Садыр Жапаровдун туулган күнүн «Мекенчилдер» куттуктап, жубайы, балдары түрмөгө барышты…

Садыр Жапаровдун туулган күнүн «Мекенчилдер» куттуктап, жубайы, балдары түрмөгө барышты…

Садыр Жапаровдун бүгүн туулган күнү. Ал 49 жашка чыкты. Садыр Нургожоевичтин өздүк майрамы менен жубайы Айгүл айым, балдары түрмөгө барып, белек-бечкегин берип, куттуктап келишти. “Жолдошум өзү да, үй-бүлөсү — биз да туулган күнүн түрмөдөн тосуп калат деп ойлогон эмеспиз. Бул дагы болсо Кудайдын сыноосу. Бул сыноодон өтүп, атабыз аман-эсен абактан акталып чыкса, эмки жылы эр ортону 50 жашын чогуу, калың эл менен тособуз деп ойлойм. Бардык жакшылыктар али алдыда. Учурдан пайдаланып, жолдошумду үй-бүлөбүздүн атынан туулган күнү менен куттуктайбыз. Эң башкы байлык – Ден соолукту каалайбыз. “Жамандыкты амандык жеңет” дегендей, амандыгын күнүгө Кудайдан тилейбиз! Акталат деген үмүт менен жашап келебиз”,- дейт Айгүл айым.

Ал эми Садыр Жапаров өзү түптөгөн “Мекенчил” партиясы да куттуктап, каалоо-тилек билдиришти. Ал төмөндөгүдөй:

“Урматтуу Садыр Нургожоевич, сиздин бүгүнкү өздүк майрамыңыз менен өзүмдүн жана жалпы “Мекенчилдердин” атынан куттуктайм. Сизге бекем ден соолук, узун өмүр каалайбыз!

Сиздей кайраты таштай бекем адамдар кыргыз элинде көп болсо болмок. Анткени сиз гана чындык үчүн, улуттун келечеги үчүн, Мекендин өнүп-өсүүсү үчүн жападан жалгыз күрөшүп жатасыз. Мына кечээги эле шайлоодогу саясатчыларды мисалга алсак, эл барктап, ишенген “баатырлардын” жүзү ачылды. “Эл тараза, эл сынчы” дегендей, кимдин ким экенин, ал кандай адам экенин калың журт көрүп, түшүндү. Ага болбой эле алар эл алдында ар кандай сөздөр менен өздөрүн актоо жолун издеп келишүүдө. Ал эми сиз, аларга салыштырмалуу, бул жолу да өзүңүздүн эрктүү, көрөгөч, кыраакы адам экениңизди көрсөттүңүз. Дегеним, өзүңүздү актатып алуу үчүн ар кандай жолдор менен, кандайдыр бир сүйлөшүүлөргө барбадыңыз. Өз позицияңызды так айтып, андан танбай, чындык деп чыркырап, бизге үлгү болуп келатасыз. Биз сиз менен сыймыктанабыз.

Мына, бүгүн сизди жалпы кыргыз эли туулган күнүңүз менен куттуктап жатат. Элдин мындай мамилеси сизди эле эмес, артыңызда турган бизди да кубандырды. Бир канча күндөн бери бүркөлгөн аба ырайы дагы бүгүн ачылып, жаркылдап күн нурун чачты. Илгери кыргыздар ар бир таңдын аткандагы күндүн чыгышын жакшы жышаан менен жоромолдоп айтып келишпеди беле. Биз дагы “жаратылыш да сизди куттуктап жатат” деп жакшыга жоромолдоп кубандык. Сиз Кудайды сүйгөн инсансыз, андыктан, Жараткан да жакшы күндү тартуулачу күн алыс эмес, буюрса, сизге көптөгөн бактылуу күндөр, мезгил астыда. Кудай буюрса, жакында Жогорку сот сизге чыгарылган чечимди адилеттүү карап, адилеттүү чечим менен чыгарып, актайт деген үмүттөбүз. Сиз боштондукка чыккан соң, кыргыз эли үчүн жасайм деген ой-максаттарыңызды ишке ашырууга белсенесиз. Биз ага бөркүбүздөй ишенебиз! Биз ар дайым сиздин катарыңызда туруп, карууңузга каруу болуп бергенге даярбыз!

Уланбек ЖЭЭНАЛИЕВ,

“Мекенчил” партиясынын теңтөрагасы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.