Замирбек БАЗАРБЕКОВ: «Мамлекеттик тилдин өнүгүшү үчүн ар бир кыргыз өз тилинде сүйлөөгө милдеттүү»

Замирбек БАЗАРБЕКОВ: «Мамлекеттик тилдин өнүгүшү үчүн ар бир кыргыз өз тилинде сүйлөөгө милдеттүү»

Бүгүн, 23-сентябрь – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү. Эне тил майрамына карата кечээ, 22-сентябрда Жогорку Сотто иш-чара уюштурулуп, ага Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков, судьялар, аппарат кызматкерлери катышты. Манас айтылып, мамлекеттин тилдин орду жана мааниси туурасында ырлар окулду. Бул тууралуу басма сөз кызматы билдирди.

Замирбек Базарбековдун иш-чарада сүйлөгөн сөзү:

Жакында эле президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» конституциялык мыйзамга кол койду. Мыйзамдын 32-беренесинде бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер мамлекеттик тилди билүүгө жана аны кызматтык милдеттерин аткарууда пайдаланууга милдеттүү деп жазылган. Тагыраак айтканда, аталган мыйзамга ылайык, мамлекеттик кызматкер  Кыргызтесттин B2 деңгээлинен өтүшү керек. Жакын арада мамлекеттик тилдин деңгээлин судьялар жана аппарат кызматкерлери арасында аныктай баштайбыз.

Ал эми жакында эле Мамлекеттик тил комиссиясы Жогорку сотто атайын текшерүү жүргүзүп, иш кагаздары канчалык деңгээлде мамлекеттик тилде жүргүзүлүп жаткандыгын аныкташты. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен жалпысынан иш кагаздары мамлекеттик тилде түшүнүктүү жана так жүргүзүлүп жаткандыгын белгилешти. Андыктан, эгемендүү элибиздин мамлекеттүүлүгүн бекемдөө жана улутубуздун келечегин түптөө максатта мамлекеттик тилдин өнүгүшү үчүн ар бир кыргыз жараны өз тилинде сүйлөөгө, аны коомдогу ордунун бекемделишине көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.

Манастай дастандарды жараткан, комузга үн берип, кол ойноткон ышкыбоз жаратман элибиздин, уюткулуу улуттун жана өлкөбүздүн мамлекеттик тили катары бааланган кыргыз тилибиздин келечеги кең, түбөлүгү түз болушуна тилектешмин!

Даярдаган Гүлгаакы ЖАКЫПОВА

 

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.