Маек — Падышалар жана белгилүү сүрөтчү Асан Турсункулов

Маек — Падышалар жана белгилүү сүрөтчү Асан Турсункулов

Айтылуу Аксынын Сары-Кашка айылынын кулуну, С. Чокморов жана Г. Айтиев атындагы эл аралык сыйлыктардын лауреаты, Ч. Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын ээси, алтымыштын ашуусун өрдөп, боектор ааламында философиясы тереӊ, керемет, шедевр сүрөттөрдү жаратып келаткан белгилүү сүрөтчү агабыз Асан Турсункулов Нарын шаарындагы галереясына 8 белгилүү адамдын портретин тартып кошконун угуп, өнөрканасына барып маектешип кайттык.

Агабыздын адамгерчилиги, жөнөкөйлүгү ай, Эрнис Асек уулунун жубайы экенимди угуп, «49 жашында кетти деп уккам. Кыска, нуска, мыкты жазган жазмакер эмес беле?! Бу негизи 49 жаш опурталдуу жаш..» деп көӊүл айтып, «Бата көргөн жерде» деп байыма багыштап куран окуп, анан маекти баштады. Маегибиз Нарын шаарындагы көргөзмөнүн пайда болушунан башталды.

— Нарын шаарында ачылган көргөзмөнүн түпкү тарыхы 2000-жылга барып такалат. Ал 2001-жылы 15-августта Гапар Айтиев атындагы музейде, Эгемендүүлүктүн 10 жылдыгына карата «Кылым дастаны», «Буюккан кайран жылдыздарым» деген аталышта көргөзмө ачылган. Ага атактуу адамдардын 49 портрети коюлган. Анда илинген кыргыздын мыкты уул-кыздары 50 жашка жетпей каза болгондор эле… Бул көргөзмөнүн бир өзгөчөлүгү сүрөт искусствосу менен поэзия, музыканын биргелишип чыкканында болгон. Көргөзмөнү ачаарда мага ыр саптары керек болуп, белгилүү жазуучу, акын, котормочу Ильгиз Гилязетдиновго кайрылып, жаздыргам. Портреттердн алдына ар биринин өмүр баяны боюнча алты саптан ыр жазылды. Анан ага обон салыш керек экен деп обончу Болот Токтобаевге кайрылып, обон жаздырдым. Бул көргөзмө бир нече жерге көп жолу коюлду. Алсак, Мамлекеттик тарых музейине коюлду, анан 2003-жылы Казыбек Казалдын 100, Ажибек баатырдын 200 жылдыгына карата белгилүү ишкер Аскар Салымбеков алгач Ат-Башыга, бир жылдан кийин эле, 2004-жылы Нарын шаарына «АС» галереясын менин катышуумда ачты. Ошондо мен ал жерге ушул көргөзмөнү толугу менен өткөрүп бергем. Анткени көргөзмө сакталыш керек болчу. Дагы бир белгилей кетчү нерсе, сүрөттөрдү койгонго жер жетишпей, Салымбеков 2008-жылы өзүнчө зал курдурду. Мына ошондон ушул күнгө чейин атактуулардын сүрөттөрү сакталып келатат жана улам толукталып, 2003-жылы 7 портрет кошулуп 56 болду. Кечээ жакында болсо, 8 портрет алып барып коштум.

— Бу жолу кимдердин портреттери кошулду, аттарын атай кетсеӊиз?

— Белгилүү ишкер Табылды Эгембердиев, айтылуу Мелис Эшимканов, «Манасты» жазып жүрүп 37 жашында өтүп кеткен көлдүк жигит Белек Жумабаев, Ат-Башы районунун акими болгон Адыл Сайдинов, мыкты төкмө акындар Майра Керим кызы менен Элмирбек Иманалиев, мыкты акын, журналист, баламдай болуп калган Зайырбек Ажыматов, коррупция бетин ачып эми жылдызы жанып келатканда, 28 жашында жаш кеткен журналист Улан Эгизбаевдин портреттери коюлду. Алардын да ар биринин алдына ыр саптары жазылды. Эми обонду ойлоп жатам. Аскар Салымбековго тереӊ ыраазычылык билдирем. Себеби, ал болбосо бул сүрөттөр болот беле, ким билет?! 20 жылдан бери сактап, кармап, жакшы карап, улам жаӊылап коштуруп келатат. Коштурган сайын маркумдардын жакындарын чакырып эскерип, куран окутуп, анан илдирет. Бу жолу дагы маркумдардын жакын туугандарын машина даярдап берип алып барып, куран окулуп эскерилди. Мелис Эшимкановдун жубайы, жеӊеӊ Асел барып, жолдошунун портретин көрүп ыйлады… Мелистин бир тууган иниси, журналист, котормочу, акын Эрнис Асек уулу менен обончу, ырчы Калмурат Рыскуловду Жазуучулар Союзунун жетекчиси Нурлан Калыбеков эскерип, алардын мыктылыгын баса белгилеп, эмгегин айтып, экөөнүн сүрөтүн тартып, галереяга кошулушун сунуштады. Калмуратты неге унутуп кеттим экен деп калдым өзүм дагы. Аны менен өтө жакшы мамиледе элем, жакшы таанычумун. Аны эске салган Нурланга да ырахмат, сөзсүз кошом.

— Аскар Салымбеков эмгегиӊизге төлөп берип жатабы?

— Аскар Салымбеков чыгармачылыкты тереӊ түшүнгөн, эмгекти жогору баалаган киши. Ал дайыма: «Кыргыз элинин сыймыгысыӊ» деп айтат. Негизи мен бергенди берди деген кишимин. Адамдын жакшылыгын унутпай айта жүрөм. Аскар Салымбеков чыгармачылыгымды баалап Бишкектен мага үй алып берген. Андан тышкары, ооруп-сыркоолоп калганда дары-дармегимди төлөп берип турат. Мен ага аябай ыраазымын. Өнөрканама бат-бат келип акыбалымды сурап турат. Бир тууганындай эле мамиле кылат. Минтип дайыма идеямды да колдойт. Мен тарткан адамдар арасында 15 жашында белгилүү болгон, 19 жашында дүйнөнү дүӊгүрөткөндөр балдар бар. Бул тарых да. Анан ушул инсандарды кийинки муун билсин деген максатта ушундай галерея ачып, алардын ар биринин өмүр баяны жаштарга айтылса, унутулбай, муундан-муунга өтсө деген изги тилегим Аскар Салымбеков аркылуу ишке ашты. Негизи балдарды тарбиялоо искусстводон башталат. Кыргыз элинин нарк-насили, каада-салты, санжырасы, тарыхы, тереӊ философиясы искусстводо жатат. Мына, жаштарды тарбиялоо идеологиясы кайда жатат?! Галереяга келип, атактуулардын басып өткөн жолун угуп, потреттерин көргөн муун: «Мен дагы ушундай адам болом» деп ага карап түздөнөт, ошол адамдай болууга умтулат. Ушул идеологияны жаштардын көкүрөгүнө орнотуш үчү, эӊ оболу аларга искусствону таанытуу керек. Илгертен эле энелерибиз бешиктеги балага бешик ырын ырдаса, атасы манас айткан. Аны уккан бешиктеги баланын жүрөгү болк деген. Ошон үчүн кыргыздан баатырлар чыккан жана чыгууда, дагы эле болсо чыгат. Ал үчүн тарбия туура болушу керек! Тазалыкты, аруулукту кийинки муунга өткөрүп берүү ар бир адамдын милдети.

— Келаткан жылы көргөзмөӊүзгө 20  жыл болот экен. Аны белгилөөнү пландап жатасызбы?

— Ооба, келаткан жылы көргөзмөгө 20 жыл болот. Ошого карата Бишкекке да галерея ачууну, атактуулардын портреттерин кошууну пландап жатабыз. Аман болсок, аны да ишке ашырарбыз, буйруса…

— Портретти тартууну кандай критерий менен тандайсыз?

— Тандоону тереӊ карап, өзүмө катуу талап коем. Эӊ биринчи критерийим — ал инсандын адамдык сапаты. Анан чыгармачылыгы, кыргыз эли, кыргыз жери үчүн кылган эмгеги каралат.

— Сүрөттү канчага тартасыз? Мисалы, бир портретти канчага баалайсыз?

— Боёктор, дегеле керектелүүчү буюм-тайым, отурган жериӊдин арендасы кымбат, ошолорду эске алам, эмгегимди эсептеп чыгарам. Негизи кымбат. Ар бир адам менен сүйлөшүүнүн негизинде портреттин баасы бычылат.

— Канча убакытта тартып бүтөсүз?

— Ар кандай убакытта. Бир портретти 2-3 күндө же бир жумада бүтүрсө болот. Айрымдардыкы бир жылга кетип калат. Себеби, мүнөзүнө жараша тартылат. Айрымдардын кежирлиги көзү өткөндөн кийин да байкалат. Мүнөзү оор адамды тартууда абдан кыйналам. Маркумду тартаарда ага багыштап куран окуп, анан баштайм.

Маектешкен Назира СААЛИЕВА

P.S. Гапар Айтиев атындагы көркөм-сүрөт, өнөр музейинде “Бабалар баскан жолдо”, “Өлбөс баатырлар” аталышта Асан Турсункуловдун көргөзмөсү 2011-жылы ачылган. Анда 2002-жылдагы Аксы окуясында, 2010-жылдын 7-апрелинде курман болгон адамдардын сүрөтү (97 портрет) коюлган. Ушул портреттерди автор мамлекетке бекер эле берген. Бирок, бир дагы башчы «бекер берди» деп айтпай келет. Ал эле эмес, ал жерге барышат да, автору жок эле лента кесе беришет го. Так ушул маселени айтып, Асан агабыздан: «Башчылардын мындай мамилеси сизге катуу тийбейби?»,- десем, катуу тийээрин айтты. А чынында Асан агага эле эмес, кыргыз элине катуу тийет. Себеби, автордун көзү тирүү да. Көзү бар болгондон кийин лентаны автор менен кесиш керек! Качан биздин бийлик өнөр адамынын талантын, чыгармачыл адамдын өнөрүн баалайт? Таланттуу адамдарды тирүү кезинде барктап, баалап алуубуз абзел. Бул бир. Экинчиси, опол-тоодой эмгеги мамлекет тарабынан бааланбай жатканы, ушул убакка чейин бир дагы сыйлык албаганы. Асан Турсункулов мамлекеттен жок дегенде бир диплом албаптыр. Бу эмне деген шумдук?.. Үчүнчүсү, 2012-жылы Токтогул сыйлыгына көрсөтүлүп, бирок комиссиянын кароосунан өтпөй калган. Токтогул сыйлыгына чындап татыктуу болчу. Бул эмнеден кабар берет? Бул аталган сыйлыктын бир гана кишинин жеке менчиги болуп калганынан кабар берет. Аскар Салымбеков айткандай, Асан Турсункулов «Кыргыз элинин, Кыргызстандын сыймыгы». Келаткан жылы, жаӊы келген бийлик адамдары эмгегин баалайт деген ишеничтебиз! Анткени Асан Турсункулов Манас дүйнөсүн кашкайта тартып, улуу өнөргө сүӊгүп кирип, шедевр сүрөттөрдү жараткан залкар сүрөтчү.

Мына, эми эмгектерин караӊыздар, кандай гана керемет сүрөттөр:

 

Асан ТУРСУНКУЛОВ: «Падышалар жана Мен…»

                                            (Ачык сөз)

… Болгон тарых …Ушул сөздү жазуу керек болуп калгандай туюлду… Анда, өткөн тарыхтан баштайын…

1998- жылы 6- февралда…

«Алтын кылымдын асыл адамдары» аттуу көргөзмөмдө (1880-1980 жж) 100 жыл аралыгында жашап өткөн белгилүү 100 адамдын портретин тартып, элдин, көрүүчүлөрдүн сынына алып чыккам…..

Г. Айтиев сүрөт искусство музейинде… Ошол учурдагы өзгөчө олуттуу окуяга айланган. Аны маалымат каражаттары байм- бай чагылдырган. Көргөзмөгө андагы ажо Аскар Акаев келе турган болуп, музейдин кызматкерлери тарабынан атайын иш-чаралар көрүлгөн. Президенттик аппараттан мага телефон чалып, көргөзмөнүн өтүү мөөнөтүн башка күнгө жылдырууну жана төрт адамдын портретин алып коюшумду айтып, ал президентке жакпайт!»,- дешти…..

Элге чакыруу кагазы таратылып калгандан кийин, алардын айтканына макул болбой койдум. «Президент башка күнү келет эле » деп башка күнгө жылдырмак белем. Ойго келбеген иш эле. Президентке эки ай мурун чакыруу кагазы берилген болчу. Ошентип президент көргөзмөгө келбей калган.

2001- жылы, 15- августта «Кылым дастаны», «Буюккан кайран жылдыздарым» аттуу көргөзмөмдү Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 10 жылдыгынын урматына арнап Г. Айтиев музейинде ачтым. Кийин мамлекеттик тарых музейинде ачылды. Анда да президент Аскар Акаев келет деп даярдык көрүлгөн. Президент келбей, мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов келген…

Ушул эле көргөзмө 2003- жылдын 27-октябрында Нарын облусунун Ат-Башы районунда Ажыбек Баатырдын 200, Казыбек казалчынын 100 жылдык мааракесинин урматына, ошол кездеги Нарын облусунун губернатору Аскар Мааткабылович Салымбековдун демилгеси менен ачылган.

Анда да алдын ала даярдыктар көрүлүп, менин көргөзмөмө президент Аскар Акаевдин келиши күтүлгөн. Протоколго киргизилип, чакыруу билеттерине так жазылган.

Көргөзмө портреттер илинип, мааракеге аз калганда, президенттик аппараттан атайын өкүлдөр барып текшеришти. Президенттик аппараттан телефон чалышып, «Эки адамдын портретин алып койсоң президент барат, болбосо барбайт! — деди .»Портретти алганда эмне, качан эле көзү өтүп кеткен инсандар?,- дедим. «Алардын жүзүн көргөндө, президенттин маанайы чөгөт, маанайы ачык болушу керек!»,-дешти.

…Аскар байке менен кеңештим. Ал киши: «Койчу ай, кантип ошондой болсун! Жөн эле сөз»,-деди.

Ошентип күтүп жатабыз….Ажыбек Баатырдын эстелигин ачып коюп, күтүп жатабыз, келген жок. Мектептин директору келип, президент жайлоого көк бөрү көргөнү кеткенин айтты. Менин боорум ооруганы мектептин директору менен мугалимдер болду. Алар үч айга жакын даярдык көрүп, кыйналышкан….

…Көзү өтүп кеткен эки арстандан коркуп келбей жатып Аскар Акаев 2005-жылы Кыргыз жерин буту баспас болуп чет өлкөгө куулду…

…2007-2009- жылдары оппозиция менен бийликтин тиреши күчөдү. Бийлик байма-бай маалымат берип, «өзүбүз ГЭС куруп жатабыз» деди, а оппозиция «алдап жатат» деп чыкты. Аныгын билейин деп «Камбар Ата -2 ГЭСине» жөнөт кеттим. Бийлик алдабаптыр, кыргыздар куруп жатканы анык экен. «Камбар Ата — 2 ГЭСинде» үч ай жашап, күнү-түнү сүрөт тартып, «Алтын чөйчөк» аттуу көргөзмө даярдадым.

Курманбек Бакиевдин жакын тааныш адамдары аркылуу: «Көргөзмөнү алып чыгайын, жардам бергиле!Оппозициянын калпын далилдейм»,- деп кайрылдым, эч ким укпады…

Ошентип жатып 2010-жылдын 7- апрели болуп кетти… Ошол жылдын 28-августунда Эгемендүүлүк күнүнө карата ‘Алтын чөйчөк» аттуу көргөзмө Г.Айтиев музейинде ачылды. Бийик даражаны алып келген мыкты көргөзмөнүн бири болду. Коомдук ишмерлер, тарыхчы, жазуучу, акын, сүрөтчүлөр бир ооздон мага Мамлекеттик сыйлык берилишин талап кылышты… Көргөзмөдө энергетика министри жана бир топ белгилүү коомдук ишмерлер бар эле….. Генерал Исмаил Исаков катышкан…..

2011- жылдын 3- апрель күнү 7- апрель окуясынын бир жылдыгына карата «Бабалар баскан жолдо», «Өлбөс Баатырлар» аттуу көргөзмөмдү алып чыктым. Көргөзмөгө 95 портрет коюлган.

Президент Роза Отунбаева катыша турган болуп протоколуна киргизилди. Менин канча мүнөт сүйлөрүмдү Султан Раев тактаган. Протоколдун көчүрмөсү менде бар. Көргөзмөгө Отунбаева келбей коюп, президенттин аппарат жетекчиси Эмилбек Каптагаев катышып, түшүнбөстүктөр орун алган….

… Ушул көргөзмө Г. Айтиев музейинде беш жыл катары менен ачылды… Беш жыл катары менен президент Алмазбек Атамбаевге чакыруу берилди…

…Аксы окуясынын 10 жылдыгында….

…Мамлекеттик тарых музейинде расмий салтанаттуу ачылышы болду… Келген жок!

2017- жылы президент болуп шайланган Сооронбай Жээнбеков 7- апрелде шейит кеткендерге арнап «Таазим» аттуу музей курдурду… 2020-жылы музей бүткөрүлүп, менин портреттеримди мамлекет сатып алмай болуп чакырды. Мен айткан баа аларга өтө бийик кол жеткис сумма болду да калды. Болбогон акча сунушташты. Арзыбаган акчаны алгым келбеди, кыйналып турган учурум болсо да… «Эгер Мамлекет кыйналып, акчасы жок болсо, мен анда бекер тартуу кылдым» деп мамлекеттик музейге бекер өткөрүп бердим. Комиссия кол чапты….Мени макташты….Азаматсың!…»Сага «Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамын бериш керек» дешти. Айтор, сүйүндүрдү…

… Анан….пандемия болду….Карантин….

2020- жылдын 7- апрель күнү ачылышына президент Сооронбай Жээнбеков катышты. Лента кыркып ачышты……Куран окушту…. Айтор,  таазим вазийпасын аткарышты. Бирок, ушул жерде бир суроо бар? А эмнеге автор катары мени чакырып коюшпады? Менин көзүм тирүү го?.. Көргөзмөнүн максат, маани-маңызын, тарыхын түшүндүрүп берет элем го?…

Эми, ал, ал болду?…. Мурункулар андай-мындай дедик… Мына, бүгүн жаңы бийлик….

2020- жылдын 7- ноябрында мурунку экс-президенттер Сооронбай Жээнбеков менен Роза Отунбаеваны ээрчитип алып Садыр Жапаров «Ата Бейиттеги» «Таазим» музейиндеги менин көргөзмөмө барып көрүп келишти….

…Кызык ой….Кызык суроо туулат?……

…Дүйнөлүк сүрөт искусство жаатында бийик өзгөчөлүк бар. Элдин идеологиясына багытталган тарыхый, маанилүү сүрөттү кайсы гана мамлекет болбосун, эң абройлуу сыйлыгы менен авторду сыйлайт, ошол эле учурда даңазалайт.

Тээ байыркы заманда падышалар мыкты өзгөчө эмгек үчүн авторго өзгөчө урмат-сый көрсөтүшкөн жана каржылап келишкен…

….Мен ушул баяндама менен, президенттерге кине коюп жаткан жерим жок. Болгону, 5 президенттин өнөргө жасаган мамилесин карадым. Алтынчысы кандай болор экен? Же ушунун баарын жетинчиси оңдойбу?.. Дегеле Кыргыз Эли жети деген санды ыйык тутаары анык. Кыскасы, адилет баа берилсе деген ой. «Мамлекетим» деп сыймыктанмакмын! Башка кеп жок…. Кээде ой кетет…..Балким, 8-кылымда жашасам Барсбек Баатыр баркымды билер беле?..

Мына, эми автордун оозунан сүрөттүн жаралышынын тарыхын угуӊуздар:

7 thoughts on “Маек — Падышалар жана белгилүү сүрөтчү Асан Турсункулов

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.