Махира НАГИ кызы: «Армандар көп, кимдер угат?..» Которгон Бекболот Сарыбаев

 Махира НАГИ кызы: «Армандар көп, кимдер угат?..» Которгон Бекболот Сарыбаев

РЕДАКЦИЯДАН: Белгилүү азербайжан акыны Махира Наги кызынын Кыргыз Республикасынын Эл аралык «Нурборбор» чыгармачылык академиясынын мүчөсү, акын, котормочу Бекболот Сарыбаев кыргызчага которгон ырлары редакциябызга келип түштү.

Түрк тилдүү боордош азербайжан элинин кыздар поэзиясы менен кыргыз окурмандарын тааныштырууну максат кылган 29 жаштагы акын балабыз тууралуу учкай айта кетсек, Бекболот Жалал-Абаддын Сузак районундагы Жерге-Тал айылында 1995-жылы жарык дүйнөгө келген. Жогорку билимдүү. Кыргыз-түрк «Манас» университетинин туризм бөлүмүн аяктаган. Андыктан түрк тилине жакындыгы көп азербайжан тилиндеги поэзияга котормочулук кылып жаткандыгын анын ушул түрк тилин жакшы билгендигинен десек болот. 

 

Ал эми азербайжан элинин асылзат акын кыздарынын өкүлү, 64 жаштагы Махира Наги кызы Гусейнова 1960-жылы Азербайжандын Бабек районуна караштуу Суст айылында туулган. Филология илимдеринин доктору, профессор, учурда Азербайжан мамлекеттик педагогика университетинин Эл аралык мамилелер тармагы боюнча проректор.

Анда эмесе, окурман, кезекти азербайжан тилинен кыргыз тилине оодарылган ырларга берип, чогуу тыңдайлы!

Турнам

Канатыңды жайдың дагы,

Кайда качтың менден, турнам?

Кайгырбаймын, капаланбайм,

Кайда барсаң мейли, турнам.

 

Уч, издегин бакытыңды,
Кайда болсоң аман болгун.
Балчык сууга коно көрбө,
Тунук көлдү тандап конгун.

 

Армандар көп, кимдер угат?
Аккан жашка муунуп турам.
Ай, жыл өтөт, мезгил өтөт,
Анын баарын унут кылам.

 

Уч асманга, учкун, турнам,
Асман таза, асман аруу.
Төмөн түшпө, коно көрбө,
Ыплас жерди таштап ары.

 

Ак сүйүүнүн мекени асман,

Мени ойлоп санаа тартпа.

Жер тазарса коногум бол,

Ага чейин артка кайтпа.

 

Мекен

Чеги болот жер жүзүндө мекендин,

Жүрөктөгү махабаттын чеги жок.

Сен кемесиң, сүзүп жүргөн жүрөктө,

Сага сүйүүм – чексиздиктен кеми жок.

 

Кол кубартып, төккөн терим сен үчүн,

Бир данектей кызмат болсун мекеним.

Өзүң үчүн өмүрүмдү арнасам,

Арманым жок, күлгөн бойдон кетемин.

 

Шыпаа болсун, кубат болсун өзүңө,

Жаратыңа көз жашымды тамызам.

Башты ийбе бул сыноого мекеним,

Булут кетет, күн да чыгат жаңыдан.

 

Энекелер, өстүрүшөт уулдарды,

Дос, душманды өз атынан айтабыз.

Карыш жерди калтырбастан душманга,

Кайрыш үчүн окопторго кайтабыз.

 

Кесим жерди тебелетпей душманга,

Кайтарабыз, ансыз артык бизге өлүм.

Кол башчыбыз бизге буйрук бергенде,

Толукталат тоолоруң да, түз жериң.

 

Шейиттер

Абайлагын, аста кадам таштагын,

Таштар жылып, чочубасын бейиттер.

Бир адамдын үнүнө да ойгонор,

Бир дүрмөттөн көзүн жумган шейиттер.

 

Мында жаткан жандар элдин эсинен,

Унутулбайт жыл өтсө да нечен миң.

Бул бейиттер – өлкөбүздүн сакчысы,

Бул бейиттер – чеби болот мекендин.

 

Ар бир шейит жарык болуп түндөгү,

Ата журттун керегине жарады.

Жүрөктөргө желек болуп орногон,

Журтубуздун баатырлары саналуу.

 

Кан төгүлүп, жараланып турганда,

Тарыхты алар жазып кетти таштарга.

Таржымалы сабак болду миң жылдык,

Арт жагында келе жаткан жаштарга.

 

Бир эненин мээриминен төрөлүп,

Уул болушту энелерге миңдеген.

Жагылышты очогуна мекендин,

Оту азайып, күлү калып кирдеген.

 

О, шейиттер, о, шейиттер биз үчүн,

Барын берди, жанын дагы беришти.

Тизе бүкпөй, тик жаша деп душманга,

Урпактарга тартуулады жеңишти!

 

Нур жолу

Жердеги дарттын көктөн түшкөн дарысы,

Акыйкат жолдун белгиси – “Ыйык китеп”, “Улуу китеп”.

Улуу Теңир жүзүн буруп ааламга,

Эң акыркы китепти,

Тартуу кылды Пайгамбарга.

Ар бир сабы акыйкаттын белгиси,

Теңиримдин бизге берген мээрими.

Ал сүрөлөр адамзатты Жаратканга чакырат.

Ыйык китеп капысынан түшкөн жок,

Жыйырма үч жыл аян болду Пайгамбарга

Анан айтты адамдарга:

“Кудай жалгыз, жалгыздыгы акыйкат”

Ыйман келтир, дал ошондо

Теңир сага кол сунат,

Калган кезде ташыркап.

Жараткандын элчисинен Ислам кабыл алынды,

Дартка даба – Куран бизге Жараткандан табылды.

 

Ар бир пенде жооп берет,

Ар бир кылган ишине.

Эсеп берет кыяматта Теңирге,

Ишен анын күчүнө.

Тообо эшиги ачылып,

Ислам болду көк асмандын тиреги,

Ишенимге толуп турсун пенделердин жүрөгү.

Бул аяттар чындыкка жол көрсөттү,

Кыбылага жүзү даана бурулду,

Жүрөгүндө ыйман нуру барлардын.

Бешенелер тийген кезде саждага,

Аллах айтты, “Эй, ыймандуу пенделер,

Паана тилеп, бакыт тилеп алаканын жайгандар.

Менин элчим – Пайгамбар.

Жылдар бою миңдеген,

Ыйманы барлар жүрөгүндө

“Аллах  улук” деп кайталап, түмөн жолу айтышат,

Акыйкатка баш ийгендер,

Кыяматта  өз белегин алышат.

 

Таш жомогу

Ташты алып, ары жагынан атамдын,

Айтар эле: ”бул очоктун таштары”.

Жалын эле апакемдин жүрөгү,

Артка таштап күндүн дагы аптабын.

 

Тагдырына таарынбады эч качан,

Биз байлыгы, дүйнөсү, бар тапканы.

Жокчулуктан сынбады да чөкпөдү,

Таштай оор, бекем болду салмагы.

 

Эч нерседен кабарым жок, сүт эмген,

Апакемдин көкүрөгүн аймалап.

Таштай катуу колун сездим кубарган,

Сылаганда бешенемден кармалап.

 

Таштай катуу колдоруна таянып,

Талаа-чөлдө не табарбыз? дейт эле.

Балким таштай колдорунан уялып,

Жан аябай, бүлөө камын жейт эле.

 

Нан бышырып апам, жууп кирлерин,

Байпак токуйт таштай катуу колунан.

Уйку көрбөй, жаздыкка баш койбоду,

Жылдар бою келиндиктин жолунан.

 

Колу-коңшу, кас-душмандын көзүнчө,

Сыймыктангын адал эмгек, иш менен.

Арам, жалган душман болот аны бил,

Чыныгы эр – арам жолго түшпөгөн.

 

Эрктүү эле, дартын айтса ичтеги,

Көздөрүнөн бир тамчы жаш акпаган.

Тоодой ташты ташыса да жүрөктө,

Тоодой тагдыр сыноосунан качпаган.

 

Ташты алып, ары жагынан атамдын,

Билер эле бул очоктун таштары.

Чаалыкпады, чарчабады апакем,

Сезбеди ал күндүн ысык аптабын.

 

Соодагер

Жол жакынын, жол алысын ким билет?

Жүз үмүттө келатасың, соодагер.

Кербен жолу тилек менен төшөлгөн,

Тилегиңе не катасың соодагер?

 

Күнөөкөрү, аккан кандын ээси,

Муну айтат суук кабардын элчиси:

Алмашканды баалуулуктун ченеми,

Не аласың, не сатасың, соодагер?

 

Төшүм сандык, тилим анын кулпусу,

Жүрөк дартын тыңдап турган, соодагер.

Акылсызды, акылманды айырып,

Ак-караны ылгап турган соодагер.

 

Билесиңби, эсеп-кысап ээси ким?

Билбегендин кабырынан от өчпөйт.

Кылган иште сабыр деген болбосо,

Тозок оту кучагынан бошотпойт.

 

Арамдардан айрылган күн кайгысыз,

Көлөкөдө же күндөбү, соодагер.

Сүйгөн жандар өмүр бою кайгырбас,

Ашыгыңдын жанында бол, соодагер.

Которгон Бекболот САРЫБАЕВ

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.