Туулган күн алдындагы чоң белек…
Кыргыз эл жазуучусу, белгилүү драматург, акын, ТҮРКСОЙ уюмунун баш катчысы Раев Султан Акимович туулган күнүн (13-июлда) утурлай Европадагы табигый илимдер академиясынын (нем. Europäische Akademie der Naturwissenschaften Hannover/ анг. European Academy of Natural Sciences) академиги болду. Мындай маалымат аталган академиянын сайтына жарыяланды. Маалыматта наам тапшыруу аземи 18-октябрда өтөрү айтылган.
Наам кандай адамдарга берилет?
Дүйнөлүк илимий чөйрөдөгү интеграциялык процесстерге көмөктөшүүнү максат кылган академия Германиянын Ганновер шаарында 2002-жылы 17-декабрда негизделген. Тутумуна бүткүл дүйнөдөгү илимий, интеллектуалдык, маданий жана гуманитардык тармактарды бириктирген академиянын учурда аалам боюнча 35тей филиалы бар. Курамы да жөн адамдардан эмес, дүйнөлүк маданият, искусство, гуманитардык, табигый илимдер жана билим берүүгө салым кошкон инсандардан турат.
Ошентип, Султан Акимович Кыргызстандан алгачкы мүчөсү болуп шайланып, башкаларга жол ачып отурат…
Буга чейинки даражалуу ийгиликтерине ЕТИА академиги кошулган Султан Акимовичтин өмүр жолуна «ким элек, ким болдук» дегендей кыскача ракурс жасап коелу дедик… окуп коюңуздар анда…
Кинорежиссёр болгусу келген достор…
Султан агабыз Ош облусунун Кара-Суу районундагы Жоош айылында 1958-жылы 13-июлда жарык дүйнөгө келген. Бала кезинен кинорежиссёр болууну каалаган. Мектепти аяктаганда ал кыялын ишке ашыруу үчүн Москвага чейин барып, Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтуна да тапшырган. Тилекке каршы, өтпөй калган…
Анан армияга кызмат өтөгөнү кетип, келгенден кийин Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетине тапшырат. Ушул жерден кийин жакын досторунан болуп калган айтылуу Мелис Эшимканов (1962-2011) менен таанышат. Экөөнүн алгачкы таанышуусун, армиядан келгенден кийинки эйфориясын агабыз укмуш сүрөттөп сонун жазган. Экөөнүн алгачкы эмгек жолу да бир болуп, «Ленинчил жаш» гезитиндеги кабарчылыктан башталып, андан нары «Кыргызстан маданияты», «Жаштык жарчысы» гезиттеринде эмгектенип, өмүр бою дос болушат. Таңгалычтуусу, Мелис байкебиздин дагы кинорежиссёр болсом деген кыялы болгон экен… аны жолдошум Эрнис айтты эле…
«Антистандарт»…
Султан агабыз көп кырдуу таланттуу инсан. Студент кезинде «Жаңырык» музыкалык тобунда бас гитарада ойноп, ырдап, кийин ыр да жазды. Акындык жагын көбүбүз деле билбесек керек. Анткен менен, агабыздын акын болоюн деген ою болбоптур. Ал ыр саптар кандайча жазылып калганын акын, журналист Афина Бакировага берген маегинде чечмелеп айта кетиптир: «Кыргызда “жыргагандан жылкычы болуптурмунбу?” деген кеп бар го. Анын сыңарындай, менин турмушумда ушундай бир “гольфстрим агымы” кетти. Биринчиден, өзүм бир сап ыр жазып көргөн адам эмес элем, экинчиден, поэзияны сүйөм, бирок поэтикалык сап жазган эмесмин. Эки жылдай баягы “уктасам, турсам санаамда поэзия” деп айткан мисал ырлар эле мээме келип, “ыр дербиши” болуп кеттим. Акын болоюн деген ныпым ой жок. Эмнегедир поэзиянын “цунамисинде” калдым. Айтат турбайбы, “После пятидесяти человек пишет стихи в двух случаях; первое — когда он влюбился, второе — когда сошел с ума” деп. Ырды — сүйүүгө кеч, алжыганга — эрте убакытта жазып калдым. Ошонун жыйынтыгы – “Антистандарт”.
“Антистандарт” 2016-жылы жарык көргөн ыр жыйнак. Китептин баш сөзүн Кыргыз эл акыны Сагын Акматбекова жазып, китепте жадатма стандартка, кадимки уйкаштарга окшобогон ырлар камтылганын баса белгилеген экен…
Агабыз ушул ыр китебин жолдошума белек кылып, бир күндөн кийин телефон чалып: «Эрнис, сен акынсың го… кандай экен?» деп сураганда, «аталышы эле айтып турбайбы…» деген эле… Бул китеп Эрнистин китепканасында сакталуу. «Каалганы» (баш сөзүн агам жазып берди эле) окуганда агабыздын да ырларын окуп калам… Бул жыйнакта ак ыр дейбизби, башкасыбы, айтор, муунчул кыргыз ыр түзүлүшүнө мүнөздүү эмес ырлар топтолгон… Жолдошум айткандай, «Аталышы эле айтып тургандай» — “Антистандарт”…
о …| Дүйнө бүгүн…
оо…| Түтөп барат,
ооо…| Күн күйөөр,
олда, ай… ( Мезгил күтүп…)
**
Мекенчил экенсиң…
Ити чөп жеп, ташы өйдө кулап…
Кыргызда иштер жакшы жүрүшүп калганда ушинтип айтып коёт эмеспи… Анын сыңары агабыздын ишмердиги жеке чыгармачылыктын чегинен чыгып, жетекчилик, коомдук иштерге ийгиликтүү аралашып кеткен. Бул жагын жогорудагы академия да өз билдирүүсүндө белгилеп өтүптүр. Таасирдүү кызматтарда иштеген менен агабыз каадаланып мүнөз күткөн жок, жөнөкөй бойдон калды.
Жергиликтүү басылмаларда жетекчилик кызматтарда жүрүп, АКШнын Канзас университетинин журналистика факультетинде стажировкадан өтүп, «Эркин Европа», «Азаттык» радиосунун саясий баяндамачысы болду. Маданият жана маалымат министри, мамлекеттик агенттиктердин жетекчиси, президенттин кеңешчиси кызматтарында эмгектенди. Учурда бараандуу ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун баш катчысы. Бул кызматка келгени чыгармачылыкты да таштабай, башка авторлордун да чыгармачылыгы чет жактарда таанылышына өбөлгө түзүп улуттук адабият, маданиятыбызга чоң түрткү болуп келатат. Улуу, кичүү, ортоңку муундагы акын-жазуучулардын китептерин түрк тилине котортуп, китеп кылып чыгартып түрк тилдүү адабият, маданият чөйрөсүнө таанытып жайылтып жатат. Мына, жакында эле алты акындын китептерин авторлорго, жакындарына салтанаттуу тапшырды…
Чыгармалары, ийгиликтери дүйнө аралап…
Агабыздын өзүнүн да бир топ чыгармалары чет тилдерге которулган. «Жанжаза», «Топон» романдары, «Күн кармаган бала» повести, «Чаң жол» аңгемеси орус, украин, француз, кытай тилдеринде жарык көрүп, «Дубал», «Аял», «Кашар», «Оо, кыздар», «Суфлер», «Тайамам» спектаклдери, «Маң», «Канышанын көз жашы», «Барсбек» «Илек-илек«, «Таажы» ж.б. драмалары менен өзүн чебер драматург жана театралдык режиссер катары көрсөтө алды. Театралдык режиссер дегенибиз, 2000-жылы Ош кыргыз драма театры койгон «Исхак Раззаков», 2001-жылы «Тунгуч» театры койгон «Канышанын көз жашы» спектаклдеринин режиссеру Султан Раев өзү болгон.
Ушул «Канышанын көз жашы» спектакли үчүн Султан агабыз Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты болду, бул чыгармасы англис тилине которулуп Лондон сахнасында да коюлду. Башка спектаклдери да өз жерибизде, тышкары жактарда да башкы сыйлыктарды алды, алып жатат…
Жалпы элдик маданиятка кошкон чоң салымы үчүн Европадагы табигый илимдер академиясынын академиги болуп отурат. Бул дагы аалам кезген ийгиликтердин бир башаты болсун деп агабызды куттуктап, бекем ден соолук, узун өмүр, назик көңүл, чыгармачылык эргүү каалайбыз!
Назира СААЛИЕВА
P.S. Агабыздын салттуу поэзияга окшошпогон «Антистандарт» ыр китебиндеги ырлары менен кененирээк туулган күнүндө (13-июлда) таанышып, окуй аласыздар!