Президенттин колдоосу менен тартылган «Бейиш эненин таманында» тасмасына кимдер барды?..

Президенттин колдоосу менен тартылган «Бейиш эненин таманында» тасмасына кимдер барды?..
«Мурас» сериалын, «Салам Европа» тасмасын тарткан кинорежиссёр Руслан Акундун жакында эле «Бейиш эненин таманында» аттуу киносу Бишкектеги кинотеатрларга чыгарылды. Президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен тартылган бул тасма мактоого да, сынга да кабылды… 
Бул киного кечээ, 29-мартта Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү, мамлекеттик мекемелердин бир топ жетекчилери, өкүлдөрү “Ала-Тоо” кинотеатрына барып көрүштү.
Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Басма сөз кызматы билдирди.

Кинотеатрга тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, маданият министри Алтынбек Максүтов, Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттигинин жетекчиси Кудайберген Базарбаев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев барганы белгилүү болду.

Гүлгаакы ЖАКЫПОВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.