Кайран гана, кыргыз тилибиз! Президент. Айтматов, Каралаев, Жигитов, Сарногоев…

Кайран гана, кыргыз тилибиз! Президент. Айтматов, Каралаев, Жигитов, Сарногоев…

34 жылдан бери эне тилибиз өнүгө элек

Жыл сайын эле «мамлекеттик тил боюнча мыйзамыбыздын иштеп жатканына мынча жыл болду» деп санап келебиз. 34 жылдан бери, дагы деле эне тилибиз өнүгө элек. Дагы деле орус тилине басым көп жасалып келет. Мамлекеттик иш кагаздары, жыйналыш, пресс-конференция, пресс-релиздер — бардыгы орус тилинде…  Мекемелердин жетекчилери даталуу күндө эле эне тилибизге күйүмүш болуп катуу сүйлөйт, а иш жүзүндө эч нерсе жок. Кайран гана, кыргыз тилибиз! Коңшу мамлекет Казакстандан озунуп 1989-жылдын 23-сентябрында улуттук тилибизге мамлекеттик тил макамын ыйгардык, бирок иш жүзүндө алардан артта калдык. Бул ачуу чындык, бул факт! Бул расмий маалымат эмес, өзүбүз дайыма күбө болуп келген турмуштук фактылар.

Сүрөттө: Бүасыл эжебиз менен Жакшылык атабыз

Биздин атабыздын бир тууганы Бүасыл эжебизди Баян чоң энебизден кайын эжеси Казакстандагы Көкдөнен айылына 3 жашында алып кетип, багып, ошол жактан турмушка узаткан. Мени баккан чоң апамды ээрчип Казакстанга канча бардым… СССР убагынан бери эле алардын бир дагы жолу орус тилинде сүйлөгөндөрүн байкаган жокмун.

Бүасыл эжебиз 2021-жылдын 17-июнунда өтүп кетип, куураган коронавирус чектөөлөрүнөн улам убагында баралбай калып, 2022-жылы 16-июнда (27 жыл мурун ушул күнү алтын атабыздан ажыраган элек) барып бата кылып келдик. Ошондо да казак тилинин өсүп-өнүп, байыганын байкап, баа бердим, намыстандым.

Биздин Чүй облусубуз менен чектеш жердеги «Чалдыбар» көзөмөл-өткөрмө бекетинен тартып орусча сүйлөшкөндү мындай кой, “конечно, хорошо” ж.б. сөздөрдү кошуп кетмей жок экен аларда. Бардыгы казак тилинде, жадагалса башка улуттун өкүлдөрү да казак тилинде сүйлөп баратышты. Көрнөк-жарнактарынын баары казак тилинде бакырайып илинип турат. Чогуу бараткан Алмаз иниме суктанып айтсам, ал бир учурда Казакстанга барып-келип иштеп калганда, документтер казакча толтурулуп, башка улут өкүлдөрү ага жалдырап “эмне деп жазылган, которуп берип койчу, эмне деп жазышым керек” деп суранышканын айтып берди. Менимче, бул казактардын тил маселесинде мамлекеттик саясатты башынан туура баштаганынан болгон. Мурунку ажосу Нурсултан Назарбаевдин “Казак казак менен казакча сүйлөшөт” дегенди бакырайтып жаздырып илдирип койгону канча аңыз болуп айтылып жүрөт. Бул бир улуттун артыкчылыгын көтөрүү эмес, муундарда ажырым болбогудай улуттук аң-сезимди көтөрүү, сөздүн жакшы маанисинде улутчул болууга, улутун сүйүүгө, улуттук баалуулуктардын өмүрүн кемитпей түбөлүгүн сактоого болгон умтулуу деп ойлойм.
Бизде көрнөк-жарнагы, башкасы, аталышы болобу — орус тилине ылайыкташканы, ал эле эмес англис тилинде жазылганы басымдуу болуп баратат. Кыргызчасын эптеп, көрүнбөгөн жерине кыпчып, анда да ката менен жазып коюшат… Көчөлөргө илинген фамилиялар дагы ката…

Сүрөттө: легендага айланган атактуу актрисалар: Сабира Күмүшалиева, Бакен Кыдыкеева, Даркүл Күйүкова
«Азыр эми көчөлөр эсебинде,
Күйүкова дагы бар этегинде.
Ал көчөдөн мен күндө жумуштан соң,
Атайылап жөө басып кетем үйгө.
Анда Сайра, Сабира, Бакен, Даркүл,
Театр, драм жаатында өнөрү ар кыл.
Элес берсе төрт эне касиеттүү,
Элестелет көзүмө өткөн ай — жыл» деп Мундузбек Кунасов жазгандай, Бишкек шаарынын четинде жайгашкан «Көк-Жар» айылындагы көчөлөргө кыргыздын сыймыгы — Төкөлдөштүн төрт кызынын: Даркүл Күйүкова  (1919-1997), Бакен Кыдыкеева (1923-1993), Сабира Күмүшалиева (1917-2007), Сайра Кийизбаева (1917-1988) аты-жөнү катар менен берилген.
Айтылуу актриса Даркүл Күйүкованын фамилиясы «Даркүл Куюкова көчөсү» деп жазылган. Жумуштан кийин үйгө жөө басып баратып көп нерсени байкайм. Бу жакта бир дагы орус жашабайт. Ошентсе да дарбазанын сыртында: «Продаётся мёд. Продаётся молоко» деп жазылып турат. Балдары да орус тилинде мыкты сүйлөшөт. «Бакен Кыдыкеева деген ким болгон?» десең, «Я не знаю о чём вы говорите? Я не понимаю киргизский язык» дегенде, жан дүйнө титирейт!
Быйыл отпускада жайында туулган жерим Таласка барып калдым. Барган сайын кыргыз-улуттук «Манас Ордо» комплексине барабыз. Ал жерден жакшы да, жаман да көрүнүштү байкадым. Жакшысынан баштайын. Манас музейинен Кароол Чокуну көздөй көтөрүлө турган тепкичтен баштап кичинекей кооз таштар коюлуптур, анын ичинен алп манасчылардын манасы жанырат… Угуп кубанасың, тимеле!
Алдыбызда бир кичинекей (болжол менен 6 жашта) бала чоң атасы менен кетип бараткан. Ал таштын ичинде манасты угуп токтоп калып: «Дедушка, смотри, камни говорить… а разве камни могут говорить?» десе, чоң атасы «да, внук» деп орусча эптеп түшүндүрүп атат. Бирок, «ал деген алп манасчы Саякбай Каралаев манас айтып жатат» деген жок, башка эле бир нерселерди айтып койду, тобо! Эми эмне кылам дейм да орусча кыйналып, кыргыз болгондон кийин кыргыз тилинде эле түшүндүр да! Ушулардын баарын карап, бир жаралып келип кеткен акын, жазуучу, публицист, окумуштуу Салижан Жигитовдун сөздөрүн эстедим: «кыргызга орусча сүйлөбөсөң түшүнбөйт», «… артыбызда укмуш бир муун келатат: булар кыргызды бар кылат же жок кылат».

Нагыз келечек – назик балапан дүйнөдөн башталат

 

Бизде ушундай кейиштүү көрүнүш. А Казакстандачы? Казакстанда эки күн жүрдүк, эки күн кымындай баласынан улуу аксакалдарына чейин жалаң казакча сүйлөшкөнүнө гана күбө болдук. Кыздар-балдардын тааныса-тааныбаса да көчөдөн «салеметсизби» деп учурашкандары жүрөктү жылытты. 80 жаштагы Жакып атабыз менен кош колдоп учурашып кетип жатышты. Сынап ар нерсени орусча сурап койсок, казакча жооп берип жатышты. Казактардын эне тилинин баркын, баасын түшүрбөй суктангыдай көтөрүп алганына, албетте, элдин, анан мамлекеттин да салымы зор экени талашсыз кеп…

«Эне тилин үйрөнүү үйдөгү ата-эненин бала менен кыргыз тилинде баарлашуусунан, анан бала бакчадан, мектептен башталат» деп келечектеги муундан үмүт үзүп баратканда, президенттин Жарлыгы кубандырды.

Мыйзам (32-берене): мамлекеттик тилди билүүгө тийиш!

Быйыл жайында (17-июлда) президент Садыр Жапаров “Мамлекеттик тил жөнүндө” конституциялык мыйзамга кол койгон. Ага ылайык мамлекеттик мекемелерде иш кагаздар милдеттүү түрдө кыргыз тилинде жүргүзүлүүгө тийиш. Ошондой эле эл алдындагы расмий иш-чаралар дагы мамлекеттик тилде өткөрүлөт.

Мындан тышкары, шайлоо, референдумга даярдык, аны өткөрүү, соттук өндүрүштөр, сот жараяндары, куралдуу күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын иши кыргыз тилде болот. Эл аралык келишимдерди түзүү, ченемдик актыларды иштеп чыгуу, документтерди жүргүзүү, менчик жана мамлекеттик мекемелердин аталыштары, географиялык аталыштар, товардык белгилер, фирма, компаниялардын аталыштары да мамлекеттик тилде болушу кажет.

Мыйзамдын 32-беренесине ылайык мамлекеттик тилди билүүгө тийиш болгон, ошондой эле аны кызматтык милдеттерин аткарууда пайдаланууга милдеттүү кызматкерлердин тизмеси аныкталган. Ага депутаттар, Улуттук банктын, күч органдарынын кызматкерлери, соттор, прокурорлор, адвокаттар, нотариустар, билим берүү мекемелеринин кызматкерлери, дарыгерлер жана башкалар кирген.

«Биз мамлекеттик тилибизди кеңири жайылтышыбыз керек!»

Бүгүн президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды 23-сентябрь — Мамлекеттик тил күнү менен куттуктап, кыргыз тилин жайылтып, турмушка терең сиңирүү керектигин баса белгиледи:

— Урматтуу мекендештер! Кадырман калайык-журт!

Эне тилибиз мамлекеттик тил макамына ээ болгонуна 34 жылдын жүзү болду. Эгемен мамлекет куруунун ишенимдүү жана чечкиндүү кадамына пайдубал болуп берген тарыхый чечим кабыл алынган бул күн – биз үчүн өзгөчө майрам күн. Андыктан, жалпы кыргызстандыктарды Мамлекеттик тил күнү менен чын дилимден куттуктаймын.

Биз ата-бабаларыбыздан ажайып кооз кыргыз жергесин, кылымдарды карытып, тарых бүктөмдөрүндө калып калбай, элдүүлүктү сактап келген нарк-насилди жана “Манастай” теңдеши жок улуу дастанды жараткан кыргыз тилин аманат кылып, мураска алдык. Эне тилибиз биздин каны-жаныбызга эне сүтү, бешик ыры, энелердин жомогу, аталардын нуска кептери менен сиңип келген.

Мына ошондуктан залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматов: «Кылымдан кылым өтүп, кыргыз эли жер үстүндө жашап турса, кыргыз тили да жашай берет»,– деп таасын белгилеген.

Тилди сактоо ириде улутту сактоо деген түшүнүк менен тең карала турган омоктуу маселе экенин аңдап-түшүнүп, улуттук дөөлөт уюган эне тилибизди ыйык тутушубуз керек. Дегеле тил, дил, нарк-насил сыяктуу рухий дөөлөттөрүбүзгө сергек карап, олуттуу мамиле жасообуз зарыл!

Бүгүнкү күндө кыргыз тили чектелүү чөйрөдө: коомдук-саясий жана маданий тармактарда колдонулуп, билим, илим жана техника чөйрөсүнө сүңгүп кире албай келет. Биз мамлекеттик тилибизди кеңири жайылтып, аны андан ары өнүктүрүү үчүн кыргыз тилин мамлекеттик саясаттын негизги багыты катары кароо менен өлкөнүн расмий турмушуна терең сиңирүүбүз кажет.

Ушул жылдын 17-июлунда “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык мыйзамга кол койдум. Мыйзам мамлекеттик тилдин мындан аркы өсүп-өнүгүшүнө өбөлгө болот деген үмүтүм чоң. Бүгүнкү күндө мамлекеттик тилди окуп-үйрөнүү, колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү үчүн бардык зарыл шарттар түзүлүүдө.

Ошол эле маалда ар кандай документтерди башка тилде жазып, андан кийин гана кыргыз тилине которуу тажрыйбасынан арылышыбыз керек. Мамлекеттик тилдеги билим берүү тутумунун пайдубалынан бери кайра карап, кыргыз тилинде билим алып, оюн туюнтуп, кагазга түшүрө алган кызматкерлерди азыртадан өстүрүп чыгуубуз зарыл. Артыкчылыктуу илим тармактарында кыргыз тилдүү окумуштуу, изилдөөчүлөрдүн жаңы муунунун жаралышына тиешелүү шарттардын баарын түзүшүбүз абзел. Жалпы илимдин жана кыргыз тилинин илимий базасын байытуу дагы учурдун талабы болуп турат. Мына ушул сыяктуу иштиктүү аракеттерди жасап, натыйжалуу жыйынтык алганыбызда гана мамлекеттик тилибиз коомдун, административдик башкаруунун, билим берүүнүн, илим менен технологиянын, өндүрүш менен чарбанын, соода-сатыктын, маданият менен диндин, интеграциянын, этносторду бириктирүүнүн ишенимдүү кепилдигине айланат.

Урматтуу мекендештер!

Тил – өлкөнүн келечек тагдыры үчүн өзөктүү баалуулук. Ошондуктан мамлекеттик тилибизди тумарыбыздай тутуналы, үй-бүлөдөн баштап бардык коомдук-социалдык институттарга чейин мамлекеттик тилди колдонуунун, пайдалануунун маданиятын күн сайын, саат сайын өркүндөтөлү. Дагы бир жолу баарыңыздарды эне тилибиздин мамлекеттик тил макамына ээ болгон күнү менен куттуктаймын! Ата Мекенибиз өссүн, эне тилибиз өнүксүн!”.

«Кыргыз деп келгем дүйнөгө, кыргыз деп өтөм дүйнөдөн»

«Улутчул дешет билбеген,
Улутун кимдер сүйбөгөн…
Кызыл эт кезден торолтуп
Кыялым көккө күүлөгөн,
Кыргыз деп келгем дүйнөгө
Кыргыз деп өтөм дүйнөдөн.

Толкундап бийик үн менен
Топтошуп алып сүйлөгөн,
Токсон миң тоскоол болсо да
Топончо көрбөй үйлөгөн…
Достук деп келгем дүйнөгө
Достук деп өтөм дүйнөдөн»  деп Сарногоев Байдылда атабыз айтканды балдарыбыздын, өзүбүздүн жан дүйнөбүзгө, аң-сезимибизге сиңире алсак, ошондо улуттук тилибиз “муктаждык, зарылдык жаралса гана” үйрөнө турган эмес, “Кыргыз тилин билбесең иштей албайсың, жарандык алыш оңой эмес!” деген заманга жараша талабы бар КЕРЕМЕТ, КУБАТТУУ ТИЛГЕ АЙЛАНАТ! Кыскасы, улутубуздун нагыз келечеги – назик балапан дүйнө балдардан башталат.

Назира СААЛИЕВА

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.