Аманатты аткаргандарга алкыш!
13-июнь, журналист, акын, котормочу жолдошум Эрнис Асек уулу (1970-2020) жарык дγйнөгө келген кγн. Көзγ тирγγ болгондо 55 жашка чыкмак. Туулган кγнγнө карата аманатын аткардык! Дегеним, Эрнис айтылуу Булгаковдун “Мастер менен Маргаритасын” 2019-жылы жайында, эки айда эле которуп, “Турар” басмасынын директорунун андагы жетекчиси, меценат, жеке ишкер Тилек Мураталиев агабыздын суранычы менен басмаканага берип, аны 7 ай кγткөн. «Эрнис, мен бул котормоңо демөөрчγ болом. Бет ачарын да кылып берем. Ага чейин сен котормоңо баш сөз жаза турган адам тап. Он кишиге котормоңду салып кой. Алар окуй берсин, китеп чыкканда аларды чакырып оюн угабыз. Бул классикага айланган чыгарма да, андыктан баасын алыш керек!» деген ойду Тилек байке айткан эле… Эрнис тизмелеген. Ал баарыңыздарга эле кызык болсо керек, кимдер деп… 13 адамды айткан, мен жазгам. Алар:
- Сагын Акматбекова
- Түгөлбай Казаков
- Эсенбай Нурушев
- Калчоро Көкүлов
- Бекташ Шамшиев
- Төлөгөн Карыкеев (Кимбайке)
- Байма Сутенова
- Ишенбек Султаналиев
- Кубан Мамбеталиев
- Жыргалбек Касаболот
- Марат Токоев
- Толук Бек Байзак
- Айсулуу Көкөева
«Эрнистин кыргыз тилинин касиети менен чебер которо билгендиги мени таң калтырды»
“Султан (Раев) аке котормого баш сөз жазса, Нурлан Калыбеков Жазуучулардын жетекчиси болгондуктан аларды тизмеге кошпой эле коеюн, ансыз деле келишет да” деген эле Эрнис. Айтканындай эле Султан байке баш сөз жазып, котормого баасын берген… андан үзүндү берели:
Михаил Булгаковдун гениалдуу чыгармасын кыргыз тилине буга чейин которууга канчалык аракет болгонун билбей турабыз. Ким чыгынып, аны которууга бел байлаганын да уккан эмеспиз. Анткени, бу роман татаал, кеп татаалдыкта эмес, татаалдыгы Булгаковдун оюн гана эмес, үтүр, чекитинин жанын сезген адам гана бу чыгарманы которууга батынбаса, ал көрүнгөн “орто статистикалык” котормочунун колунан келе бербейт. Роман – ачылышты, роман – метафораны, роман – сукбатташууну, ошол романдын ар бир сөзүндөгү үндүн дабышын сезе билген адам гана батынууга акылуу деп айтар элем.
***
Михаил Булгаковдун романын Эрнис, биринчиден, кыртышына чейин түшүнгөнү, анын чыгармасындагы ар бир ойдун маани-маңызын сезе билгендиги, ошол эле учурда ошо маанини кыргыз тилинин касиети менен чебер которо билгендиги мени таң калтырды. Эрнистин көркөм потенциалын ошондо сездим. Ал көрсө өмүр бою ушул китепке карай жол алып келген экен…
**
Кайда жүрөсүң десем, Сиздин орбитаңызда жүрөм” деп калчу. Мен Көк-Жар жаңы конушунда жашап жүрсөм, ал деле, ушул конушта көчөдөн көчөгө көчүп конуп, жубайы менен батирде жашап жүрүптүр… Улуу Булгаков менен баарлашып, анын “Мастер жана Маргарита” романын которуп. Эрниске “Бул романды окуп бир ачылышка кабылсам, сенин котормоңу окуп экинчи ачылышка кабылдым, сонун которупсуң!” дегем. Ал сүйүнгөнүн билдирбей ууртунан билинер-билинбей жылмайган. “Сиз мага Мелис досуңуздун иниси катары эле “комплимент” айтып жаткан жоксузбу?” – деди Эрнис. “Жок” дедим, ушу кыска сөздө менин чын дилимен айткан оюм турду.
***
Арадан анча убакыт өтпөй чет өлкөдө жүргөндө сайттан “Эрнис Асек уулу каза болду” дегенди окуп алып, жүрөгүм зыркырады, бетиме муздак суу чачып жибергендей болду. Кайран досум Мелис да 50гө жетпей актыкка баш урса, Эрнис иним да 49 жашында акыретке жол алган экен. Жүрөк жыртылды. Кайгырдым.
***
Сурагандарга жооп…
13-июнда иш-чараны ийгиликтγγ өткөрγп алдык. Ага келбей калгандарды сурагандарга жооп берип коеюн. Султан байке иш-чаранын алдында чалып, иш сапары менен Бишкектен учуп кетип жатканын айтып, шартын тγшγндγрγп, ийгилик каалап, ушундай маанилγγ иш-чарага катышпай калганы γчγн кечирим сурады. Кечке маал да чалып, котормого кандай баа берилгенин, кандай өткөнγ тууралуу сурап, тынчсызданды. Буга да шγгγр! Тγгөлбай (Казаков) байке да чалып, эне тил боюнча иш-чарадан улам бошой албай калганын, Сагын (Акматбекова) менен Байма Сутенова эжебиз, Ишенбек (Султаналиев) агай, Нурлан (Калыбеков) ден соолуккка байланыштуу катыша албай калгандыктарын айтышты. Кимбайкебиз жамандыктан бошобой калганын айтып, кечирим сурады. Ал эми Айсулуу (Көкөева) чет өлкөдө… Чакырууну кабыл алып жана иш-чараны угуп келген конокторубуз болду, бардыгына ыраазычылык билдиребиз. Толкундообузга толкундоо кошуп, байымдын котормосуна жылуу пикирлерин айтып, котормого жогорку баасын беришти…
Президент. Министрлик. Жазуучулар союзу. Редакциялык жамаат…
Эсиңиздерге сала кетсек, президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен проза, поэзия, повесть, эссе, балдар адабияты жана дүйнөлүк адабияттын мыкты чыгармаларынан, котормолорунан турган 50 китепти Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги менен Улуттук жазуучулар союзу Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына утурлай басып чыгарышкан. Анын бет ачар аземи былтыр (12-июнда) так ушул Улуттук китепканада болуп өткөн эле…
Айтмакчы, басылды, жарык көрдү дегенге чейинки иргөө, тактоо, талдоо, аныктоо сындуу чыгармачыл эмгекти алып барган редакциялык жамааттын курамын айта кетпесек да болбойт. Алар:
Нурлан Калыбеков – жетекчи
Абакиров Мелис
Алахан Садык
Керимбек Кадыракунов
Лайли Үкγбаева
Гүлзада Станалиева
Аида Эгембердиева
Бир жыл мурун Айтматов таануучу, филология илимдеринин доктору, профессор Лайли Үкүбаева эжеге да китепти алып барып берип, ал кишинин да адистик анализин, баасын алуубуз керектигин айтсам, иш-чарага келип берерин убада кылган эле, айткандай эле келди. Терең ыраазычылык!
Каныбек ИМАНАЛИЕВ: “Мыкты котормо болуптур!”
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев менен Улуттук Жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев да чакырылган. Марат мырза да башка иш-чарадан бошобой калганын айтып чалды. Ал эми Каныбек Капашовичке туура эмес убакытта кайрылып алыппыз. Агабыздан: “Мыкты котормо болуптур, окудум. Тилекке каршы, агам өтүп кетип, ошол күнү куран окутуп жатабыз үйүндө. Союздан эмне жардам керек болсо Ырыскүлгө айтып коем” деген жооп келди. Улуттук жазуучулар союзунан төрага орун басары, редакциялык жамааттын мүчөсү, акын, Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер Керимбек Кадыракунов агабыз келди.
Эми иш-чарабызга келсек… Тарыхый тасма…
«Мастер менен Маргарита» китеби жарык көргөндө эле, акын Жумадин Кадыров агабыз: “Классикага айланган бул китептин бет ачарын өткөр! Мен алып барып берем” деген. Ал сөзγнө туруп иш-чарага модераторлук кылып, башкарып берди. Алгач ал Москва шаарында Орусиянын элдер достугу университетинде (РУДН) Гравитация жана космология институтунда мугалим болуп эмгектенип, жашап келаткан мекендешибиз, мыкты котормочу Кубантай (Эрназаров) инимдин «Булгаков үйү» музей-театрынын аткаруучу директору Склярова Наталья Петровнага (“С радостью сообщаем, что наш музей-театр получил в подарок книгу — роман Михаила Булгакова «Мастер и Маргарита» на киргизском языке!” ) Эрнистин «Мастер менен Маргарита» котормо китебин тапшырганын айтып жана ошол учурда тартылган тарыхый тасманы көрγγгө чакырды.
Лайли ҮКҮБАЕВА: «Эрнис “Мастер менен Маргарита” котормосу менен чоң сыйлыкка татыктуу!»
Алгач Лайли эжеге сөз берилди. Эжебиз Эрнистин “Мастер менен Маргарита” былтыр колуна тийген котормосун окуп чыгып, аябай капа болуп, ыйлагысы келгенинин себебин тγшγндγрγп берди:
— Бγтγндөй адабиятты жан дγйнөсγнө сиңирген Эрнистей таланттуу уулубуздун алдыда жасай турган иштери толтура эле… шум ажал арабыздан эрте алып кеткенине аябай өкγндγм. Анткени адабий ишмердγγлγк тармактарында котормо деген абдан оор нерсе. Азыркы кγнгө чейин котормо ишине анча маани бербей, котормочуларды баалабай келатабыз. Улуу муундагы мыкты котормочулар, залкарлардын көзγ өтγп кетти. Азыр котормочу азаматтарыбыздын саны аз болуп калды. Ошол аз сандагы котормочулардын ичинен Эрнисти мен сап башында турган котормочу деп айткым келет.
Себеби Булгаковдун “Мастер жана Маргарита” романын терең тγшγнγγ кыйын. Мисалы мен орусчасын бир канча жолу окуп атып анан тγшγнгөм. Алгач тγшγнγγгө кудуретим жеткен эмес. Бул романды боюма сиңире албай, табиятына терең тγшγнө алган жокмун. Анткени бул китеп катардагы эле китеп эмес. Бул Толстойдун, Шолоховдун чыгармасы эмес, ал тургай Достоевскийдин да чыгармасы эмес. Бул башка стилдеги, башка ыкмадагы, башкача ракурстагы башка тажрыйбадан улам жаралган чыгарма болуп эсептелет. Бул чыгарманы окуу, аны тγшγнγγ катардагы адамдардын колунан келе бербейт. Аны тγшγнγш γчγн атайын адабий даярдык, билим болуш керек! Анан орус тилин жакшы билγγ, дγйнөлγк классикалык адабият менен тааныштыгы бар адам гана бул китептин табиятын тγшγнөт.
Эрнис ушундай даражага жетип, Булгаковдун жазуучулук табиятын боюна сиңирип, чыгармасынын бардык ньюанстарын ийне-жибине чейин байкап, анан которгон экен. Анда дагы кыргыздын бай тилинде которуптур. Биз, адабиятчылар, ушуга чейин айтып келебиз го, «Шота Руставелинин “Жолборс терисин кийген баатыр” поэмасын Алыкул Осмонов которгон, ал аны кайра эле иштеп чыгып, өзγнγн чыгармасындай кылып салган. Бул котормо эмес, ал Алыкулдун чыгармасы” деп. Мен Эрнистин котормосун ошондой тγшγндγм. Булгаковдун романын окуп, аны терең тγшγнγп, өзγнγн “Мастер менен Маргаритасын” жазып салгандай болду. Анткени ал кыргыз элинин бай тили, көркөм сөз өнөрγ, Манастан башталган элдик оозеки чыгармасын, мыкты тажрыйбасынын баарын боюна сиңирип туруп, анан ушул чыгарманы которгонго белсенген экен.
Анткени Булгаковдун романында курч сюжеттер бар, бир чыгармадан экинчи чыгармага өтө берет, тез-тез окуялар өзгөрө берет. Ошонун баарын бир нукка келтирγγ, ошол окуянын артынын жγрγγ чоң эмгекти талап кылат. Мистика дейбизби, жомок дейбизби, философия дейбизби, же диний тγшγнγктөр менен арбалган чыгармачыл адамдар менен байланышкан көп жанрды камтыган чыгарма дейбизби, айтор, ошолорго аралашып, аны бир нукка салып, кыргыздын бай, нукура тили менен которгон Эрнистин азаматтыгына таң бердим. Андыктан мен бул котормону маданият, адабиятка кошкон эң чоң чыгарма катары баалайт элем. Мына, бул жерде Жазуучулар союзунун өкγлγ отурат. Бул котормону мен сыйлыкка сунуш кылат элем. Сыйлык берип жатканда Эрнистин эмгегин эске алып коерсуздар… Башкалар канча чыгарма жазса, бул котормонун алдында ал маанилγγ эмес. Дγйнөлγк акын-жазуучулардын арасынан деле бир чыгарманы мыкты жазып коюп, ысымы тарыхта калган канча деген фактылар бар. Анын сыңарындай, Эрнис “Мастер менен Маргарита” котормосу менен чоң сыйлыкка татыктуу. Эми “Эл жазуучусу” наамын бербей эле койгула, жок дегенде “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” дегенди эң чоң, ат көтөргγс эмгегин сыйлап, баалап берип коюңуздарды сунуштайт элем. Биз, тирγγлөр, ушуну ишке ашырсак, маркумдун алдында адамдык парзыбыздан, милдетибизден кутулат элек.
Керимбек КАДЫРАКУНОВ: «Алтын калем» сыйлыгына сунуштайм»
Андан кийин сөз алган Керимбек агабыз Эрнистин котормосу сыйлыкка татыктуу экендигин туура көргөнγ менен көзγ өтγп кеткендерге наам, сыйлык берилбей турган президенттин жобосу бар экендигин эскертип өттγ.
— Негизи “Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген ишмер” деген наамга татыктуу. Бирок, президенттин жобосу боюнча көзγ өтγп кеткендерге (президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев мамлекеттик катчы болуп турганда көзγ өтγп кеткен залкарларга сыйлык, наам берилбесин айткан — авт.) наам берилбейт. Бирок, “Алтын калем” деген сыйлык бар. Жыл сайын жылдын аягында мыкты котормого берилет, 100 миң сому менен. Буга да сунуштап көрөм. Ал эми “эмгек сиңирген ишмер” деген наамды да карап көрөйγн, эгерде жобого туура келсе, сунуш кылсак болот. Туура маселе көтөрдγңγз, ондогон китеп чыгарган адамдын алдында бир эле мыкты чыгарма менен адабиятка жол салып кеткендер бар.
Эми мен Эрнис Асек уулу которгон Булгаковдун “Мастер менен Маргарита” романы качан, каяктан чыкканы боюнча токтоло кетейин. Дүйнөлүк классиктердин чыгармаларын кыргыз тилине которуу, кыргыз адабиятын өнүктүрүү максатта Жазуучулар союзуна эки жыл мурун биздин өкмөт акча бөлгөн. Анан биз проза, поэзия, повесть, эссе, балдар адабияты жана дүйнөлүк адабияттын мыкты чыгармаларынын котормолорун чыгаруу максатта жол-жобосун иштеп чыктык. Мыктыларын сынактык негизде тандап алуу γчγн атайын редакциялык жамаат тγздγк. Сынакка 20-30тай котормо келип тγштγ. Андагы адистердин ой-пикири менен, редакциялык жамааттын жыйынтыгы менен 5 котормо тандалды. Себеби, акчанын көлөмγнө жараша иш кылдык. Алардын арасында Эрнис которгон Булгаковдун “Мастер менен Маргарита” романы бар болчу. Албетте, бул котормо талаш-тартышты жараткан, жыйынтыгында сынактан өткөн. Дагы бир китеп — К.Төрөмураттын “Кара китеп” аңгемелер жыйнагы, аны Т. Жороев которгон. Ушул аталган котормолорду, мен чыгармачыл адамдардын арасында болгондо жакшы которулганы боюнча жакшы пикирлерди угуп жγрөм. Демек, котормо ийгиликтγγ которулган экен деп сыймыктанып калам.
Котормочулук өнөр өзгөчө талантты талап кыла турган нерсе. Айтылуу Абай Кунанбаевдин жакшы ыры эсиме тγштγ, аны мен котордум эле. “Өлдγ дешке болобу, айткылачы, өлбөй турган артына сөз калтырган” деген мыкты философиялык ою бар. Анын сыңарындай, Эрнис артына өлбөй тургандай сөз калтырып кетти. Эрнис акын, ырлары да мыкты, философиялык ырларды жазган. Эрнис адабият, маданиятка чоң салым кошкону, зор эмгеги менен сыйлыкка татыктуу инсан. Бул биринчиден. Экинчи сунушум, ал — “Мастер менен Маргаританы” кайрадан чыгарып, коомчулукка таратуу. Мамлекет чыгарганда, ал коомчулукка таратылбайт, республикалык китепканаларга таратылат. Эгерде Назира айым макул болсо, Жазуучулар союзундагы мγчөлөрдγ жаздыруу менен тыйын топтоп, кайра чыгарсак болот. Аны да кеңешип көрөбγз го…
Аким КОЖОТЕГИН: «Эрнис ушул котормосу менен өзүнө эстелик тургузуп кетти»
Аттиң арман, ушундай жакшы сөздөрдүн баарын Эрнис өзү укканда эмне?.. Жаш кезинен эле эссе, аңгеме, кыргыз, орус тилинде ыр жазган, дγйнөлγк адабиятты казып окуган, Ригадан билим алган жолдошум Эрнис бир топ дγйнөлγк акын-жазуучулардын чыгармаларын которуп маданият, адабиятка чоң салым кошуп кеткени ырас. Ал көз майын коротуп, жүрөгүн казык кылып сайып, ар бир сөзүн таразалап, ар бир сөзүндө жашап атактуу Булгаковдун “Мастер менен Маргарита” романын эки айда эле которуп, мукабасын да өзү жасап, чыкканын көрбөй кеткенин айтып да, жазып да келатам. Бул акыркы котормосу! Бирок, Эрнис «аны котордум, муну котордум» деп сыйлыкка чуркаган жигит эмес эле. Көзγ тирүү болгондо деле баш тартмак. Нурлан Калыбеков айткандай, ошондой «кежир да, гений да болчу»… өзүн баалабай, даңктабай, көлөкөдө жүрүп өтүп кетти… Бирок, Эрнистин талантын баалап иш-чарага келген жазуучу Аким Кожотегин айткандай, «Мастер менен Маргарита» котормосу менен эле өзүнө эстелик тургузуп кетти…
Алдыда…
«Эрнистин талантын баалаган, анын тереңдиги менен бийиктигин түшүнгөн кишилер келиптир. Мыкты сөздөр айтылды» деп Аким Кожотегин айткандай, алдыда ошол мыкты сөздөр жарыяланат.
Адабият сынчылары Бекташ Шамшиев, Эсенбай Нурушев, котормочу, акындар Калчоро Көкүлов, Жыргалбек Касаболот, Марат Токоев, Толук Бек Байзак, Атахан Кожокулов, Бурулкан Сарыгулова эжебиздин жана кесиптештер Санжи Туйтунова менен Шайыр Эркин уулунун пикирлери бар. Андыктан бизден алыстабаңыздар!
Жаныбыздагы жаркылдаган бардык жакшы адамдарга, жакшыларга: Эрниске наам берүү демилгесин көтөргөн Лайли эжеге, аны колдоп, «Алтын калем» сыйлыгына сунуштарын айткан Керимбек агабызга, төмөндөгү видеону жана сγрөттөрдγ тарткан Данияр Жаркынбаевге, Москвада туруп иш-чарага демөөрчүлүк кылган акын эжем Максатай Исаковага, иш-чаранын башынан аягына чейин тикесинен тик туруп, көп ишке көмөк көрсөткөн, учурда ‘Манас» улуттук академияда иштеп аткан, китепкөй окурман, «Мастер менен Маргаританы» орус, кыргыз тилинде окуп, Эрнистин котормосун мыкты деп кубанткан иним Элдар Ибраимовго терең ыраазычылык билдирем.
Уникалдуу да, чуулгандуу да роман…
Орус жазуучусу, драматург, врач, театр режиссеру Михаил Булгаков (1891-1940) уникалдуу да, чуулгандуу да бул чыгармасын 1928-жылы жазып баштаган. Булгаков каза болгондон кийин анын архивинде романдын баш-аягы сегиз редакциясы болгонун такташкан. Алгачкы версиясынын «Копыто инженера», «Чёрный маг», «Жонглер с копытом», «Сын В(елиара?)», «Гастроль (Воланда?)» сындуу түркүн аталыштары да болгон. Айтымында, автор «Кабала святош» деген пьесасын коюуга тыюу салынган угуп, романдын 15-главага чейин жазылып бүтүп калган биринчи версиясын 1930-жылы 18-мартта өрттөп салган.
Бирок 1931-жылы романды калыбына келтирүү аракетин көрүп, бул экинчи редакциясына Маргарита жана мастер тууралуу баянды кошуп, ортодо жазбай таштап коюп, кайра улантып отуруп 1936-жылга чейин алектенген. Бул сапар да аталыштары «Великий канцлер», «Сатана», «Вот и я», «Шляпа с пером», «Черный богослов», «Он появился», «Подкова иностранца», «Он явился», «Пришествие», «Черный маг» , «Копыто консультанта» деген ар кандай вариантта болгон.
«Мастер жана Маргаританын» 1936-1937-жылдары башталган үчүнчү редакциясы алгач «Князь тьмы» деп аталып, кийин автор «Мастер и Маргарита» аталышына токтогон. Толук бүткөн вариант катары 1938-жылы 19-сентябрда машинкада терилип баштап, автордук оңдоп-түздөөлөр жазуучу каза болордон 4 ай мурун токтогон. Тилекке каршы, жазуучу өзү китебинин жарык көрүшүн көрбөй калган: ал 1940-жылы 13-февралда атасын да алып тынган нефросклероз оорусунан көз жумган.
Алгач чыгарма 1966-1968-жылдары “Москва” журналына сандан-санга көп окуялары кыскартылып жарыяланат. Эч кандай кыскартуусуз толук варианты китеп болуп 1969-жылы Германияда жарык көрөт. Аны Батыш Германиядагы орус эмигранттары негиздеген «Посев» басмаканасы басып чыгарат. Советтер союзунда болсо, мурда тыюу салынган чыгармаларды басып чыгарууга бийлик уруксат берген 1973-жылы гана толук басылып чыгат.
Жазылышы да, жарык көрүшү да кыйла кыйынчылыкка турган романдын мазмуну да чынында эле өтө оор жана татаал, анын түпкүлүгүн түшүнүү да абдан кыйын… Бирок, түшүнгөн кишиге бул китепте жакшы менен жамандын бардык тарабы камтылган: ак-кара, чындык-калп, Кудай-шайтан, жолдон адашуу, пендечилик, ойноштук, ач көздүк, паракорлук, уурулук, киши өлтүрүү… Кыскасы, М.Булгаков ар заманда болуп келген окуяларды, көрүнүштөрдү башкача өңүттө чагылдырып бере алган… Роман журнал бетине чыккандан кызыгууну жаратып, океандын ар жак-бер жагында бир топ тилге которулган. Окурман булгаковчулар жана булгаков таануучулардын эсептөөлөрү боюнча, журнал бетине чыккандан китеп болуп басылган убакыт (1966-1973) аралыгында англис (эки жолу), болгар, венгр, голланд, грузин, иврит, испан, италия (эки жолу), македония, немис (эки жолу), норвег, поляк, португал, серб, словен, түрк, фин, француз, хорват, чех, швед, эстон жана япон сындуу 26 тилге которулган. Булгаковдун бул чыгармасы бүгүнкү күндө да көп тилге которулган жана көп окулган чыгармалардын катарына кирет…
Назира СААЛИЕВА