Бактыбек МАМЫТОВ: «Өмүр аз экенин билбептирмин…» (Архивдеги маек)

Бактыбек МАМЫТОВ: «Өмүр аз экенин билбептирмин…» (Архивдеги маек)

Эсен болуп, эстей жүр!

Бүгүн, 3- март Кыргыз Эл артисти, «Даңк» медалынын ээси, белгилүү диктор Бактыбек Мамытовдун туулган күнү. Көзү тирүү болгондо 73 жашка чыкмак экен. Агабыздан ушул жылдын 20-майында ажыраганбыз.

Бактыбек агабыз ыр жазчу. 2011-жылы «Очоктогу от» аттуу алгачкы китеби жарык көргөн. Андагы ырларынын көбү ата-энесин азапка салып, тиги дүйнөгө эрте кеткен Нур кызына арналган. Агабыз дал ушул китеби, балалык доору боюнча «Баягы Асаба» гезитибизге (2014-жылы) жадырап-жайнап маек куруп берди эле…

АРХИВден

Бактыбек МАМЫТОВ: «Диктор болом деп эч ойлогон эмесмин»

— Агай, балалыкты «баалуу доор» дешет. Сиз үчүн кандай учур?

– Пайгамбар жашынан өтүп калганда алтын доорду эстеттиңер го. Балалык мен үчүн деле баалуу, эң бактылуу учур. Жаныңда жакын адамдардын баары бар: атаң, апаң, чоң ата, чоң энең бар. Бардыгы балам, балам деп турушат. Бейкапар, окуганыңа, ата-энеңдин анча-мына жумшаганына кыйналганың болбосо, жыргал жашоо эле да ал кез.

– Ошол алтын дооруңуз кайсыл жерде өттү ?

– Кант районунун (азыркы Ысык-Ата району) Алмалы айылында. Төрөлгөн жылым согуштан кийинки муңзардын, айрылуу-жоготуу жарасы карттана элек 50-жылдарга туш келди. Өмүр баасын билген ал кезде элде ынтымак, кичүүлөр аксакалдарды, апаларды уккан башкача бир тарбия бар эле. Кичине тентектик кылып койсок, улуулардын «эмне кылганыңар» деп жай урушканына да башыбызды салып, туура эмес кылган турбайбызбы деп айбыгып калчубуз. Агай-эжейлерибиздин айтканы мыйзам болчу бизге. Балалыгым ушундай жакшы тарбия үрөнү  себилген жерде өттү .

– Тентектикти сөз кылып калдыңыз, өзүңүз кандай бала болдуңуз?

– Жоош, тентек эмес болсом да, аябай оюнкараак болчумун. Жайында топ ойнойбуз, эртең менен тура калып чай ичип-ичпестен үйдөн чыгып кетесиң. Караңгы киргенче келмей жок. Балдар менен ар кай жакта жүрөсүң, сууга түшөсүң. Балалык кезде ар кандай оюн да табыла берет. Кышкысын берилип чүкө атып ойночубуз, жылгаяк тээп, чана тепчүбүз. Лыжаны үйрөткөн киши жок, туруп алып зуулдап эле кете бермей. Айылдын чети дөңсө эле, өйдөдөн ылдыйга кеткенде көздөрүңөн жаш агат, бирок токтомой жок, зуулдап түшөсүң, кайра чыгасың. Биздин айыл тоонун ичинде болгондуктан, кышкысын күн тийсе эле кар ээрийт. Атайын муз тепкенге деп таманы сыйгалак эски өтүктөрдү кийчүбүз. Өтүк суу болуп калат да, кеч кирип күн кыйшайганда тоонун суугу келип, ушундай тоңуп калат эле, айрым балдар үйүнө барып которунуп келишчү, а мен оюнга такыр тойчу эмесмин. Өтүгүм бутума жабышып, оозум тоңуп калса да ойной берчүмүн.

«Тукумуң өскүр десе, ушунча да ойнойсуңбу!?» деп атам урушчу…

Анан эле өтүгүмдү үйдөгүлөр чече албай кыйналышчу. Айрыкча атам: «Тукумуң өскүр десе, ушунча да ойнойсуңбу!?» деп урушчу… Жазында жылаңайлак баткактын үстүнөн сыйгаланып түшкөндү жакшы көрчүмүн. Балалык чыдамкайлык менен жүрө берип, кийин ревматизм оорусу жабышып, кичине оорукчан болуп калдым.

– Таптакыр мушташкан жоксузбу? Атаман аталганды сүйүшөт го бул кезде?

– «Сен атаман, мен атаман», «сен кыйын, мен кыйын» деген биздин учурда болгон эмес. Албетте, мушташып кеткен учурлар болбой койбойт. Тентек балдар көбүрөөк мушташчу, а мен жооштугумдан эч кимге тийишчү эмесмин, согушуп- урушпайт элем. Кокус кошулуп калсам, мушташып кеткен балдар «мушташып алдык, кантип ойнойбуз» деп кайра кантип жарашарыбызды билбей убара тартчубуз. Же бирибизден бирибиз кечирим сурагыбыз келбейт. О, андай учур көп эле болчу.

– Кат жазып, кат ташып калдыңызбы?

– Ой, бала кезде ойноп эле кат жаза берчүбүз. кыздарга кат жазмай мода да болуп кеткен. Бүгүн бир кызга жазсаң, эртеси экинчи кызга жазып, досуңан берип жибересиң. Ушинтип кыздарды ойното берчүбүз. Олуттуу кыздардан уруш угасың, тамашакөй кыздардан тамашалашкан кат аласың.

 – Эмнеге сүйүнчү элеңиз?

– Сүйүнгөн учурлар көп эле болду. Мектептен жакшы баа алсам, жакшы сөз уксам кубанчумун.  йда жети бир туугандын улуусу болгондуктан, чоң апам биринчи неберем деп жакшы көрүп, мектепке өзү  жетелеп барып, кайра алып келчү . Төшөк жасап берип, көлдөлөң салып берип, эрмек кылып багып жүрдү .Чоң апамдын жанында жүргөнүмө бактылуу болчумун.

 – Ырды да бала кезден жаза баштадыңыз беле?

– Ыр жазуу чымыным өспүрүм курагымда, 7-класста ойгонду. Жанагы кат жазмай себеп болду. Башында башкаларды туурап жазып, кийинчерээк чыгармачылык менен жаза баштадым. Толкунданып, жайында чөп үстүнө жатып алып жазам. Кышында үстү кургак, жылуу деп үйүлгөн чөптүн үстүнө чыгып алам. Башында ата-энем жазгандарымды көрүп калабы деп уялып тыта берчүмүн. Азыр абдан өкүнөм!

Жакшы көргөн жаш-кары,

Жаздын мончок жаштары.

Жамгыр болуп себелеп,

Жаз мезгилин баштады.

Баарын бөлөйт бакытка,

Жаздын там-туң басканы!

деп жаз мезгилге арнап балалык кыял менен ыр жазганым эсимде. Тилекке каршы, ошол ырлардын эки-үчөө эле сакталып калыптыр.

Балалыгым

Алтындай жыргал мезгил балалыгым,

Азыр мен алыс калган карааныңмын.

Айла жок, аргам да жок, колдон келбейт,

Кол булгап конушуңда калаарыңмын.

Ыйласам ыйым таза, тунук эле,

Жылмайсам күлкүм дагы улук эле,

Ойдолоп орунунда тура албаган,

Ойлорум октой учкул күлүк эле.

Ата-энем, ага-тууган айланышып,

Алдыңда мен олтурсам жайланышып.

Чоң апам мээрим төгүп жалынганда,

Аптабы саратандуу жайдан ысык.

Кайгым жок, түйшүгүм да кичине эле,

Күн бою ойногонум – ишим эле.

Тоо томкоруп келгенсип уктаар элем,

Тоюнуп тамак ичпей ичип эле.

Балалык деген өзү ким дептирмин.

Ал өмүр аз экенин билбептирмин.

Чымылдап чыбык атты чапкан менен,

Мезгилдин моюнуна минбептирмин.

Ал кезде акын болот экенмин деп аябай аракет кылгам. Ага чейин кинолордогу, китептердеги каармандарды туурачумун, агроном же дагы башкасы болом дей берчүмүн. Көрсө, турмуш өз ордуна коет экен, телевидениеге келип отуруп калбадымбы. Ырды үйлөнүп-жайланып, ишке орношконго чейин такай жазып жүрдүм. Убакыт өткөн сайын түйшүктөр көбөйүп, убактым да тар болуп, азыр керекте гана жазып койгобосом, жазбайм деле. 2011-жылы 60 жылдыгымда жазган ырларымды чогултуп, китеп чыгардым. Ал китебиндин башы ушул ырым менен башталат:

Баштадым, билбейм качан бүтөрүмдү,

Биринчи кичинекей китебимди.

Башымдан өткөндөрдүн үзүндүсү,

Бардыгын жазган жокмун бүт өмүрдү.

Кыярган жүрөктөгү сырларымдын,

Кылтыйтып чеке-белин ачып койдум.

Кызыксыз болуп калса кечиргиле,

Кыйналбай кээ бир жерин шашып койдум,

Көркөмдөп боек сүртүп, кооздобой,

Көңүлдөн кандай чыкса, жазып койдум.

– Акын болом деп аракет кылсаңыз, анда дикторлук балалык кыялыңыз эмес турбайбы ээ?..

– Биздин айылга телевизор мен 14 жашка чыкканда келди окшойт. Ага чейин радиону укчубуз. Радио борбордон алыска чейин аябай даана, тунук угулчу. Биз айылдын четиндеги дөңсөгө отуруп алып укчубуз. Дикторлорду укканда аябай тан калчумун, ушундай да адамдар болот экен да деп… Диктор болом деп эч ойлогон эмесмин, дикторлор атайын диктор болуп төрөлгөндөй сезилчү .

– Эми азыркы Бактыбек мурунку Бактыбектен айырмаланып өзгөрдүбү?

Өткөн өмүрүм балдарым, неберелерим менен кайталанып келет.

– «Бала беш төрөлөт» дегендей, мүнөздөр өзгөрөт экен. Бирок мен көп өзгөргөн жокмун. Уяңдыгым, жооштугум, балалык айрым мүнөздөрүм азыр деле өзүм менен жашап келет. Балалык кезден өзүнчө отуруп ойлонгонду жактырам, бир нерсеге баш-отум менен кирип кетмей адатым калган ошол бойдон. Көбүнчө зыяны тийсе дагы, ал мүнөздөрүмдүн ошол бойдон калганына капа болбойм, жаштыгым, балалыгым менден кол үзгөн жок деп кубанам. Көп өзгөрбөсөм дагы, турмушта көп нерселерди башыман өткөрдүм; ачылган жерден ачылып, чачылган жерден чачылып, кээде жабык, өзүмчүл болуп калам. Кайсы бир ырда айтылгандай, азыр булактай таза балалыктын шылдырлары, албырган жаштыктын шоокумдары, анан азыркы токтоо мүнөзүм топтолушкан, жуурулушкан бай курактамын. Өткөн өмүрүм балдарым, неберелерим менен кайталанып келет. Демек, балалык кездерде мен дагы деле кайталанып жашап жатам!

– Бактыбек деп атыңызды ким койду эле? Бактылуу өмүр сүрдүм деп ойлойсузбу?

– Чоң атамдын кызы Лиза деген эжем койгон. Апамдын айтуусу боюнча, апам жаздын биринчи күнүнөн баштап үч күн толготуп, төрөй албай кыйналыптыр. Ал кезде врачтар азыркыдай укол-дарылардын жардамы менен төрөтүп алгыдай эмес да. Ошентип 3-мартта жарык дүйнөгө келиптирмин…

Эми турмушта ачуусу да, таттуусу да болот экен. Бала-бакыра бар, кудай каалап, аманчылык болсо, чөбөрө көрөбүз деп турабыз. Турмуш деген турмуш экен, ата-энемен, бир туугандарымдан, кызыман айрылдым…

Нур кызым ай!

Ойлойм өзүң жөнүндө.

Бул дүйнөнүн жарык нурун кемитип,

Караңгы көр кантип сени катты экен!

Арман менен муңга бөлөп жашоону,

Ажал менен өлүмдү

Кимиси ойлоп тапты экен!

Маектешкен Нуриза ЧЫНАРБЕКОВА

«Баягы Асаба», 2014-жыл, 27-март

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.