар Ауэзовго окшош турбайсыңбы” дешти. Жогоруда айтканымдай, маңдай чачымды кырып, аны тармалдатып кайра чаптап койгондон тышкары грим да кылышпады… Сыягы, бул бир эл, каныбыз бир болгондон улам болсо керек… Ал эми Нуриза: “Сиз Мухтар Ауэзовго өзүңүз да, интеллектиңиз да окшошсуз”,- деди.

— Тарыхый инсандын ролу өзγңө жактыбы?

— Эми бул боюнча көрүүчүлөр айтсын. Жогоруда айттым го, айрым эпизоддорго гана тартылдым деп. Өзүмдүн айтарым, мага кесипкөйлүк, алдын ала даярдык жетишпей калгандай болду…

— Антпей, минтпей деп өкүнгөн учурлар болдубу?

— Биз Ысык-Көлдөн келгендин эртеси эле Алматыга барып, ал жердеги Мухтар Ауэзовдун үй-музейинде айрым эпизоддорго тартылышыбыз керек эле. Нуриза ошо жакка чакырса, барбай койгом. Туура эмес кылыпмын деп кийин өкүнүп калдым…

— Тасма канча убакыт тартылды, тагырагы, сен катышкан учурлар?..

— Жогоруда айткандай, Чыңгыз Айтматов менен баарлашуусу бир күн кечке тоодо, ал эми Чолпон-Атадагы үй-музейи менен Саякбай Каралаев экөөнүн жолуккан учурлары үч күн, ал эми кийин Мухтар Ауэзовдун НКВД тарабынан суракка алынгандыгы УТРК студиясында бир күн кечке тартылып, жалпысы беш күн тартылдым. Ал эми тасма, жалпысынан жок дегенде жарым жылдай тартылды окшойт. Биз го, режиссёрдун айтканындай отуруп-туруп, сүйлөп коюп кете берет экенбиз. Андан кийинки монтаждоо иштери андан да түйшүктүү окшойт, “Манас” академиясында иштеген, бизге костюм-шымдан тартып, транспорт, тамак-ашыбызга чейин даярдап кам көргөн Дастан деген жигиттен эле кээде “Кино качан көрсөтүлөт?”- деп сурап коюп, “Агай, монтаж болуп жатат, буюрса, жакында көрсөтөбүз…” деген гана жооп угуп, күтүп жүрдүм.

— Ошентип 30-апрелде “Манас жана Мухтар” даректγγ тасмасынын бет ачары болуп өттγ. Жогорку деңгээлде уюштурулганын, Мамлекеттик катчы Арслан Капай уулу, учурдагы белгилүү кыргыз интеллигенциясы барганын социалдык тармактардан окуп жаттык. Сен болсо, “башкы ролду аткарган актёр катары сүрөткө түшкөндөр көп болду…” деп жазыпсың. Сүрөткө түшүүнү суранышканда кандай сезимдер болду?

— Ооба, туура, “Манас” улуттук академиясы тасманын бет ачарын Бишкектеги заманбап “Техно-парк” борборунда эң жогорку деңгээлде уюштурушуптур. 500 орундук залга көрүүчүлөр толуп, ал эле эмес, туруп көргөндөр да болду. Казахстандан да көп коноктор келиптир. Айрыкча комузчу кыздар кол ойнотуп комуз чертип, Рысбай Исаков баш болгон азыркы манасчылар «Манастан» үзүндү айтып баштаганы жγрөк жылытты.

Тасма бүткөндөн кийин менин башкы ролду аткаргандыгымды билип калгандар чогуу сүрөткө түшүп жатышты. Бул үчүн атайын фотозона да уюштурулуптур. Айрыкча Казахстандан келген коноктор көп түшүштү. Албетте, мындай учур сыймыктануу сезимин жаратат экен.

Дагы бир кызык жагдай, ошол  күнү электробайкым менен шашып баратсам, менден бирде озуп, бирде калып калып жарышып бараткан бир велосипедчен жигит: “Байке, калпагыңыз аябай жарашат экен”,- деп калды. “Мен “Манас жана Мухтар” тасмасына шашып баратам, башкы ролду аткарган элем, өзүң кайда баратасың?” — десем, “Мен да ошол кинону көргөнү баратам. Ии, Мухтар Ауэзовдун ролун аткардыңызбы? Сизди видеого тартып алсам болобу?”- деп телефонуна тартып алды…

Баарынан да бүгүнкү баарыбыздын аң-сезимибизди интернет азгырып алган глобалдык заманда улуттук нарк-насилге мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулуп, башына ак калпагын кийген окуучулар менен студенттердин кызыгып келгени, “Манас” эпосунун идеологиясына сугарылып, кыргыз-казактын Айтматов, Ауэзов сыяктуу алп инсандары тууралуу маалымат алып, улуттук духта тарбиялануусу өтө маанилүү. Бул эки элдин достугу, бир туугандыгы ажырагыс, түбөлүк экендигинин белгиси деп ойлойм!

Маектешкен Назира СААЛИЕВА

P.S. 2024-жылы “Манас” улуттук академиясы «Манас» эпосубузду ааламга тааныткан улуу манасчы Саякбай Каралаевдин 130 жылдыгына арналган иш-чараларды өткөргөн. Ошол эле жылы Алматыда иш-чара болуп, барып келгенбиз. Тагырагы, эл аралык “Түрксой”  уюму, Казак Республикасынын илим жана жогорку билим берүү комитети, М.О.Ауэзов атындагы адабият жана өнөр институту менен биргеликте Алматы шаарында (14-декабрда) Саякбай Каралаевдин үч томдук чыгармалар жыйнагынын бет ачары жана «Саякбай, Мухтар жана Мурат Ауэзовдор эс тутуму» аттуу эскерүү кечеси болуп өткөн. Толугун бу ШИЛТЕМЕден окусаңыз болот. 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.