ЧУКУЛ КАБАР: Бүгүн «Дасмияда» манас айтылат! Каалоочуларга эшик ачык!

ЧУКУЛ КАБАР: Бүгүн «Дасмияда» манас айтылат! Каалоочуларга эшик ачык!

Бул тууралуу жазуучу, акын Бүбүсара Аруужан Калыкова билдирди. Касиети күчтүү эжебиздин айтымында, бүгүн, 7-июлда, «Дасмия» этнокомплексинде манас айтылат. Манас айтам деген жаш балдар болсо, тартынбай «Дасмияга» келишсин, каалоочуларга эшик ачык! Иш-чара саат 14:00дө башталат.

Мындай мыкты иш-чаранын максаты — кыргыздын каада-салтын, үрп-адатын, эне тилин, улуттук кийимин калыбына келтирүү, жаш жеткинчек өспүрүмдөрдүн шык-талантын ачып берүү, багыты жок бараткан, агымдан адашкан адамдардын аң-сезимин ойготуу, ойлонтуу…

Аруужан эжебиз ушундай көйгөйлүү көрүнүштөр, план, долбоор тууралуу учкай төмөнкүлөрдү айтып берди…

ДОЛБООР: Телефону жок аянтча…

Азыр кыргыздар шамал айдагандай эле багыты жок ар кандай жолдо кетип баратат. Ар кайсы улут өз маданиятын, тилин таңууласа, аны ээрчип кеткен адамдардын саны арбып, ата-тегибиз экинчи орунга чыгып калганы зээнди кейитет. Кыргыз кыргыз бойдон калуу керек деген көйгөйлүү маселе алдыда турууда. Мисалы, өзбектер Кыргызстанда жашаса да дайыма желегин жанына салып жүрүшөт, эне тилин сүйөт, өз баш кийимин кийет. А биздечи?.. Көпчүлүк, анда дагы жапжаш секелек кыздар капкара кийинип, көзүн гана калтырып чүмкөнүп алган, желбиретип эки жагына жоолукту таштап салган… Мындай кыргызда болгон эмес. Эринен ажыраган аял кара кийинип, чоң кара жоолукту байлабай кое берип, күйөөсүнүн ашы өткөнчө аза күтүп үйүндө отурчу…

Айрым кыздар жарым жылаңач төшүн, санын, киндигин көрсөтүп, болгон боекту бетине чаптап салган, кулакчынды (наушник) кулагына тыгып, сотка чукуп алган… Жаш балдар болсо чачын өстүрүп, байлап, кулагына же мурдуна сөйкө тагып салган… Башка тилде сүйлөп, эне тилин чанган көп… Эркиндик деп эле ээнбаш болуп кетишти… Эркиндиктин түпкүрүн түшүнбөй, эгемендүүлүктү тебелеп-тепсеп жатышат. Эгемендүүлүк алганыбыз менен орус тили күчүндө калды… Эмгектеген баладан өмгөктөгөн карыга чейин орус тилинде сүйлөйт, эне тилибизге күйбөйт. Улууну урматтоо, кичүүнү ызаттоо деген жок болуп баратат. Ушундай зээнди кейиткен адамдарды көрүп, деги биз кайда баратабыз деп кейип кетесиң…

Мындай көйгөйлүү маселе ар бир үй-бүлөдө бар экендиги кызылдай чындык да. Көпчүлүк үй-бүлө орус тилинде сүйлөйт, орусчаны жакшы билбеген чоң ата, чоң апа деле чулдурап  неберелерине орусча сүйлөмөйдүн аракетинде… анан ал бала эне тилин кантип үйрөнсүн?.. Ушунун баарын карап отуруп, биздин команда чогулуп, каада-салт, үрп-адатты калыбына келтирүү долбоорун түздүк. Ал долбоорду колдогондордун арасында «Дасмия» этнокомплексинин жетекчиси Турусбек Мамашов да бар. Ал киши долбоорубузду аябай жактырып, бизге боз үйлөрдүн бирин бекер берди. Көрсө, анын да неберелери орусча сүйлөп чоңоюп жатыптыр… канчалык улут уңгусуна тарткан менен, чөйрө таасири күч экен деп тынчсызданат экен… Ошондон улам, ал киши «Телефону жок аянтча» деген долбоорду ойлоп таап, ишке ашса экен деген тилек-ниетин айтты.

Айтайын дегенибиз, сотка деген жанагы кол телефон жаш балдардын аң-сезимин бүтүн ээлеп, эне тилден таптакыр алыстатып, жат сөздөр сиңип, ой чабыт, эс тутумдарын начарлатып баратат. Мындай жаман адатты кантип жоготуу керек? Балдарды кантип алыстатуу керек? Ушундай жана башка суроо толтура … Аларга жооп кылып бул аракеттерди кылган жатабыз: алар үчүн ар кандай кызыктуу иш-чараларды өткөрүү, мисалы, манас айтуу, комуз чертүү, ооз комузда ойноо, сүрөт тартуу, ырдоо, ырды көркөм окуу, сайма саюу, кийим токуу, кыргыздын мыкты комузчулары, акын-жазуучулары менен балдарды жолугуштуруу, чыгармачыл адамдардын иш-чарасын уюштуруу ж.б. Анан ушундай улуу максаттары бар долбоорду ишке ашырууну ниет кылып, командабыз менен бир боз үйдү алдык. Мен кайсы иштерди кандай кылууну акын Айгүл Тоголокова кызыбызга айтып берем. Ишке ашыруу үчүн ал чуркап жүрөт… колума кол, бутума бут болуп көп ишти жасап жаткан ушул Айгүл.

Мына, жакында эле Айгүл кыргыздын улуттук аспабы — комузду 60 жылдан ашуун аздектеп чертип, дүйнө жүзүнө таанытып келаткан айтылуу Самара Токтакунованын телефонун таап берди эле, мен аны менен сүйлөштүм. Манас айтуунун алдында комуз чертип беришин сурансам, «Камбаркан» фольклордук тобунун негиздөөчүсү, ыраматылык жолдошу Чалагыз Исабаев тууралуу иш-чарага сапар тартарын, эрте келип калса катышып берерин айтты. Чогуу ишке ашыра турган пландарды да сүйлөштүк. Жаш өспүрүмдөрдү комуз чертүү боюнча санын миңге жеткирүү ниетимди айтсам жактырып, колдоду.

Алдыда дагы башка да көптөгөн долбоорлор бар. Анын башаты — манасчылар. Ишибизди манас айтуу менен баштайлы деп жатабыз. Эгерде манас айтам деген балдар болсо, «Дасмияга» келсе болот, каалоочуларга эшик ачык! Тартынбай келишсин, күтөбүз! Анан иш-чараны чагылдырууга бардык журналисттерди да чакырабыз жана  алдын ала ыраазычылыгыбызды билдиребиз!

Кысымда калган кыргыз тили…

Аруужан эжебиздин айтканын баары чыркыраган чындык. Мыкты долбоор экен, бизге да жакты. Алмустактан бери ата-бабабыз дастандарды жараткан, манас айткан, комузда кол ойноткон, нукура кыргыз тилинде сүйлөп, каада-салтты, үрп-адатты муундан-муунга өткөрүп келген…

Ал эми тилибизди коргойбуз деп эгемендикте кабыл алынган Мамлекеттик тил мыйзамынын иштеп жатканына 30 жылдан ашты. 1989-жылдын 23-сентябрында кыргыз тилине мамлекеттик тил макамы ыйгарылган. Коңшу мамлекеттерден мамлекеттик тил макамын ошентип озунуп алганбыз, бирок, баарынан артта эле калдык. Бул ачуу чындык. Бизде дагы деле эне тилибиз ээн-эркин өнүгө элек. Дагы деле орус тилине басым көп жасалат. Мамлекеттик иш кагаздары, жыйналыш, маалымат жыйындары, пресс-релиздер басымдуу орус тилинде. Мамлекет башчыбыз баш болуп, мекеме жетекчилери төш болуп даталуу күндө эле эне тилибизге күйүмүш болуп катуу сүйлөйбүз. Бирок, иш жүзүндө тил абалы көтөрүм бойдон эле…

Эне тилибизди баркын көтөрсөк эле улуттук баалуулуктарыбызга мамиле жакшырат. Бардык өнөрдүн башаты да — эне тил. Эне тилибиз эне сүтүндөй эле ыйык. Ышкыбоз жаратман элибиздин, уюткулуу улуттун жана өлкөбүздүн мамлекеттик тили катары бааланган кыргыз тилибиздин келечеги кең, түбөлүгү түз болушуна, долбоордун ишке ашып кетишине биз дагы тилектешпиз!

Назира СААЛИЕВА

ФОТО: Башкы сүрөт интернеттен алынды.

P.S. Акын Аруужан эжебиз менен болгон кызыктуу, кенен маекти жакында окуй аласыздар!

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.