Нандын баасына убактылуу мамлекеттик көзөмөл киргизилди

Нандын баасына убактылуу мамлекеттик көзөмөл киргизилди

Экономика жана коммерция министрлиги Кыргызстанда нандын баасына убактылуу мамлекеттик көзөмөл киргизилгени тууралуу маалымат таратты. Анда мындай деп жазылган:

Мындай буйрук 3-октябрда социалдык жактан маанилүү өнүм болгон нан жана дан азыктарынын баасынын кымбаттап кетишине жол бербөө үчүн Министрлер кабинетинин 8-сентябрдагы токтомуна ылайык, Монополияны жөнгө салуу кызматынын кайрылуусунун негизинде кабыл алынды.

Эске сала кетсек, өткөн айда Жогорку Кеңеште бир катар депутаттар нандын кымбатташы тууралуу маселе көтөрүп, тиешелүү органдарды чара көрүүгө чакырган. Анда Монополияны жөнгө салуу кызматынын өкүлү жагдайды казак унунун баасы көтөрүлгөнү, коңшу мамлекеттен келген ундун көлөмү азайганы менен түшүндүргөн.

Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев ун-нан кымбаттаганы тууралуу маалыматты жокко чыгарып, «Фейсбуктагы» баракчасына өкмөт кошумча чараларды көрүп жатканын жазган.

«Ундун баасы боюнча көтөрүлүп кетти деп «хайп» кармаган депутаттарга айтарым: баа көтөрүлбөйт, мамлекетте кошумча чаралар көрүлгөн. Туура, казак унунун баасы көтөрүлдү, ал бизден көз каранды эмес жана элибизге эч кандай зыян алып келе албайт. Жакын арада мындан да төмөндөшү мүмкүн, себеби арзан баада камдап койгон буудайларыбыз кийинки түшүмгө чейин жетет«, — деген К.Ташиев.

Март айында Улуттук статистика комитети 2017-2022-жылдар аралыгында дан азыктарынын баасы 51,1% кымбаттаганын билдирген.

Кыргызстан буудайды негизинен Казакстан менен Орусиядан алып келет. Мурда эки өлкөнүн буудай импортундагы үлүшү дээрлик теңме-тең болчу, Орусиядан 55%, Казакстандан 45% келчү. 2022-жылы бул көрсөткүч кескин өзгөрүп, Орусия 97%, Казакстан 3% үлүшкө ээ болгон.

Гүлгаакы ЖАКЫПОВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.