ВИДЕО — Акын Мадина Тураева Меңди Мамазированын «кызы» беле?..

ВИДЕО — Акын Мадина Тураева Меңди Мамазированын «кызы» беле?..

Сөз башында айтарыбыз, биздин кыргыз адабиятыбыздын айдыңында аялдар поэзиясы деген акындык да, аялдык да жүрөктөрү өзгөчө бир тарам бар. Бир колу менен бешик, бир колу менен ааламды терметкен бул асылзат акын айымдардын өкүлү Мадина Тураева азыр саламаттыгына байланыштуу талант баалаган элдин жардамына муктаж болуп турган кези. Ошол максатта кечээ, 6-апрелде, Бишкектеги «Сейтек» балдар борборунда  Кыргыз эл артисти Каныкей Эралиева баш болуп уюштурган чыгармачыл топтун кайрымдуулук концерти болуп өттү.

Концертте “Жүрөгүмө өзүң гана чак келдиң”, “Махабат балладасы” аттуу эки ыр китеби жарык көргөн жана бир топ обондуу ырлардын автору, акын Мадина Тураеванын ырлары окулуп, обондуу ырлары ырдалды. 3 саатка созулган концертке улуу-кичүү мыкты эл ырчылары Каныкей Эралиева, Султан Каримов, Шахрезада Аскарова, Рая Нургазиева, Жайнагүл Калчаева жана жаш ырчылар ырдашса, азганактай элдин катарында бир топ белгилүү адамдар, акын эжебизди жакшы билген санаалаш жакындары келип, сөз сүйлөштү.

Меңди Мамазаирова президенттен «акын кызына» үй сурады…

Акын эжебиздин адамдык да, акындык да тагдырына кайрылган сөздөр айтылды. Кыргыз эл акыны Меңди Мамазирова «үркөрдөй үч киши калдыкпы?» деп өзү айткандай,  концерттин аягына чейин отуруп, аягында сахнага чыгып, жардамга муктаж акындын бейнесин ачып берди.

Акын эжебиздин ата-энесин да жакшы тааныган Меңди эже айтымында, алардын үйүн кайсы бир жексур шылуундар алдамчылык жолу менен тартып алышканда балдары батирлеп, турмуштун башка да өйдө-ылдыйын көрүп, баштарынан оор тагдырды өткөрүшкөн экен. Мадина Тураеваны кенедейинен жакшы билип,  кызындай көрөрүн айтты. Анын турмуштан да жолу болбой, анын үйүндө далай баш калкалап, ийнине баш коюп кеп-кеңешин угуптур… акыры ошол кошул-ташыл катаал тагдыр минтип жүрөк оорусуна алып келиптир… Турмушу ойдогудай болсо, «Өрүкзарга кетели» сындуу дагы мыкты ырларды жазмак деп кейип, президентке бир бөлмөлүү үй берип коюшун суранып, президенттик аппараттан келген өкүлгө президентке үнүн жеткирип коюуну өтүндү.

Мадина ТУРАЕВА: «АПАМА»

Меңди эженин сөзүнөн кийин акын Мадина Тураева тууралуу даярдалган тасма көрсөтүлдү. Ал тасма филология илимдеринин кандидаты, адабиятчы Гүлзада Станалиева окуган акындын «Апама» аттуу ыры менен башталды:

Азыркы президентти колдогон күндөр…

Айтмакчы, «Жер жарылса, акындын жүрөгүнөн өтөт» дегендей, Мадина Тураева өлкө башынан өткөргөн  дээрлик бардык революцияда эл катарында болуп, активдүү катышкан күндөрү көрсөтүлдү. Бир кезде камакта жаткан азыркы президент Садыр Жапаровду да колдоп чыгып, ага арнап ыр да жазган экен:

Акынды кубанткан «КААЛГА»…

Көпчүлүк көрөрмандар катарында алтын апам менен кайрымдуулук концертине барып,  акын эжебиз менен амандашып, жакындан тааныштык. Эже концертке келгени менен, отуруп-турганда, сүйлөгөндө ынтыгып оор дем алып жатты. Албетте, бир клапаны гана иштеп турган жүрөк кыйнап турганы байкалды. Ошентсе да, кайратын жыйып келип отурганы кубантты. Акырын жылмайып, кайрымдуу элибизден болуп жаткан бардык жардамдарга ыраазычылыгын айтты.

Журналист, котормочу, акын жолдошум Эрнис АСЕК уулунун (1970-2020) «КААЛГАсын» концерттин аягында эжеге белек кылдым. Мени бекем кучактап, бетимден өөп, «Жолугабыз ээ, бул китеп боюнча, жолдошуң тууралуу сүйлөшөбүз ээ» деп жетине албай кубанып, жакшы сөздөрүн айтып жатты… А биз өз кезегинде эженин жүрөгүнүн бардык клапандары толук кандуу ишин аткарып, саламаттыгы жакшы болуп кетишин тилек кылган элдин катарында ошо жолугушчу күндөр алыс эмес деген ишеним менен үйгө кайттык.

Ушул «КААЛГАдагы» жолдошумдун үч ырына Кыргыз эл артисти Атайбек Бөдөшов агабыз обон чыгарып, былтыр кайын агам Мелис Эшимкановдун (1962-2011) эскерүү кечесинде Каныкей Эралиева эжем бир ырынын бет ачарын кылып, «Сүйүү мунары» аттуу ырын ырдап берди эле…

Мыкты композитор Атайбек агабыз акын Мадина эжебиздин эки ырына да обон чыгарган экен. Анын бири «Сагыныч жазын» Каныкей эже созолонтуп ырдап берди:

Кээде сөз башка, иш башка турбайбы…

«Мадинаны ооруп жатканда дары-дармек алып көргөнү барсам, «ушинтип калбадымбы» деп ыйлаганда, жүрөгүм ооруп, «Баары жакшы болот. Кайрымдуулук концертин өткөрөбүз. Кыргыз элим колдоп берет. Саламаттыгың жакшырат, үйлүү да болосуң» деп Каныкей эжем айткандай, чыгармачыл адамдар, чыгармачылыктан алыс, бирок талант сыйлаган адамдар колдоп, батасын беришти. Кайрымдуулук концертине келе албай калгандар акча которушту. Дароо реакция кылып, колдоо көрсөткөн, талантты баалаган жакшы адамдарга ыраазычылык билдиребиз. «Колдойбуз, барабыз» дегендер да болду. Бирок алардын баарын эле концерттен көрө албадык. Балким, зарыл иштери чыкккандыр, башка себептери бардыр. Анткен менен, мындай учурда жакшы сөз менен жакшы мамиле, көңүл да абдан маанилүү. Социалдык тармакта жазылгандарды окуп, маанай башкача болот го дедик эле, элдин аз келгени өкүндүрдү. Ушундай адамды колдоп, зал толуп берсе кандай сонун болмок…

Эмне дейбиз, акындын эл жүрөгүнөн түнөк тапкан «Өрүкзарга кетели» ыры менен аяктаган кайрымдуулук концертиндеги бардык каалоо-тилектер кабыл болсун! Алдыдагы операциясы ийгиликтүү өтсүн. Президент Садыр Жапаровго акындын үнү жетип, үйлүү болуп калышын да Кудайдан тилейбиз! Ыйык Рамазан айында жардамга муктаж акынды колдоп, кайрымдуулук концертин уюштуруп соопчулук кылган Каныкей Эралиева эжем баштаган бардык уюштуруучуларга жана колдоп келип берген бардык жакшы адамдарга алкыш! Бар болуңуздар, жакшылар, асылдар!

Назира СААЛИЕВА

P.S. Акын Мадина Тураеванын ырларын жакында окуй аласыздар!

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.