«Өрүкзарга кетели» ырдын автору, акын Мадина Тураева оор абалда… Жардам кылалы, туугандар!

«Өрүкзарга кетели» ырдын автору, акын Мадина Тураева оор абалда… Жардам кылалы, туугандар!

Жардам кылалы, туугандар!

Аксы районунун Кербен айылында (1962-жылы 4-июнда) туулган, Ленинграддагы Политехникалык институттан билим алган, Ош шаарында өткөн Кыргызстан жана Өзбекстан жаш акындар фестивалынын лауреаты, “Жүрөгүмө өзүң гана чак келдиң”, “Махабат балладасы” аттуу китептердин автору, акын Мадина Тураеванын саламаттыгы жакшы болбой, операция жасатуу зарыл болуп турган кези. Бул тууралуу Кыргыз эл артисти Каныкей Эралиева билдирди. Ырчы эжебиздин айтымында, сүрөткер акындын жүрөгүнүн бир эле клапаны иштеп, акыбалы оор. Андан дагы ата-энесинин үйүн бир учурда шылуундарга алдатып алдырып коюп, азыр батирлеп жашап келет. Ошондон улам жүрөк оорусу күчөп, кайрымдуу, боорукер элибиздин жардамына муктаж болуп отурат. Акынды колдоп, саламаттыгын жакшыртып алганга жардам кылалы деген ниетте бир топ ырчылар Бишкектеги «Сейтек» борборунда 6-апрелде кайрымдуулук концертин өткөргөнү турушат. Билет баасы — болгону 300 сом. Улуу Рамазан айында соопчулук кылалы!

Бир кезде азыркы президентти колдоп чыккан…

«ӨРҮКЗАРГА КЕТЕЛИ»

МУКТАЖ АДАМДЫ КЫЙЫНЧЫЛЫККА КАЛТЫРБАГАН БООРУКЕР, КАЙРЫМДУУ КЫРГЫЗ ЭЛИМ, жүрөктү тыңшап, акыл калчап, колдон келген жардамыбызды аябайлы. Билет сатып алыңыздар. Болгону — 300 сом. Алла ыраазычылыгы үчүн өз алдынча жардам беребиз деген адамдар чыкса, андан да жакшы… 

Кайрымдуулук концертин унутпаңыздар, «Сейтек» балдар борбору, 6-апрель, 18.00

Билет боюнча ушул номурларга кайрылыныздар: (0550) 15-01-29, (0706) 80-20-53 (Мадина эженин уулу Жумабай)

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.