Руслан ЖАКЫШОВ: «Жаратылыш менен кошо жан дүйнөлөр да жаңырсын!»

Руслан ЖАКЫШОВ: «Жаратылыш менен кошо жан дүйнөлөр да жаңырсын!»

Быйылкы Орозо айындагы Айт майрамы 10-апрелге туш келди. Орозо айт намазы коопсуздуктан улам мечиттерде окулду. Мамлекет башчысы Садыр Жапаров айт намазын Бишкектеги Имам Сарахси атындагы борбордук мечитте окуду.

Бир топ депутаттар да айт намазын мечиттерде окуп, кыргыз элин куттуктады. Алардын бири — Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Жакышов. Эл өкүлүнүн куттуктоосу төмөндө:

Урматтуу мекендештер!
Сиздерди Орозо айт майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм! Айтыңыздар маарек болсун!
Мусулман коомчулугуна таандык маанилүү майрамдардын бири саналган Орозо айт майрамы быйыл жаркыраган жаз күнүнө туш келди. Андыктан, кармаган орозобуз кабыл болуп, жаратылыш менен кошо жан дүйнөлөр да жаңырсын! Отуз күн бою айтылган тилектер орундалып, жергебизде тынчтык, элибизде ынтымак болсун!
Айдаган аштыгыбыз өнүп, талаалар гүлгө айлансын. Кампалар данга, дасторкондор нанга толуп, кайрымдуу элдин катары көбөйсүн! Анткени, Ислам дини берешендик менен кайрымдуулуктун дини. Аталардын жолун улап, бири-бирибизге жөлөк бололу!

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

P.S. Эске сала кетсек, 2020-жылы коронавирустун айынан намаз мечиттерде окулган.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.