Кайра шайлоо: БШК кол менен эсептөөнүн жыйынтыгында да Самаков алдыда экенин билдирди. Атаандаштарычы?..

Кайра шайлоо: БШК кол менен эсептөөнүн жыйынтыгында да Самаков алдыда экенин билдирди. Атаандаштарычы?..

Бишкек шаарындагы бир мандаттуу Ленин округунда Жогорку Кеңештин депутатын экинчи жолу кайра шайлоо 10-сентябрда болуп өттү. Расмий жыйынтыгы 24-сентябрга чейин жарыяланат.
БШКнын алдын ала жыйынтыгы боюнча Кубанычбек Самаков (26,14%,) алдыга чыкты. Бирок анын атаандаштары: Русланбек Тагаев (18,99%) менен Аскар Алмаз уулу (13,04 %) шайлоо жыйынтыгын тааныбай турганын билдиришти.

БШК эмне дейт?

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 11-сентябрда маалымат жыйын өткөрүп, шайлоо жогорку деңгээлде өткөрүп, 28 арыздын 21и укук коргоо органдарына өткөрүлгөнүн, даттанууда айтылган дооматтар далилденбегенин билдиришкен. БШК төрайымынын орун басары Тынчтыкбек Шайназаровдун айтымында, шайлоочулар үчүн БШК 100% шарт түзүп берди. Административдик ресурс колдонуу болгон жок. Сегиз арыз боюнча дооматтар далилденбегендиктен, кылмыш ишин козгоодон баш тартылды.  «Айрым талапкерлер «шайлоо таза болгон жок, добуш сатып алуу болду» дегенден башка маалымат айтпайт. Бирок аларды чакырып, сүйлөшүп, милиция менен иш алып барууга келгенде алар «эми ушундай болду да» дешет, айрымдары милицияга келбей да коюшат«,-дейт Т.Шайназаров.

​Ошондой эле, бүгүн, 12-сентябрда БШК кол менен эсептөөнүн жыйынтыгы боюнча маалымат берип, электрондук маалыматтар менен дал келгенин, добуштун кобу Кубанычбек Самаковго таандык экенин, ага 26,14%, же 5279 адам добуш бергенин, Алмаз Аскар уулу — 13,04%, Жамалбек Ырсалиев — 8,70%, Русланбек Тагаев — 18,99% алганын, алардын 100 миң сом шайлоо күрөөсү кайтарылып берилерин билдирген.

Абировдун айынан кайра шайлоо болуп атат…

Эске сала кетсек, 2021-жылкы шайлоодо шайланып келген Жаныбек Абиров депутаттык мандатын өз ыктыяры менен тапшыргандан (ал мандатын тапшырууга Бишкек шаарындагы кафелердин биринде мушташка катышып, күзөтчүлөрдүн бирин сабагандыгы себеп болгон) кийин 28-майда кайра шайлоо болгон. Андагы шайлоодо талапкер Дамира Ниязалиева биринчи орунду ээлеген. Бирок, ага «добуш сатып алуу» боюнча кылмыш иши козголуп, каттоосу жокко чыгарылган.

Улан Сариевдин да каттоосу жокко чыгарылып, шайлоонун жыйынтыгы жараксыз деп табылган.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.