Айчүрөк Борукееванын «Ташы». «Эки гана сүрөт»

Айчүрөк Борукееванын «Ташы». «Эки гана сүрөт»

Сентябрдагы сюрприздер…

Ушул жумада жагымдуу жаңылыктар көп болду. Анын бири  — 19-сентябрда эркин журналист Айчүрөк Борукееванын «ТАШ» аттуу тасмасынын жабык көрсөтүүсү өткөрүлдү. Анын эртеси, 20-сентябрда Сербиянын Белград шаарында өтүп Күрөш боюнча дүйнө чемпионатында балбан кызыбыз Айсулуу Тыныбекова,  ага улай балбан жигиттерибиз Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков алтын медаль тагынышты. Бүгүн, 24-сентябрда Россиянын Сочи шаарында өткөн “Дүйнө айымы” (LADY WORLD) сулуулук сынагына катышкан ырчы Айгерим Расул кызы баш байгени жеңип алганын сүйүнчүлөп жазып чыкты. Кыргызстандын желеги ар кайсы мамлекетте желбиреп, ГИМНибиз жаңырып жатканы кандай сонун!

Табышмактуу «Таштар»…

Эми тасмага келсек, ажарлуу айым Айчүрөк Борукееванын 1 саат 36 мүнөттүк тасмасынын жабык көрсөтүүсүнө жазуучу Роза Айтматова, Кыргыз Эл сүрөтчүсү Асан Турсункулов, Улуттук илимдер академиясынын Тарых, археология жана этнология Институтунун, археология бөлүмүнүн башчысы Кадича Ташбаева, Кыргыз Эл акыны Анатай Өмүрканов, драматург Бурул Калчабаева, Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун ректору, ырчы, обончу Түмөнбай Колдошов, президенттик аппаратынын мурдагы жетекчиси Досалы Эсеналиев, Бишкек шаардык кеңешинин “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын төрагасынын орун басары Жылдызбек Абдраимов, бир топ министрликтин жана Өкмөттүн өкүлдөрү жана чыгармачыл адамдар, журналисттер катышты.

Жабык көрсөтүүнүн алдында автор Айчүрөк Борукеева сахнага чыгып, сөзүн мыкты акын Шабдан Сулаймановдун атайын «Таш» фильмине жазылган ыры менен баштады:

Адашуудан жол табалбай, башың маң,

Акча жасап алтын тургай ташыңдан.

Ал таштардан кымбат эле, а бирок,

Ата наркы ташка чегип жазылган.

Эске келет бабалардын баяны,

Эсиргендин кесир болор аягы.

Сынап балким адамзатты жаткансыйт,

Сыйкыры күч сырдуу таштар баягы.

Автор фильмдин ичинде бир топ нерсе камтылганы менен, башкы объект — үч уникалдуу таш: 1) тарыхтын табериги, бабалардын ташка чегип калтырган аманаты; 2) кайып дүйнөнүн сырлары катылган ат туяктарынын изи түшкөн сырдуу таш; 3) учуучу тарелка формасында, боз үйгө окшош зор көлөмдүү таштар болгонун айтып, Кыргызстандагы, бут алдыбыздагы бир да тоголок таш сыртка чыкпашы, сатылбашы керектигин баса белгиледи. Ошондой эле ал тасма тарбиялык агартуу максатта тартылганын, учурда тасма эл аралык фестивалга даярдалып жаткандыктан жабык көрсөтүлүп жатканын түшүндүрүп, фестивалдан келгенден кийин коомчулукка ачык тартууларын, азырынча таштарды гана тема кылып турууну айтты.

Кинонун сценарийин жазып жатканда башкы каарманды белгилүү актер Уланбек Султангазиевдин аткарып жатканын көз алдына элестетип жазылганын айтты. Жаңылбаптыр! Коррупционердин ролун Уланбек мырза мыкты аткарыптыр.

Акжолтой ити да ролун мыкты аткарыптыр. Абдан акылдуу ит экен. Итти багуу, аны киного тартуу да азаптын азабы да. Бул жагынан да Айчүрөккө кол чапса болот. Кыскасы, ары сырдуу, ары табышмактуу таштарды киного айлантып салган кенедей кыздын талантына айран таң калып, баа берип отурабыз!

Белгилүү драматург эжебиз Бурул Калчабаева айткандай, «Оттук таштай от таштап койду жүрөккө… Жабык көрсөтүү болсо да, эч ким эч нерсе айтпаса да көргөндөр жылуулук, мекендин сулуулугун, тоолорунун бийиктигин, сууларынын тунуктугун, таштардын табышмагын ала кетти».

Ал эми аксакал журналист Жаналы Нурманбетов агабыз: «Айчүрөк Борукеева кызыбыздын терең философиялуу, көп кырдуу «Таш» көркөм фильминин жабык көрсөтүүсүнөн бери бассам-турсам да ой-санаада ошол кино: сырдуу таштар, дулдул аттар, пери кыздар, кайып үндөр, арам-адал, ачкөз-топук, бузулган коом, табият жазасы, үмүттүү келечек..» деп жазгандай, ошондон бери тасманын таасиринен чыга албай келатабыз…

Айчүрөк БОРУКЕЕВА: «Президентибиз колдоого алат деп ниет кылам»

Табышмактуу таштарды тасмадан көрүп, ал жерди барып көргүбүз келип калды. Айчүрөктөн айтымында, кинонун сценарийи 2013-жылы жазылган. Сыйкырдуу ташты 4 жыл кайтарышкан. Тартуу процессинин алдында Кореяга жүктөп кеткени жаткан корейди УКМК билерин, депортация болуп кетет деп кара күчкө салып коркутуп ташты алып калгандарын, аларды түшүнүп, моралдык колдоо кылган УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиевге ыраазычылык билдирди.

«Таштар мамлекетке кызмат кылуусу керек. Корукка алынып керемет бир туристтик ажайып жайга айлантууну өкмөт өз колуна алса дейм. Табылга же тарыхый байлык гана эмес бул таштар өлкөнүн экономикасынын келечектүү багыттарынын бири туризмдин өнүгүшү үчүн да буйруса өтө чоң потенциал. Ошол эле учурда окумуштуу, тарыхчы, археолог, геологдордун изилдөө иштерине тартылышы менен бир топ сырлар ачыкталып, тарых үчүн да болочок үчүн да жакшы иштер жасалатпы деген үмүттөмүн. Кудай кааласа президетибиз Садыр Жапаров да колдоого алат деп ниет кылам»,- дейт кесиптешибиз.

«Ыр мени тапты деп ойлойм»

2021-жылдын 25-апрелинде акын, котормочу, журналист жолдошум Эрнис АСЕК уулунун (1970-2020) эскерүү кечесин өткөргөм. «Поэзия кечесинин ордуна эскерүү кечеси өткөнү жатат» деп кейип, ыйлап отурганымда, эстүү, акылдуу, боорукер, жароокер кесиптешим Айчүрөк чалып калды, «эмне жардам керек?» деп. «Өзүнүн жазган программасына бир аз кошумча киргизип, апамдын, бир туугандарымдын жардамы менен аманатын ишке ашырганы турам. Кимдер ыр окуй турганын фамилияларын сурап калганым жакшы болуптур. Алардын арасында ыраматылык Чубак ажы дагы бар эле. Ким ойлоптур экөө бир жылда кетет деп..» деп үнүм каргылданганда, «Кел, ошол ырды мен окуп берейин» деп кубантты эле. «Эсимде жок, бирок, ушул эле ыр болуш керек» деп болжолдоп, Эрнистин «Эки гана сүрөт» деген ырын Вотсабына салсам, «Өтө таңгалычтуу, менин бир тасмам тууралуу долбоорум бар. Ал сыйкырдуу таштар тууралуу… Демек, бул ыр мени тапты деп ойлойм» деп жазды. Сахнада ушул ырды көркөм окуп берген:

Эки гана сүрөт

Чарчап бүтүп «чарк» айланган мүнөттөн,

Чалкып жаткан сайды көрдүм сүрөттөн.

Тоолор да жок, асман да жок, күн да жок…

Тоголонуп кетти бир ыр жүрөктөн.

 

«Сакта!» деди. «Сакта!» деди… «Ак жакшы!» —

Сансыз таштын сайдагы бир ак ташы.

Көрсө дүйнө көз ирмемден куралган –

Көөдөн тешкен апакемдин көз жашы…

 

Түн жамынып бир жолоочу жол менен,

Түбөлүккө из калтырат «Бол!» деген.

Карап турдум, карап турдум кадалып,

«Мына чындык» деген гана ой менен.

 

Жолоочуга жомок айтып барат жол,

Жомогуна асмандан ай сунат кол…

Мекен болгон мейкинине жашоонун

Мен жашаган ушул дүйнө аман бол!

 

Анан билдим арсыз дилдин дарегин,

Алсыз оюм болгон экен алегим.

Дүрсүлдөгөн жүрөк болуп сүрөттөр,

Дүйнө болуп катып турду карегим…

Эрнис АСЕК уулу

Ташың өйдө кулап, итиң чөп жесин!

Өзүм эскерүү деп жүрүп, ал долбоору тууралуу казып деле сураган эмесмин. Бирок ал таштар тууралуу тасма тартарын уккам. Ошентип, 3 жылдан ашкандан кийин, андагы долбоорунун бири – «Таш» тасмасын көрүп отурам. Мыкты тасма болуптур.

«Таш» тасмасы менен Эл аралык фестивалга катышам деп тилек кылып турган, канча деген мээнет менен кымбат кино тарткан кесиптешибиз Айчүрөк Борукеевага ийгилик каалайбыз! Ылайым кесиптешибиздин ташы өйдө кулап, ити чөп жесин!

Назира СААЛИЕВА

P.S. 25-сентябрда Кыргыз Эл сүрөтчүсү Асан Турсункулов менен Улуттук илимдер академиясынын Тарых, археология жана этнология Институтунун, археология бөлүмүнүн башчысы Кадича Ташбаеванын тасма жана табышмактуу таш тууралуу пикирин окуй аласыздар!

 

One thought on “Айчүрөк Борукееванын «Ташы». «Эки гана сүрөт»

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.