Жыпара АРЫКОВА: «Басма сөздүн ички ашканасын Эмил Ниязовдон үйрөнгөнбүз»

Жыпара АРЫКОВА: «Басма сөздүн ички ашканасын Эмил Ниязовдон үйрөнгөнбүз»

Эсен болуп, эстей жүр!

Жогорку Кеңештин Аппаратынын басма сөз кызматынын мурдагы жетекчиси, Кыргызстандын Ооганстандагы мурдагы элчиси Мирослав Ниязовдун бир тууган иниси Ниязов Эмил Жумабекович бүгүн (12-сентябрда) 68 жашында көз жумду. Маркум акыркы сапарга 13-сентябрда узатылат.

Дареги: Бишкек шаары. 6-кичирайон, 16-үй. Коштошуу зыйнаты саат 11:00до башталат.

Эмил Жумабековичти журналисттердин көпчүлүгү жакшы билет. Алардын социалдык тармактарга жазган эскерүүлөрүн беребиз. 

Жыпара АРЫКОВА: «Жетекчимин деп каада күтпөгөн адам эле…»

— Биздин Эмил байке… 2000-жылы Жогорку Кеңештин басма сөз кызматына иштеп келгенимде Эмил Ниязов менен тааныштым эле. Мамлекеттик кызматтын этикасын, басма сөздүн ички ашканасын бардыгын ушул кишиден үйрөндүк. Кичипейил, жетекчимин деп каада күтпөгөн бардыгына жардам берүүгө ашыккан дипломатиясы күчтүү өтө тарбиялуу интеллигент адам эле. Абдыганы Эркебаев агайыбыз спикер кезинде кыргызча айрым жазчу тексттерди басма сөз кызматына тапшырчу Эмил Жумабекөвич келип мага тапшырчу, «үйрөн, филология илиминин докторунун тапшырмасын аткарып үйрөнсөң мыкты жазуучу болосуң«,- дечү. Парламенттик радиону уюштурууга абдан көп эмгек жумшады. Көп каттар, кагаздар, протоколдук тапшырмаларды аткарууда өтө жооптуу эле. Жөнөкөйлүгү, боорукерлиги ченде жок жан эле…
Жазында эле «Пирамида» телеканалына келип, «Жыпара, мен пенсияга чыктым, абсолютно свободныймын, кел, частный бир радио ачабыз»- деп идеясын айтып, бир отуруп сүйлөшөлү деген бойдон коштошконбуз. Көрсө, акыркы көрүшүүбүз экен… Мен билгенден ар дайым жөө жүрөр эле, «ден соолукка пайда» дечү… кызы Мунараны ушунчалык аталык мээрим менен университетке чейин узатып тосуп алып жүрчү… Жашоодо эч кимди жамандаган жок, бирөөнө таарынычын да айткан эмес. Мүмкүн ошол ичим тап мүнөзү жүрөгүнө күч бергендир… Көп идеялары бар эле … Аттиң сиздин акыркы сапар аза күтүүңүзгө эмес, 70 жаш юбилейиңизге барсак болмок…

Кипариса СУРАХМАНОВА: «Кеменгерлигиңиз менен эсибизде каласыз»

— Кадыры бийик, билими күчтүү, адамдык адилеттиги аруу, жамаатта жакшы иштери менен эсте калган, Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматынын өнүгүүсү үчүн, «Парламент» радиосунун ийгилиги үчүн татыктуу салым кошкон, атабыздай болуп калган Эмил Ниязов агай эми минтип баарын таштап, акка моюн сунуп кетти… Кеменгерлигиңиз менен ар бирибиздин эсибизде түбөлүк каласыз, агай. Сиздей чыгаан адамдар чанда жаралат тура, бул жалганда… Жакындарыңызга терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

Назира СААЛИЕВА: «Жигиттин гүлү» деп Кусеин Исаев да жакшы көрчү»

— Эмил Ниязов байкенин акка моюн сунганын угуп алып аябай жаман болдум…
Бул ааламды өзү да аалам адам таштап кетиптир…
Жакшы адамдар жөнүндө эскерүү жазуу кандай гана оор, кыйын! Ушул жылдын жаз айында мударис агайыбыз Исаев Кусеин Исаевич өтүп кетти эле… Эми Эмил байке..

Эмил байке менен агайым тааныштырды эле… Анда 1993-жыл болчу. Ал кезде Политех, азыркы КМТУда мугалим, мен лаборантка болуп иштечүмүн. Орус, кыргыз тилинде бирдей жакшы сүйлөгөн, жазган мыкты мугалим болчу. Студенттер да, чогуу иштеген биз дагы жакшы көрчүбүз. «Жигиттин гүлү» деп Кусеин Исаевич да жакшы көрчү. Кусеин агай Бишкек гуманитардык университетке «Башкаруу жана социология» факультетин ачып жатканда, факультеттин ачылышына чоң салымын кошкон экен… Студенттерди, дегеле бир адамды урушканын көргөн жокмун. Сылык, жөнөкөй, адамгерчилиги бийик адам болчу…
Кийин Бишкек гуманитардык университетин аяктап жатканда саясий партиялар боюнча диплом жазып калдым. Анда Эмил байке Жогорку Кеңештин басма сөз кызматында иштеп калган. «Жакшы тема тандапсың. Партиянын лидерлерине жолук, сөздөрүн ук» деп бир топ саясатчыларга жолуктурду эле. Байкенин жардамы менен диплом жакшы жазылган. Кесибим менен иштебей, алгач кытайлар ачкан «Исткомпейдж» пейджер компаниясында иштеп калдым. Бир күнү жумуштан чыгып баратып жолугуп калдым. «Кайдасың?» деп сураганда, «ушул жерде оператор болуп иштеп жатам, айлыгы жакшы» десем, «Я тебя люблю», «Сюда приходи, туда приходи» деген жиндилердин СмСтерин жеткирип отурасыңбы? Сен иштей турган жер эмес. Кытайлардын акчасына кызыкпа! Эртең Жогорку Кеңешке кел!» деп аябай ачууланды… Айткан убагына бардым. «Мен Кыргыз радиосуна» сүйлөшүп койдум, ошол жакка бар, журналистиканы радиодон башташ керек. Парламент кабарчысы болосуң. Кесибиң политолог эмеспи…» деп радиого жиберди. Ошентип Эмил байкенин арты менен журналист болуп калгам. Болбосо башка кесипте жүрө берет белем, ким билет?! Бир тууган карындашындай мамиле кылчу, дегеле мага эле эмес, бардыгына…
Көп нерсени жазсам болот эле… Көздөн жаш токтобой, ушуларды эстеп, араң жаздым. Жакшы адамдар тууралуу эскерүү жазуу кандай гана азап, кайгы!
Эмил байке, канча бир элге жактыңыз, эми жерге жагыңыз. Алла таалам бейиштен жай берсин!

Баскан жолу

Эмил Ниязов 1955-жылы 27-июнда Ош облусунун Ленин-Жол айылында туулган. Жогорку билимдүү. Ленинграддагы Ленин жана Эмгек Кызыл Туу ордендүү мамлекеттик университетин аяктаган. Эмгек жолун Ош облусунун Ленин районунун прокурорунун аппаратынын катчысы болуп иштөөдөн баштаган.

1995-жылы Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын аппаратынын ишин салыштырма талдоо борборунун улук консультанты болгон.

2000-2009-жылдары — Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын Аппаратынын коомдук-саясий талдоо жана болжолдоо секторунун башчысы, Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасынын басма сөз катчысы, басма сөз кызматынын жетекчиси болуп эмгектенген. 2022-жылы ардактуу эс алууга чыккан.

«Алакан» сайтынын эмгек жамааты маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.