ВИДЕО — Эртең «Алтын уюткуга» атактуулардын жакын туугандары чогулат (Дарек)

ВИДЕО — Эртең «Алтын уюткуга» атактуулардын жакын туугандары чогулат (Дарек)

Мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты, Эл агартуу отличниги, Сүрөтчүлөр Союзунун мүчөсү, С.Чокморов жана Г.Айтиев атындагы эл аралык сыйлыктардын лауреаты, Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын ээси Асан Турсункуловдун кезектеги көргөзмөсү, эртең, 12-ноябрда өткөнү турат.

«Алтын уютку» аталыштагы иш-чара Бишкек шаарындагы Гапар Айтиев атындагы улуттук сүрөт искусствосу музейинде саат 11:00дө башталат.

Урматтуу туугандар, иш-чарага кечикпей, саат 10:45ке келип, канча бир залкарлардын бир учурдагы элестерин портрет кылып тарткан жана тартып келаткан агабыз Асан Турсункуловдун 60 жылдык мааракесине, 20 жылдык эмгегине күбө болуп кетиңиздер!

Мындан тышкары, 20 жыл жазган «Балама осуят» аттуу китебинин бет ачары болот.

Баса белгилей кетчү нерсе, Нарын шаарында ачылган көргөзмөгө былтыр 8 атактуу адамдын портрети кошулган. Алар: Табылды Эгембердиев, Мелис Эшимканов, Белек Жумабаев, Адыл Сайдинов, Майра Керим кызы, Элмирбек Иманалиев, Зайырбек Ажыматов, Уланбек Эгизбаев. Ушундай асыл адамдардын портреттери да борборго келди.

Атактуулар Асан Турсункулов тууралуу….

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

P.S. Жогоруда аталган көргөзмөнүн түпкү тарыхын, Асан Турсункулов тууралуу кенен билгиӊиз келсе, керемет сүрөттөрүн көрөм, «Падышалар жана Мен» деген макаласын окуйм десеӊиз, бу жердеги ШИЛТЕМЕни басыӊыз.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.