МАЕК — Лайли ҮКҮБАЕВА: «Чыңгыз Айтматовдун алтын медалын кармалап көрүп, өөп, ушунчалык кубанганбыз…»

МАЕК — Лайли ҮКҮБАЕВА: «Чыңгыз Айтматовдун алтын медалын кармалап көрүп, өөп, ушунчалык кубанганбыз…»

Эсен болуп, эстей жүр!

Бүгүн «Дүйнөнү калем менен багындырган» залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматов жарык дүйнөгө (1928-жылы 12-декабрда) келген күн. Улуу жазуучунун туулган күнүнүн урматына 12-декабрь — Кыргызстанда Улуттук адабияттын күнү деп жарыяланган.

2008-жылы 10-июнунда Германиянын Нюрнберг шаарында көз жумган. Айтматовсуз 13 жыл өтүптүр… Бүгүн Түркиянын Анкара шаарында эскерилди. Анкара, Стамбул шаарларында айкели тургузулган. Чоң шаарларында Айтматов атындагы көчөлөр, маданий борборлор жана сейил бактары бар. Измирде Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик лицей да бар. «Ак кеме» жана «Кызыл жоолук жалжалым» повесттери түрк тилине которулган.

АРХИВден…

Бишкектеги Кыргыз-түрк «Манас» университетинин Жал кичирайонунда жайгашкан окуу корпусуна Чыңгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылган. Ошондо, 2008-жылы Айтматов таануучу, филология илимдеринин доктору, профессор Лайли Үкүбаева менен баарлашып, Айтматовдун ааламына чабыт жасаганбыз.

Архивдеги кызыктуу маекти кайталап берип турубуз.

— Лайли эже, Гуманитардык корпуска Чыңгыз Айтматовдун ысымын ыйгаруу ким тарабынан сунушталды?

— Биздин университет Чыңгыз Айтматов сыйлаган окуу жайлардын бири болчу. Кыргыз-түрк «Манас» университетинин Сенатында, кыргызча айтканда, Окумуштуулар жыйынында бул тууралуу чечим чыгып, ысымы ыйгарылды. Негизи Чыңгыз Айтматовдун 80 жылдык мааракесине карата юбилейлик иш-чараларды апрель айында эле баштап, «Айтматов жумалыгын» өткөргөнбүз. Ошондо Гуманитардык корпуска (буга чейин жазуучу бир нече жолу болгон экен – авт.) өзү келип, студенттер менен жолугушуп, пикир алышып, сүрөткө түшкөн. Ошол жолугушуу акыркы жолугушуу болуп калды окшойт… Ректорат тарабынан ал кишиге арнап, корпустан атайын кабинет ачып, секретарь берип отургузалы деген да ойлор болгон. Аттиң, бирок, ал тилегибизди ишке ашыра албай калдык…

— «Казак-кыргыз куштун эки канатындай» деп кыргыз-казак элин бирдей көргөн Мухтар Шаханов менен Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына өзгөчө мамиле кылганыңыз байкалат…

— Экөө тең, «Элдин келечеги – улуттун келечеги» деп улуттук маселелерге жүрөктөрү ооруп, «Аскада калган аңчынын ыйы» диалогун түзүшкөн. Анда өткөн тарыхты бүгүнкү күндүн маселесине байланыштырып, бүгүнкү бийликтин туура эмес багытта иш алып барып жаткандыгы, адамдагы руханий дүйнөнүн жакырланып бараткандыгы, коомубуздагы адилетсиздик жана башка дагы көп маселелер айтылат. Мындай философиялык асыл ойлор адамды ойлонууга чакырып, оңолууга түртүп турат. Эки залкар адамдын чыгармачылыгын ошондон улам сыйлайм.

— Чыңгыз Айтматовдун айрым чыгармаларында өз башынан өткөргөн окуялар чагылдырылганы маалым эмеспи. Бир мисал, «Бетме-бет» повестиндеги ую уурдалган аялдын баласын алсак… Кичинекей Чыңгыз «ууруну атып салам» деп баратканда Кыдыр атага жолуккан экен. «Кыдыр даарыган үчүн ушундай даражага жетти» дегендер да бар..

— «Бетме-бет» повестинде Тотойдун ую жоголуп кеткендеги тагдыр бала кезинде башынан өткөн окуя экенин 1994-жылы Түркияга Чыңгыз Айтматов менен чогуу барганыбызда өзүнөн уккам. Анкара универсиетинин илимий конференция залында: «Жалгыз уюбуз уурдалганда ызаланып, кошуналардын мылтыгын алып, ууру Жамбылдын базарында биздин уйдун этин сатып олтурса керек деп каарданып баратсам, алдыман карыя адам жолугуп, «Кайда уулум?» деди. «Уюм жоголуп, уурунун изине түшүп баратам» десем, «Эгер тапсаң, эмне кылайын деп жатасың?» деди. «Атып салам. Бизди сүтсүз калтырды» десем, «Атпагын! Ачууга алдырба! Сенин келечегиң али алдыда. Турмушта сенин уюң көп болот» деп үйгө кайрып жиберген. Кийин ойлонуп көрсөм, ошол мага жолуккан адам – Кыдыр ата окшойт…» деп айткан. «Бирок, менин уюм көп болгон жок» деп кайсы бир калемдештери менен болгон маекте да эскерип айтса, «Ошол олуя сени туура жолго багыттаган экен. Сенин уюң — китептериң…» деп калемдештеринин бири айткан эле…

— «Анкарада жүргөндө Түркиянын президентине кирип, Кыргызстанга берилүүчү эгин маселесин чечип чоң эрдик жасаган, бирок аты айтылбай калган» дешет…

— 1994-жылы Түркия мамлекетинин Анкара шаарында Айтматовдун чыгармачылыгынын негизинде тартылган кинотасмалар көрсөтүлүп, илимий конференция өткөрүлгөн. Түркия мамлекети канча бир тонна эгинди Кыргызстанга гуманитардык жардам катары беребиз дептир. Бирок ошол маселе чечилбей турган экен. Бир күнү Түркиянын президенти Сулейман Демирэл Чыңгыз Айтматовду кабыл ала турган болуп калды. Анан Төлөмүш Океев, ошол учурда Түркияда Кыргызстандын элчиси болчу, ошол учурдан пайдаланып, стол үстүндө: «Атаң алтымышка чыкканда алдап-соолап күчүн ал!» дейт, Чыке. Демирэлге баратасыз, ушул маселени чече келсеңиз жакшы болот эле»,- деп күлүп калды. Ал маселе айтылып, оңго чечилген. Бирок, Айтматов эмес, «Түркиядагы элчилик тарабынан чечилди» деп айтылган. Кыргыз искусство адамдары үчүн дагы көп иштерди жасаганын кинорежиссер Геннадий Базаров айтып жүрөт.

Мисалга алсак, «Бакайдын жайыты» көркөм фильми Айтматов болбосо тартылмак эмес экен. Ал кино бул жактагы Көркөм кеңештен өткөнү менен, Москвадан (ал убакта ар бир кыймыл-аракет Москвадан чечилчү эмес беле — авт.) бекитпей коюптур. Анан кино жаратуучулар капа болуп келатышса, алдынан Айтматов чыгып калып, иштин чоо-жайын сураса, болгон ишти айтышат. Ал киши тиешелүү жетекчилерге кирип, тасманын тартылышына көмөк көрсөткөн экен. Ал иште деле Айтматовдун аркасы менен бүткөндүгү эч жерде айтылган эмес. Айтматов ушуга окшогон көп эле иштерди жасаган, бирок, «Мен жасадым. Мен эле мен» деп төш кагуу ал кишиде жок болчу.

Президент Сулейман Демирэл Айтматовду кабыл алганда өзүнүн алтын медалын тапшырган экен. Биз ошол медалды алып, колдон колго өткөрүп кармалап көрүп, аны өөп, ушунчалык кубанганбыз.

— «Адам канчалык акылдуу болсо, ошончолук жөнөкөй болот» деп өзү айткандай, Айтматов жөнөкөй адам болгон» дешет. Жакын жургөндө кандай сапаттарын байкай алдыңыз?

— Бир чыгармасында: «Жөнөкөй адамдар өз кайгысын башкаларга көрсөтпөй кайгырышат, алардын улуулугу ушунда» деген ой айтылат. Турмуш деген турмуш да. Балким, ал кишиде да адам катары кайгыруу болгондур. Кыйналган учурлар болгондур. Бирок, ошонун баары сыртка чыккан жок. Айтматов кайсы жолугушууга келбесин, өзүнүн  даанышмандыгын, акылмандыгын, ойчулдугун айкалыштырып турган адам катары эсибизде калды. Ушунчалык бийиктикке көтөрүлсө дагы бой көтөрүү, текеберчилик деген ал адамда жок экен. Жанына ким барса дагы, улуу-кичүү дебей жакшы кабыл алган маданияттуу киши эле…

— «Айтматов таануу» курсун алып баргандардын бирисиз. Жеке чыгармачылыгыңызда кандай жаңылык болууда?

— Айтматов таануучу болгонум менен, мен ал кишини дайыма кол жеткис бийиктик катары баалачумун. Сүзө качырып кирген адамдарга же ал киши менен жакын болгулары келген адамдарга таң калчумун…

Айтматовдун чыгармачылыгы менен тагдырым байланыштуу десем болот. Анткени кандидаттык да, доктордук да диссертациямды Айтматовдун чыгармачылыгы боюнча жактадым. Максатым – Айтматовду кайра окуу, кайрадан жаңы көз карашын изилдөө. Ноябрь айында университетибизде «Айтматовдук окуу» баштамакчыбыз. Маданият, адабият жана башка тармакта болобу, айтор, республикадагы Айтматов боюнча изилдеп жүргөн окумуштууларды, жазуучуларды чакырып, студенттер үчүн атайын «Айтматовдук окуу» өткөрөбүз.

— Айтматовго арналган иш-чаралар сиздин оюңузча, атуулдук милдетпи же адамдык парзбы?

— Кийинки мезгилде айрыкча эгемендүүлүктү алгандан баштап Айтматовду улуттук кыртышка алып келип, түрк дүйнөсүнүн кыртышына жакындатып, ошол улуттук өзгөчөлүктөрдү ачуу, түрк маданиятынын өкүлү катарында дүйнө таануу философиясын жана башка маселелерин кайрадан изилдөө күн тартибинде турат. Бул биринчиден. Экинчиден, Айтматов таануу, изилдөө борборун ушул университеттин негизинде ачсак деген сунуш киргиздик. Себеби, дүйнөдө Айтматов жөнүндө изилдөө абдан көп. Бирок, башка тилде. Ошондон улам, биздин окурмандарга жетпей жатат.

Биздин максат – чет тилде чыккан китептерди топтоо жана жазуучунун чыгармачылыгы боюнча четте жаралган эмгектерин кыргыз, орус тилдерине которуп, жалпы элге кенен таанытуу.

Биз буга чейин, тирүү кезинде эч нерсе жасаган жокпуз. Бу дагы болсо кыргыз элинин кенебестиги, бир чети кайдыгерлиги. Көзү тирүүсүндө жасаган нерсебизди азыр жасаш – биздин адамдык да, атуулдук да парзыбыз.

Маектешкен Назира СААЛИЕВА

«Аалам» гезити, 2008-жыл

P.S. Айтматов таануучу, филология илимдеринин доктору, профессор Лайли Үкүбаева эжебиздин жаңы маеги бар. Аны жакында окуй аласыздар!

One thought on “МАЕК — Лайли ҮКҮБАЕВА: «Чыңгыз Айтматовдун алтын медалын кармалап көрүп, өөп, ушунчалык кубанганбыз…»

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.