Чыңгыз АЙТМАТОВ: «Мен киммин? Чоң атам ким?» Алп жазуучубуздун 7 атасы

Чыңгыз АЙТМАТОВ: «Мен киммин? Чоң атам ким?» Алп жазуучубуздун 7 атасы

РЕДАКЦИЯДАН: Бүгүн «Дүйнөнү калем менен багынткан» залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматов жарык дүйнөгө келген күн. 1928-жылы 12-декабрда Талас облусундагы Кара-Буура районуна караштуу Шекер айылында туулган.

Айтматовдун туулган күнүнүн урматына 12-декабрь — Кыргызстанда Улуттук адабияттын күнү деп жарыяланган.

Бүгүнкү адабият күнүнө карата, алп жазуучубуздун туулган күнүн утурлай, Айтматов атабыз тууралуу архивдеги макалаларды, эскерүүлөрдү берип туралы деп чечтик. Алгач Тарыхчылар ассоциациясынын президенти, тарых илимдеринин доктору, профессор Өскөн Осмоновдун алакандай китепчесиндеги «Чыӊгыз Айтматов санжыра туралуу кандай ойдо болгон?» аталыштагы бөлүгүн берели дедик. Себеби, анда улуу жазуучубуздун 7 атасы жазылган. Тарыхчы агайыбыз санжыра эмне себептен кыргыз элине керектигин жана залкар жазуучубуз санжыра тууралуу кандай ойдо болгонун жазыптыр.

Чыӊгыз Айтматов санжыра туралуу кандай ойдо болгон?

Заманыбыздын залкар, ойчул жазуучусу Чыӊгыз Айтматов санжыранын маанисине өзгөчө көӊүл бурган. Анын «Кыямат» аттуу  романында эненин баласына: «Сенин атаӊ Дөнөнбай! Сенин урууӊ Найман!» — деп зар какшаганында зор философия камтылган. Улуу жазуучубуз санжыранын мааниси жөнүндө, биздин айылдын абышкалары ар бир баладан: «Кана, жети атаӊды айт!» — деп катуу талап менен сураар эле. Элдин акыл-эс мурасы да, муундардын байланышы да ушуга негизделген. Бул жөнүндө Чыӊгыз Айтматов: «Мен  «Ак-кеме» повестимде, бала менен машина айдаган казак жигит экөөнүн аӊгемелешүүсүндө айтууга аракеттенгем. Турмушта жети атасын билбей эле жашап жүргөн адамдар бар экенине бала аябай таӊ калат:

– Жети атаӊдын аттарын үйрөткөн жок беле акеӊ? — деди бала.

– Ит билеби? Ага не таӊсык болдуӊ? Жети атамды билбейм, бирок, көрүп турасыӊ гой, көп катары жашап жүрмүн.

– Атам айтат, адамдар ата-тегин унутуп койсо, бузулуп кетет дейт.

– Не үшин?

– Анда атам айтат, баары бир балдарым, балдарымдын балдары билбей калат. Адамдар арам иштен жийиркенбей, тартынбай калат дейт. Баары бир балдарым, балдарымдын балдары билбей калат деп, адамдар жакшылык кылбай калат, — дейт…» «Бул элдик жөнөкөй философия, мен муну бала кезде Шекерлик абышкалардын насаат сөздөрүнөн алганмын. Мен – Шекерликмин, ошон үчүн бул жакшы кааданы алигиче урматтаймын. Менин атам Төрөкул. Төрөкулдун атасы – Айтмат, Айтматтын атасы – Кимбилди, Кимбилдинин атасы-Кончужок… ушинтип отуруп биздин тукумдун башы – Шекердин өзүнө чейин санай берүүгө болот. Атамдын жана чоӊ атамдын туугандары – Рыскулбек, Керимбек, Өзүбек, Суванбек, Доолбек, Алымкул, Иманкул, Биримкул, — булар да менин бабаларымдын катарына кирет. Мындай карасаӊ – жөн гана адам ысымдары. А мен үчүн мунун мааниси чоӊ. Эл оозунда айтылган сөздөрдөн улам мен алардын ар биринин ысымдарын тереӊимде ызаттайм жана сыймыктанам. Бул өзүбүздүн мурда жашап өткөндөрдү эстөөгө жана алардын кадыр-барктарын төмөндөтпөөгө бизди – кийинки муундарды милдеттендирет», – дейт жазуучу.

Ч. Айтматовдун Советтик идеология күчүндө турганда жазган бул ойлору, элди манкурттуктан кутулууга чакырган добулбасы экен. Санжыраны жомок катары эсептеген жоламандарга жооп катары Ч. Айтматов Санжыра жөнүндөгү ойун: «Жарыкчылыкта санжырачылар болбосо, өтүп кеткен убакыт жана муундар жөнүндө кандай көӊүлсүз эскерме калаарын көз алдыга элестетип көрүӊүзчү… Сажыраларда – философия жана фантастика, поэтика жана убакыттын символу бар. Мындан тышкары санжыра бул элдин, улуттун эн тамгасы жана аны таануу белгиси» — деп жыйынтыктаган.

Санжыранын маанисин тереӊ түшүнгөн Осмоналы Сыдык уулу, Белек Солтоноев, Тоголок Молдо, Үсөйүн ажы, Талип Молдо, Бала Айылчы, Алымбек санжырачы, Үмөт Молдо, Төлөк Төрөкан, Эсенкул Төрөканов, Сапарбек Закиров, Сабыр Аттокуров ж.б. Кыргыз санжыраларын жазууда зор эмгек сиӊиришкен. Бирок алардын эмгеги, эскинин калдыгы катары кодуланып, айрымдары куугунтукталган. Ата-тегиӊди унут, ал тургай улуттарга бөлүнүү жоюлуп, бир гана «совет эли» деген, советтик улут болот деген саясат күч алган.

Замандын өзгөрүшү менен элибиздин тарыхын тереӊ изилдөөгө, аны объективдүү чагылдыруга, окутууга кеӊири мүмкүнчүлүктөрдү алдык, буга да шүгүрчүлүк дейли. Азыркы учурда ар бир кыргыз: «Мен киммин, атам ким, чоӊ атам ким болгон, кайсы уруктан болом, кайсы уруунун өкүлүмүн, менин ата-тегимден тарыхый инсандар чыкканбы, эгер чыкса алардын тарыхтагы орду аныкталганбы?» — деген сыяктуу суроолордун айланасында ой жүгүртүп, ата-тегин тактоого далалаттана баштады.

Натыйжада, кийинки жылдарда санжырага болгон кызыгуулар күч алып, адистиги тарыхчы болбогондор да өзүнүн ата-тегин тактоо максатында «тарыхчы» болуп, тарыхый эмгек жаратууга аракеттенишүүдө. Мунун үзүрү катары соӊку жылдары тигил же бул уруунун санжырасына арналган, ар кайсы уруудан чыккан белгилүү же белгисиз инсандардын өмүрүн, ишмердигин чагылдырган китеп менен китепчелер көбөйдү. Эл ичинде сакталып келген маалыматтары боюнча жазылган чыгаан инсандардын өмүр  жолу, эли-жери үчүн жасаган эмгеги макала же китеп аркылуу элге жеткени, албетте, туура. Тилекке каршы, санжырага кызыккан аны толуктап, тактап жазууга аракет кылган инсандардын көпчүлүгүнүн тарых боюнча атайын билими болбогондуктан, алардын жазгандарында тарыхый окуяларга дал келбеген, уламышка окшогон тыянактар басымдуулук кылат.

Элибизде: «Бөдөнөнү сойсо да, касапчы сойсун» деген накыл сөз бар. Ушуга байланыштуу санжыра жазса дагы, ага тактоолорду киргизсе да бул иш менен тарых адистиги бар адамдардын алектенгени жакшы натыйжаларды берээрин мезгил тастыктоодо.

 Өскөн ОСМОНОВ

P.S. Бул үзүндү баян автордун «Садыр Жапаров – элдин үмүтү» аттуу китепчесинен алынды. Аталган китепти толук окуйм десеӊиз, бу жердеги ШИЛТЕМЕни басыӊыз.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.