ВИДЕО — «Бишкегим» аттуу ыр ырдалганда залдагылар ордунан туруп, чогуу ырдашты…

ВИДЕО — «Бишкегим» аттуу ыр ырдалганда залдагылар ордунан туруп, чогуу ырдашты…
Жакында эле (13-сентябрда) Бишкектеги Чыңгыз Айтматов атындагы №1 шаардык китепканада «Элдик китепкана» клубу Кыргыз эл сүрөтчүсү Асан ТУРСУНКУЛОВдун, тарыхчы Дөөлөтбек САПАРАЛИЕВдин, акын Толук бек БАЙЗАКтын окурмандар менен жолугушуу кечесин өткөрдү. Уюшулган иш-чара жогорку денгээлде өткөнүн, эл аябай көп болгонун акын Айгүл Тоголокова билдирсе, акын Кайыргүл Надырбекова «Фейсбуктагы» баракчасына төмөндөгүдөй пост калтырды:
— Жолугушуу кечеге акын, жазуучу Ильгиз ГИЛЯЗЕТДИНОВ, Кыргыз эл артисти Бактыбек ЫБЫКЕЕВ, Кыргыз эл артисти Атайбек БӨДӨШОВ, акындар: Калчоро КӨКҮЛОВ, Жыргалбек КАСАБОЛОТОВ, журналисттер Сталбек АБДЫРАЕВ, Аида ШАКЕНОВА жана «Элдик китепкана» клубунун мүчөлөрү, студенттер катышты.
Алгач Асан Турсункулов сүрөтчүлүк өнөрү жөнүндө маалымат берип, тарбиялык мааниси чоң, «Балама осуят« китебинин таржымалын айтып берди: «Асан агай менен көп жылдан бери жакын мамиледебиз. Өткөн жылы сүрөтканамда агайдын портретин тарткам. Мен бир сүрөттү тартканда адамдын өмүр таржымалын, ал ким, ким болуп иштейт, элге кандай кызмат кылып келатат ушунун барын сүрөттөн чагылдырам.
Асан агайдын көп жылдан бери МАНАСКА ак дилинен кызмат кылып келатканына өзгөчө басым жасап, портретин таптакыр башкача тарттым. Тапшырып коёюн десем, агай болбой атат.
Мен өзүм атайын алып келдим, өзүмдүн жеке автордук ишим» деп агайга потретин тапшырды.
Атайбек Бөдөшов Асан Турсункуловдун чыгармачылыгына ийгилик каалап, ырларына чыгарылган обондорунун ноталары түшүрүлүгөн топтомун белек кылды.
Дөөлөтбек Сапаралиев кыргыз элибиздин тарыхын, эмгек жолунда жасаган иштерин айтып берсе, Толук бек Байзак ырларынан окуп берип, суроолорго жооп берди. Акындын ырлары эл жүрөгүнөн түнөк тапканы байкалды.
Кечеге келген акындардын ырларын Нургүл Качканакова менен Айгүл Тоголокова көркөм окушту.
Адабиятка эмгеги сиңген акын-жазуучуларды эскерип, аалам төргө маалымат берип жарыялаган жаш талант, келечектен көптү үмүттөндүргөн акын Жуса Касиетов ырын көркөм окуп, тээ эзелки акын-жазуучу, музыканттарды эске салды.
Кыргыз эл артисти Бактыбек Ыбыкеев кыяк менен «БИШКЕГИМ» аттуу ырды ырдап, көрөрмандардын патриоттук сезимин ойготту. Алар ордуларынан туруп, ырчыга кошулуп ырдашты…

Жолугушуу кече аксакал акын Ильгиз ГИЛЯЗЕТДИНОВдун ак батасы менен аяктады.

Кайыргүл НАДЫРБЕКОВА

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.