ВИДЕО — «Сырдуу таштар сыртка ташылып кетпес үчүн тийиштүү органдар камкордук көрүшү керек!»

ВИДЕО — «Сырдуу таштар сыртка ташылып кетпес үчүн тийиштүү органдар камкордук көрүшү керек!»

«ТАШ» тасмасы: «АКСЫНЫН ЖЕРИ БЕЙИШ, ТАШТАРЫ ТАРЫХ» ( Айчүрөк Борукеева)

…Жакында «Манас» кинотеатрында жабык көрсөтүүсү тартууланган толук метраждуу «Таш» көркөм тасмасы журналист, сценарист, режиссер Айчүрөк Борукеева айымдын киноискусство тармагындагы алгачкы дебюту болду. Фильм көп кырдуу теманы бир өзөккө сиңирген, бүгүнкү күндүн көйгөйлөрүн легендалардын призмасында чечмелеген философиялык-сентименталдуу маанайдагы көркөм тасма болуптур!
Адам & жаратылыш… Сырдуу таштар… Таштагы издер… Дулдул аттар… Пери кыздар… Кайып үндөр…
Коомдун деградациясы… Пейилдин бузулушу… Байлык & бийлик… Ачкөздүк & нысап… Бата & каргыш… Кылмыш & жаза… Келечекке үмүт…
Фильм Аксы жергесинде – Ак-Жолдун Кара-Тытында, Бозбунун Тулпар-Ташында, Кара-Суунун Кара-Камышында, Таш-Көмүрдүн атарабында тартылып, Аксынын табият кооздугу өзгөчө чебердик менен тасмага түшүрүлүптүр.
Бул фильмдин жаралышына тикелей тиешебиз болбогону менен биздин да аты-жөнүбүздү титрге бекеринен киргизбеген чыгар…
«Таш» тасмасы Эл аралык кадыр-барктуу кинофестивалга катышып жатканына байланыштуу прокатка чыгарыла элек.
Кеңири публикага тартууланганга чейин азырынча көрөрмандардын бүйүрүн кызытып коёлу деп кинонун авторунун, продюсеринин уруксаты менен фильмди тартуу учурундагы жумушчу эпизоддордон айрым кадрларды сунуш кылып жатабыз.

(Мындай кооз таштар, айрыкча тулпар туяк таштар тарыхый жактан Кыргыз Республикасынын материалдык байлыгы, мурас катары мамлекеттик коргоого алынып, сыртка ташылып кетпес үчүн тийиштүү органдар камкордук көрүшү керек. Камчыбек Ташиев

Жаналы НУРМАНБЕТОВ

Айчүрөк БОРУКЕЕВА: «Фильмдин башкы максаты — ташты сактап калуу, корукка алуу»

Жогоруда Жаналы агабыздын айтканында калет жок. Журналист, режиссёр Айчүрөк Борукеева актуалдуу теманы көтөрүп, Аксыдагы сырдуу, табышмактуу таштар чекесинен талкаланып, ташылып кетип жатканына жаны ачып, аны сактап калууга, корукка алууга чакырык таштап, коңгуроо кагууда…
Келгиле, мекенибиздин кымындай да ташын сыртка чыгарбоого чыркырап, аны коргоп калууга чакырык таштап, коррупцияга каршы туруп жаткан кызыбызга үн кошолу! Коррупцияга каршы туралы, туугандар!
Коррупцияга каршы турган кинонун сценарийин автор 2013-жылы жазып, он жылдан кийин (2023-жылдын 19-сентябрында) ишке ашырды. Эми Эл аралык фестивалга катышууга даярданып жатат. Тарыхый кино тарткан кесиптешибизге ийгилик жана жеңиш каалайбыз!
Назира СААЛИЕВА
P.S. Буга чейин Кыргыз Эл сүрөтчүсү Асан Турсункулов менен Улуттук илимдер академиясынын Тарых, археология жана этнология Институтунун, археология бөлүмүнүн башчысы Кадича Ташбаеванын тасма жана табышмактуу таш тууралуу пикирин жарыялай турганыбызды билдирдик эле. Техникалык себептерден улам учурунда бере албай калдык. Ал үчүн Асан агабыздан, Кадича эжебизден жана окурмандардан кечирим сурайбыз! Жакында…

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.