Шабдан СУЛАЙМАНОВ: “Даос достон көптү үйрөндүм, көптү билдим» (АРХИВ)

Шабдан СУЛАЙМАНОВ: “Даос достон көптү үйрөндүм, көптү билдим» (АРХИВ)

Эсен болуп, эстей жүр!

“Артыңда эстей жүргөн кишиң болсун, эскерип жүрөр ишиң болсун” дегендей, мыкты котормочу, акын, журналист жолдошум Эрнис АСЕК уулун (1970-2020) эмгеги менен эстеген, эскерген жакшы адамдар оголе көп экендиги кубантат. Көзү өткөндөн бери өзү да, сөзү да, эмгеги да эскерилүүдө… Кечээ да — туулган күнүндө эскердик… дагы деле эскере бермекчибиз. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, эскерүүлөр өтө көп… Бир жума берели дедик… Эскерүүлөр алгач өзү “Алакан” деп атаган сайтыбызга жарыяланып, кийин китептен орун алмакчы. Жолдошумдун кол жазмалары, эсселери, аңгемелери, котормолору, эскерүүлөрү, бүтпөй калган чыгармалары китепке даярдалууда…

Китепке деп сактап койгон эскерүүлөрдү да четинен берип турууну чечтик. «Агым» гезитинде чогуу иштеген Эрнистин курсташы, студент кездеги досу, мыкты акын Шабдан Сулаймановдун 2020-жылдагы эскерүүсү алдыңыздарда…

Ыйга айланган өмүр

“Эрнис Асек уулу каза болду” деген суук кабарды “Фейсбуктан” окудум. Ишенбей, Касаболотов Жыргалбек доско чалсам, ал чын деди. Демим буулуп, көзүмдөн жаш айланып жаман болгом… Ажалга айла жок экен, ошентип, кетип калбадыбы, кайран Даос дос… Даос достон көптү үйрөндүм, көптү билдим. Досум да, окутуучум да болду. Абдан мыкты жигит эле… Дагы канча айта турганы, дагы канча жаза турганы бар эле, айтылбай, жазылбай кетти…Баары көөнүндө, жүрөгүндө кетти… Ошол өксүк болду…

Ал эми “Агымга” келгенимди айтсам, башында «Асаба», кийин «Агым» деп чыккан ал гезит көп жыл Кыргызстандагы номер биринчи гезит болду.

Даңазалуу ал  рейтингге ага-ини Мелис, Эрнис Эшимкановдордун тубаса таланты, өзгөчөлүү журналистикалык жөндөмдөрү, окурман табитин таразалай билген көрөгөчтүктөрү себепкер болгонун эч кимибиз тана албайбыз. Мейли макала, мейли ыр болсун, гезитке мыкты жазылганын гана чыгарышчу. Ал жерде тууганчылык, досчулук деген түшүнүк жок болчу…

Мени Мелис байке “акын бала” деп койчу. Бир топ ырларымды чыгарды. Кийин өз кабарчы катары макалаларды жазып жүрдүм. Ачык айтсам, айлыкка деле кызыккан жокмун, өзүмдү кара сөз жаатында өстүргүм келди. Мелис байкенин “тилиң жакшы экен” деген сөзү эле мага чоң демөөр болгон эле.
Ал эми Эрнис менен курсташ катары, дос катары абдан жакшы мамиледе жүрдүм. Далай жолу мен анын үйүндө же ал менин үйүмдө конок болгон учурларыбыз көп болду. Быйыл Таласка чакырсамбы деп жүрдүм эле, тилекке каршы, көзү өтүп кетти. Тирүүчүлүктө телефон, интернет аркылуу да эч сүйлөшө албай калдым. Мен жаздым, бирок ал эмнегедир жооп жазбады. Балким колу бошобой жаткандыр, бир күнү жазар деп көп деле элес албадым эле…

Шабдан СУЛАЙМАНОВ (2020-жыл)

Сыр сандыкты ачканда…

Жолдошумдун сары чемоданы бар эле. Ошону каза болгондон кийин ачтым… тээ бала кезден берки окуяларды жазыптыр. Студент кездеги достору Шабдан, Жыргалбек экөө тууралуу көп жазылыптыр, ырлары сакталыптыр. Шабдандын бала кезинде жазган ырлары бар экен.

Эрнис менин төркүнүмө — Таласка баратканда «Шабданга кайрыла кетели» деген эле… Көрсө, Шабдан да чакырсам деген ойдо болгон турбайбы…

«Шабдандын ырлары мыкты, макаланы да жакшы жазат» деп мактачу… Студент кезде Жыргалбек үчөө дос болгон айтып, «мыкты акындар» деп калчу… Калганын китептен окуйсуздар. Азырынча ушундай… Кыскасы, сары чемоданындагы кол жазмаларынан бир топ адамдардын чыныгы жүзүн окудум… Эрнис энциклопедия болуптур, баарын убакыт, саатына чейин жазыптыр…

Назира СААЛИЕВА

P.S. Мыкты журналист, котормочу, акын Жыргалбек Касаболотовдун эскерүүсү бу ШИЛТЕМЕде.

2 thoughts on “Шабдан СУЛАЙМАНОВ: “Даос достон көптү үйрөндүм, көптү билдим» (АРХИВ)

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.