ВИДЕО — Сардарбек НУРКАШОВ: «Ырларыңыз мурас болуп калды бизге…»

ВИДЕО — Сардарбек НУРКАШОВ: «Ырларыңыз мурас болуп калды бизге…»

Жолдошумдун кол жазмалары, эсселери, аңгемелери, котормолору, эскерүүлөрү, бүтпөй калган чыгармалары китепке даярдалууда…Китепке деп сактап койгон эскерүүлөрдү да четинен берип турууну чечтик. Китепке кирген ырлардын бири — Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинде окуп жаткан студент, жаш акын Сардарбек Нуркашовдун эскерүү ыры.

Эрнис агайды эскерүү!

Турмушунда жазып ырдын далайын,
Болушунча издеп, аны табайын..
Назирам деп ырдап калчу кыңылдап,
Обончу болгон Бектурганов Таалайдын!
Сапарынын жүрүшүндө баары болду,
Ысыгына чыдап, суугуна катуу тоңду!
Чарчадым деп бир ооз кебин айтпай,
Өкүнгөн жок, тандаганга ушул жолду..
Котормолор калып өз ордунда,
Карабастан өзүңдү оорудуң да..
Кыйылган бакка окшоп кулап кеттиң,
Кырк тогуз жыл өмүрүңдүн соңунда!

«Периштең», «Кичине» , «Жин кылымда»,
Пейилиңди айтыпсыз ар ырыңда..

«…кулаар», «Арал», «Жаңырык» ырлар кошо,
Кете берди өзүң менен жан сырыңда.

«Сагындым», «Жаш сыгат» тизмектелип,
Кеңеш эмес, өлүм менен бир бет келип..

«Сен», «Асманда жана көөдөндө» ырлары,
Турат эми калайык калкка демин берип..

«Мастер менен Маргарита» романы которулду,
Караган жок бийлик же Коконуңду?
Өзү менен өзү болуп бир гана,
Билип турду ким баатыр, ким коркогуңду?
Керемет саптар кетти өзүң менен,
Чырактай күйүп-өчтү өмүр деген..
Адамзат алсыз пенде турбайбы,
Ажалга эч алы-күчү жетпеген..
Аскасы бийик, көктөмдө тоосу бар,
Асек уулу Эрнис болчу тоо сыңар.
Ата-энеси, агасы кеткен дүйнөгө,
Ардактуу агам Эрнис да барып кошулар..
Күз кетип, ызгаардуу кыш болгондо,
Көктө жайнап, жылдыздар толгондо..
Январдын жыйырма тогузу келип,
Ыйладык биз сизди алдырып койгонго..
Кош болуңуз, бейиштик кайран агам,
Котормочу, агайым, журналист асыл абам.
Ырларыңыз мурас болуп калды бизге,
Чыгармаңызды окуп туруп, элесиңизди табам!

Сардарбек НУРКАШОВ (27.04.22)

ВИДЕО

Ыры төгүлүп турган иним тууралуу…

 

Сардарбек иним менен «Одноклассниктен» былтыр, 27-апрелде таанышкам. Көңүл айтып, өзүн учкай тааныштырып жазыптыр эле…

«Назира эже, Эрнис агайдын арты кайырлуу болсун. Агайдын өтүп кеткенин укканда аябай ыйладым… анан ушул ырды жазгам:

Эскеребиз Эрнис агай сизди арман менен,
Топуракка көмүлгөн ал кайран денең.
Калтырып жер алдына жапкан жүзүн,
Бул дүйнө чындап эле жалган белең?

Сиздин «Жамандын жары болгончо, жакшынын жесири болгон жакшы» аталышта Эрнис агайды эскерип жазганыңызды окуп, жүрөгүм ооруду, сизди аядым, эжеке. Анткени жакын адамды жоготуу аябай эле оор… Кыркылыгынан кийин жазыпсыз… Жан дүйнөм ыйлады.. Эрнис байкени жакындан тааныбасам да, тааныш адамымдай жоктодум. Мыкты котормочу, акын, журналист катары сыртынан таанычумун.. Сизди да мыкты журналист катары сыртыңыздан тааныйм. Мен дагы акын, дастанчы, тарыхчы, манасчы, журналист жигитмин да. Ошондуктан поэзияны да, журналистиканы да жакшы түшүнөм, эжеке! Новосибирск шаарында эки жарым жыл, Москвада жарым жыл жашап келдим. Азыр Кыргызстанда жүрөм. Нарын облусундагы Кочкор районунун Ормон Хан айылында жашайм. Орозо бүтсө Бишкекке барам. Ошондо сизге жолугуп, Эрнис агай менен Мелис агайдын китептеринен алайын ээ, эжеке! Бир туугандар аз жашаганы менен көп иш жасап, тарыхка аттарын жазып кетишти!»,- деп жазыптыр. Ушунчалык жүрөгүм жылыды…

Бишкекке келгенде чалды. Жолугушууга Асел жеңем экөөбүз барып, жолдошторубуздун китептерин белек кылдык. Ошондон бери жакшы тааныштардан болуп калдык. Бул инимден ыр төгүлүп турат экен, ар бир майрамда ыр менен каалоо-тилек жазып, салып турат. Чыгармачыл адамдарды сыйлайм жана баалайм. Сардарбек иним, бекем ден соолукта болуп, окууңду ийгиликтүү аяктап, каалаган кесибиңе ээ бол! Барга көппө, жокко чөкпө! Бар бол!

Баса, Сардарбек ушул жылы: «Эжеке, Эрнис агай тууралуу эскерүү жазып берейинби?» деп калды. Эрнистин ырларына катуу таасирленген го деп макул болдум. Жазды… Эми аны китептен окуйсуздар!

Назира СААЛИЕВА

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.