Айтурган ТЕМИРОВА: «Мелис досумдун каза болгонун укканда аябай кейигем….»

Айтурган ТЕМИРОВА: «Мелис досумдун каза болгонун укканда аябай кейигем….»

Эсен болуп, эстей жүр!

15-сентябрь. Эшимканов Мелис (1962-2011) агабыздан айрылып, арман кылган күн. Жоктоп калганыбызга 12 жыл болду… Көзү тирүү болгондо быйыл 61 жашка чыкмак …

Былтыр жубайы Асел Эшимканова жолдошунун 60 жылдыгына карата, туулган күнүндө (9-декабрда) эскерүү кечесин өткөрдү. Дал ушул күнү Мелис Эшимканов атындагы фонд (журналисттер жана студенттер арасында) жарыялаган сынактын жыйынтыгы угулуп, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылган. Мындан тышкары, «Мелис менен Эрнис» аттуу китеп чыккан. Аны түзгөн, ага-ини жөнүндө эссе жазган белгилүү журналист Данияр Исанов

«Эче миңдеген журналисттер бар, бири-бирин кайталайт, бириникин бири көчүрөт. Бирининин пикирин бири улайт. Жазганы супсак. Калеми мокок. Кепке чоркок…

Чыныгы журналист өз алдынча чыйыр салып, жалпы элге жаңычылдыкты алып келгенде гана эл арасына терең сиңет. Андай эле, мындай эле дейбиз, бирок, бир чындыкты айта кетүү парз. Коомчулук арасында кандай гана түркүн кеп, түрдүү айыңдар айтылбасын баары бир кыргыз журналистикасында чагылгандай чартылдап, чагылган сындуу бүткүл окурмандарын селт эттире калеминин күчү менен багындырып, буркан-шаркан түшкөн ички кубаты, көпчүлүктү өзүнө имере алган харизмасы, сөзгө чечендиги, саясий оюндарда оппоңой эле упай топтоп чоң утуштарга ээ болгону менен жарк этип жашап, жалп этип өмүрдөн эрте өтсө да ысымы тарыхта түбөлүк өчпөс болуп калган инсан, ал – Мелис Эшимкановдеп жазган Данияр.

Андагы эскерүүдө группалашы, белгилүү тележурналист Элмира Тезекбаева да Мелис аганын мыктылыгын баса белгилеген…

Мелис байке менен Эрнис Бишкек шаарындагы №50 мектепте окуган. 50-мектепте Эрнис менен чогуу окуган досу — врач-хирург Эмил Өмүралиев ага-ининин эскерүүсүнөн калбай барып, китептерин алып, эскерип келет:

Былтыркы эскерүүдө Мелис байкенин кичүү кызы Миэлла «АТАКЕМ АЙ» (Сөзү: Кыялбек Урманбетовдуку. Обону: Гүлзинат Суранчиеваныкы) аттуу ырды ырчы менен ырдап, элди ыйлаткан…

ЖОКТОО. Сөзү: Гүлсайра Момунованыкы. Обону: Жамиля Муратованыкы:

АРХИВден…

Айтурган ТЕМИРОВА: «Асаба» Мелис Эшимкановдун убагында күчтүү, окумдуу гезит болчу»

Жолдошум Эрнис АСЕК уулу (1970-2020) агасын жоктоп, арманда кылып кылып жүрүп, артынан кеткенине 3 жыл 7 ай 15 күн болду. «Асабаны» чыгарам деп жатканда кетип калды. Эми бул мага аманат» деп Эрнис 2013-жылы «Баягы Асабаны» чыгарган. Кимден интервью албайын алгач Мелис байке менен «Асабаны» эскеришчү…

2015-жылы Кыргыз эл артисти Айтурган Темирова Чехиядан Бишкекке келгенде интервью алгам. Эжебизге барганда боорсок жасап, дасторкон жайып отуруптур. Мелис байкеге багыштап куран окуп, анан маегибизди баштаганбыз.  

«Асабаны» укканда эле раматылык Мелисти эстедим. Ал кишиде менин өзүнчө бир урмат, сыйым бар болчу. Аябай акылдуу адам эле. Экөөбүз дос болчубуз. Жылына келген сайын ага телефон чалып, жолугуп, кафеде көпкө сүйлөшүп олтурар элек. «Акыркы жылдары ушундай акыбалга келик калдык» деп саясатты айтып, кейип калаар эле. Каза болгонун укканда аябай кейигем…

Быйыл Бишкекке келгенде «Баягы Асаба» гезити чыгып жатканын угуп абдан кубандым. Анткени бу гезит менин сүйүктүү гезитим болчу. «Асаба» Мелис Эшимкановдун убагында күчтүү, окумдуу гезит болчу. Эл укмуш окучу. Алардын катарында мен дагы бар болчумун.

Мелистин атын унуткарбай, аманатын аткарып жаткан бир тууган иниси Эрниске рахмат. Коллективине ийгилик каалайм! «Асабадай» гезиттер көп болсун. Кыргызстанда келгенде жакшы жаңылык уксам аябай сүйүнөм, жаман жагын укканда күйүнөм. Өз мекенимди жылда сагынып келем. Балдарым, неберелерим ушу жакта да. Бирок, жаш өйдөлөгөн сайын самолетто жүрүү кыйын экен. Ушул жагдайды балдарыма түшүндүрүп, «эми силер барып тургула!» деп жатам.

— Кыргызстанга биротоло келейин деген оюңуз жокпу?

— Жолдошум ошол жактан болсо, кантип келем? Илгертен эле бизде да салт бар го, күйөөң кайда алып кетсе, ошол жакка кетесиң. Ошо жактын бүлөсү болуп каласың да. Жолдошум кайда болсо, ошол жакта болом да. Ал абдан түшүнүктүү, чыгармачылыгымды баалайт. Бардык фильмдеримди чогултуп берди.

— Сиз тартылган кинодогу ролуңуздун кайсынысын жактырды?

— Бардыгын эле, өзгөчө «Снайперы» деген тасмадагы Алиянын ролун жактырды. Баса, Алия Молдагулова тирүү болгондо быйыл 90 жашка чыкмак экен. Казактар Алия апанын 90 жылдыгын белгилеп, мени мааракеге чакырышты. Маркумдун туулуп-өскөн жери Ак-Түбе айылында болдум. Эми айыл деп айтууга болбойт, өзүнчө эле укмуш кооз, чоң шаар тура. Анын жанында Бишкек айыл болуп калат. Албетте, өкүнүчтүү… Салыштырып алып ичимден жаман болдум… Эли да жакшы жашайт экен. Айылды эле шаардай кылып салган ажосу Нурсултан Назарбаевди макташты, алкашты. Анткени ал жакта кредит абдан эле арзан пайызда берилет экен. «Ар бир казактын үйү болушу керек. Ар бир казак жакшы жашоого укуктуу . Кредиттер арзан берилсин!» деген ажонун буйругу чыгыптыр. Мөөнөтү да узак экен, өмүр бою төлөшөт экен. «Бир кезде ажону биз тойгузсак, азыр ал бизди тойгузуп жатат. Тоюп бүттү, ошондуктан элге берип жатат. Ачка келген адам эле уурдап-тонойт да» деп кайрадан Назарбаевди шайлап алгандарын айтып мактанып жатышты. Мактангандарындай эле бар экен, чыгармачыл адамды да барктап, баалашат. Чет өлкөлүктөр барышты. «Бизден жок дегенде бир журналист кошуп бергиле» десем, «ага акча жок» дешти. Жок дей эле беришет го, бизде…

— Ак-Түбеге мурда бардыңыз беле?

Алия Молдагулова

— Жок, биринчи жолу бардым. Алия апанын айылын көрсөм деген тилегим аткарылды. Мени казактар ага аябай окшоштурушту, атүгүл туугандары: «Ушунчалык окшош экенсиң. Сен кирип келатканда Алия кирип келе жаткандай болду» деп ыйлап да жиберишти. Укмуш тосуп алышты. Эстеликтери көп экен. «Сенин айкелиңди көргөндөй болуп атам» деп жолдошум дагы окшоштурду. Өзүмдү көргөндөй болуп өзүм дагы толкундандым. Чын эле окшоштук жагыбыз бар экен, болгону анын бою менден кичирээк экен, аны көргөн-билгендер айтышты. 19 жашында каза болуптур.

— «Снайперы» тасмасына канча жашыңызда, канча ай тартылдыңыз эле?

— 28 жашта болчумун. 6 ай Белоруссиядан тартылганбыз. Жай, кышы тартылып аябай кыйналганбыз. Кинодогу ролумдун арасынан эң кыйыны ушул фильм болгон. Согуш учурун аткаруу абдан кыйын болду. Алгач солдаттар менен даярданганбыз. Эрте туруп чуркап, алар менен машыгып дегендей… Алардан мылтыкты кантип кармап, гранатаны кандай ыргытууну үйрөнгөнбүз. Ал жакта эки айдай жүрдүк. Ал учурдагы режиссерлор кыйын эмес беле. Жадагалса табигатын да жасалма эмес, табигыйын күтүшчү да. Кышында суук, кар тизеден. Жайында ысык, 35 градус, чоң-чоң чиркейлер чакканда чыдай албайсың. Чагып жатканда өлтүрүп жатсак, «Өлтүрбө! Силерди кадимкидей чагып жатканын тартабыз» дешчү. Тасмага тартылып жатканда гранатаны туура эмес ыргытып алып бети-башыбыздын күйгөнүчү… Кино ортолоп калганда чыдабай, «кайдан макул болдум эле» деп ыйлап, баш тарткан да күндөрүм болгон. «Сен болгону роль ойноп жатасың. А Алия болсо, чыныгы согуш талаасында жүрүп, немистер менен кармашкан. Сенден да жаш болчу» деп көндүрүшкөн. Анан чындап эле ролго кирип кетип, андан чыга албай депрессияга түшкөм. Эки жыл кыйналып жүрдүм… үч жолу операция болдум. Ашказан, ичеги-карындарыма суук тийиптир да.

— Алия Молдагулова түшүңүзгө кирди беле?

— Ооба, эки ирет кирген. Бир жолкусунда мылтыгын алып, жанымдан унчукпай өтүп кеткен. Мен болсо: «Алия, Алия, мен синин ролуңду аткарып жатам. Токто!» деп артынан чуркап бараттым. Арбагы колдоду окшойт, кино жакшы чыкты. Ролум элге жакты. Элден бата алып, зоболом көтөрүлдү. Баалаган элиме ыраазымын.

Айтурган Темирова

— Азыр деле киного тартылууга чакырылып, сунуш түшүп жатса керек?

— Казактар сериалга тартылууга чакырды. Андайды каалабайм. Убактымды кетиргим келбейт.  Командировкада да жүргүм келбейт. Жаш режиссерлор дагы чакырып жатат. Бирок, мен аларга тартылгым келбейт. Себеби, алар жаштык кылат, биринчиден. Экинчиден, тажрыйба жок. Өзүндө тажрыйба жок туруп, анан кантип кино тартат?! Азыркы жаштар телефон менен деле кино тартып калышыптыр го. Ошондуктан кино көп да. Бир жылда жүз кино тартылат имиш. Угуп алып таңгалдым. Мурда айлап, жылдап  бир кино тартылчу…

Сапатсыз киного тартылып баркымды түшүргүм келбейт. Баягы эле элдин эсинде «Бөрү зыдандагы» Ажар, «Спайперы» тасмасындагы Алия, «Ак кемедеги» Гүлжан бойдон калгым келет.

— «Бөрү зындан» киносунда ээрчитип жүргөн уулуңуз Чыңгыз да, ээ?

— Ооба, Чыңгыз. (Күлүп) Чыңгыз бир айында эле жылдыз болгон. «Эрте жаздагы турналардагы» колумдагы оролгон бала Чыңгыз болчу. Согушка кетип жаткан атасы ымыркайдын бетин ачып өөп коштошуп, балта менен бакты кесип отун даярдап берет эмеспи…

«Бөрү зынданга» 5 жашында, «Снайперы» тасмасына 6 жашында тартылган. Кайда бирсак дагы, балдарды таштай турган киши жок ээрчитип жүрчүбүз да.

«Бөрү зындан» киносу. Айтурган Темирова уулу Чыңгыз менен

«Снайперы» тасмасындагы Алиянын кичинекей кезин аткара турган кыз жок Чыңгыз тартылган. Араң көндүргөм. Курдайда тартылганбыз. Ал киного тартылам деп Алматыдан ата-энеси менен 60 кыз барган. Тартылам дегендердин келбети туура келбей койгон: чачтары сары, көзү көк болуп… Кара көз, кара каштуулары болсо, «мамалап» бакырып ыйлап тартылбай койгон. Алтымыш кыз менен алышып атып кеч кирип, күүгүм кирип баратканда мен Чыңгызды карасам, мени менен кошо баары карашты. Анан ал: «Мени эмне карап жатасыңар?» деп шектенди. Чыңгыз канаттууларга кызыкчу. «Сүйлөгөн тоту куш» сатып берем, эгер киного тартылсаң» деп көндүрө баштаганда эле: «Мен кыздын ролун аткарбайм! Көйнөк кийбейм! Сөйкө тагынбайм! Менин теңтуштарым шылдыңдайт» деп баш тартты. Эптеп көндүрдүм. Көйнөк кийгени менен сөйкө тагынбай койду. Жыңайлак чуркап баратканы менен ыйлаганы жарабай калды. Анан мен: «Апаң өлүп жатат. Апалап жакшылап ыйла!» деп бетке чаап жибердим. Бакырып ыйлады. Өзүм да жаман абалда калдым. Себеби, балдарымды урчу эмесмин да. Съемка тартылып бүттү. Чыңгыз басылбайт. Көрсө, алтынымдын буттарына шише кирип, буту канап кетиптир. (Күлүп) Ал киного Чыңгызым ушундай таржымал менен тартылып калган.

Маектешкен Назира СААЛИЕВА,

«Баягы Асаба» (10.09. 2015)

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.