Көк бөрү: Талас району чемпион!

Көк бөрү: Талас району чемпион!

Көк бөрү боюнча райондор аралык республикалык чемпионат 17-февралда башталып, бүгүн (22-февралда) Бишкек шаарынын Ак-Кула ат майданында жыйынтыкталды. Финалда Талас району Ак-Суу районунун командасы менен беттешип, 5:1 эсебинде Талас району жеңишке жетти.

Белгилей кетсек, көк бөрү боюнча райондор аралык чемпионаты биринчи жолу өткөрүлдү. Командаларды тандоо 2023-жылдын декабрь айынан бери жүрүп, жеңип чыккан командалар беттешти. Ага тогуз курама команда катышты: Ак-Суу районунун (Ысык-Көл облусу), Ак-Талаа районунун (Нарын облусу), Сокулук районунун (Чүй облусу), Талас районунун (Талас облусу), Сузак районунун (Жалал-Абад облусу), Лейлек районунун (Баткен облусу), Кара-Кулжа районунун (Ош облусу) жана Бишкек, Ош шаарлары.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.