Бурмакан САТЫБАЛДИЕВА: “Эрнистин “Каалгасы” поэзиянын сыйкырлуу дүйнөсүнө жетелейт”

Бурмакан САТЫБАЛДИЕВА: “Эрнистин “Каалгасы” поэзиянын сыйкырлуу дүйнөсүнө жетелейт”

Китеп жазылууда…

“Артыңда эстей жүргөн кишиң болсун, эскерип жүрөр ишиң болсун” дегендей, мыкты котормочу, акын, журналист жолдошум Эрнис АСЕК уулун (1970-2020) эмгеги менен эстеген, эскерген жакшы адамдар оголе көп экендиги кубантат. Көзү өткөндөн бери өзү да, сөзү да, эмгеги да эскерилүүдө… Кечээ да — туулган күнүндө эскердик… дагы деле эскере бермекчибиз. Бир жума эскерели дедик… Эскерүүлөр алгач өзү “Алакан” деп атаган сайтыбызга жарыяланып, кийин китептен орун алмакчы.

Жолдошумдун кол жазмалары, эсселери, аңгемелери, котормолору, эскерүүлөрү, бүтпөй калган чыгармалары китепке даярдалууда…Китепке деп сактап койгон эскерүүлөрдү да четинен берип турууну чечтик. 

“Эрнистин башка акындардан айырмаланган өзгөчө стили бар экен”

Буга чейин мыкты акын Шабдан Сулаймановдун эскерүүсүн берсек, азыр “Тайлак баатыр мурасы” коомдук бирикмесинин төрайымы, тарыхый инсан Тайлак баатырдын кыбырасы Бурмакан Сатыбалдиева эжебиздин Эрнистин «Каалгасы» тууралуу жазганын беребиз.

Эрнис АСЕК уулу деген ысым 95-жылдан бери тааныш. Ырас, анын гезиттерге жарыяланган макалаларына көз сыдыртып жүргөн менен өз абийириме камчы чаппайын, анда-санда колго тийип калган ырларын окусам да, чынында жеңилдин асты, оордун үстү болгондой адатта жүрө салды карап, анча назар салбаптырмын.

2022-жылы жайында капысынан белгилүү журналист, акын, котормочу Алтынай Темировага Бишкек шаарындагы парктардын биринен жолугуп калдым. Бирөө менен сүйлөшүп скамейкада отурган экен. Учурашып калсам, “Акын Эрнис Асек уулунун жубайы — Назира” деп тааныштырды. Кайын агасы, айтылуу Мелис Эшимкановдун мага кылган жакшылыгын айтып, ал боюнча эскерүү жазып береримди айттым.

Кетээрде Назирадан жолдошунун “Каалга” китебин белекке алдым. Окудум. Китептен Эрнистин поэзия Каалгасынын айдыңы, экинчи өмүрүнүн Каалгасы ачылганын байкадым.

Баса белгилей кетчү нерсе, Эрнистин башка акындардан айырмаланган өзгөчө стили бар экенин, анын ырларын жөн салды окууга болбой турганын андадым. Акындын ырлары дүйнөлүк поэзия менен тааныштыгы бар, атайын даярдыгы бар окурманды тандайт.

Окурман акынды эмес, акын ой чабыты кенен, дүйнө таанымы терең окурманды көздөп багыттап жазган ыр саптары, кайталангыс табити, поэзиянын сиз сезе элек, мен сезбеген сыйкырлуу дүйнөсүнө жетелейт.

 

Эрнистин ыр саптары адаттагы салттуу ыр саптарына төңкөрүш жасаган, өзгөчө нуктагы жаңырган поэзия. Кыска сапка кыстарылган терең нуска сөздүү ырларында ой тыянак чыгаруунун устаты болуп калганын моюндагысы келбей кайра-кайра түйшөлө бергени, акындык туюмдун жеткен чеги, жоопкерчилиги жан дүйнөсүн кыйнаганы жаңы бийиктиктерди багындырганы.

Суу ичип жаңы, жаңы булактардан, Эс алуу ырахатын билбейт жаны” деген ыр саптарындай окурманга адаттан тышкары жаңы туюм, жаңы сезимди тартуулаган, жүрөккө жеткен позитивдүү ойлор менен сугарып ырахат тартуулаганын сезе албай кетти акын. Мындан башкача болууга мүмкүн эмес. А бирок, өмүр тагдырдын мотивизациясынан жаралган ыр саптары камтылган чыгармаларынын – мына ушинтип убакыт-сааты келгенде жарк этип экинчи өмүрүнүн Каалгасы ачылып, түбөлүктүү жашаарын билген жок да. Мындай акындык тагдыр Эрнис иниме буюрган экен. “Каалгасынын” өмүрү узун болсун!

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.