Кубанычбек ЖУМАЛИЕВ, депутат: “Түндүк-Түштүк” жолуна Атамбаевдин ысымын берүү керек”

Кубанычбек ЖУМАЛИЕВ, депутат: “Түндүк-Түштүк” жолуна Атамбаевдин ысымын берүү керек”

Бүгүн, 5-декабрда, Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети КР Транспорт жана жолдор министрлигинде көчмө жыйын өткөрдү. Алгач депутаттар курулуп жаткан жана курулушу бүткөн жолдордун сапатын текшерүүчү көчмө лаборатория менен таанышып чыгышты. Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов комитет мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп берди. “Түндүк-түштүк” альтернативдүү жолунун курулушу тууралуу да маалымдады. Анын айтымында, 1-фазанын алкагында аталган чоң жолдун 60 пайызына асфальт төшөлүп бүткөн. Ал эми Кок-Арт ашуусундагы туннель казуу иштери белгиленген мөөнөттөн кечигүү менен жүргүзүлүүдө. Себеби тоону тешүүдө ар кандай тоо тектери чыгып, күтүлбөгөн кыйынчылыктар пайда болуп, иш аргасыздан создугуп жатат. Учурда 3,7 чакырымды түзө турган туннелдин 1 чакырымдан ашууну казылды.

“Балык” депутаттын сунушу…

Жол министри Калилов эмнени айтып жатат да, депутат эмнени сунуштап жатат. “Бир бол” фракциясынын депутаты Кубанычбек Жумалиев суроо бербей эле сунуш киргизди. Ал “Түндүк-түштүк” альтернативдүү жолуна мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ысымын берүүнү сунуштады.

“Атамбаевдин атындагы Кыргызстан” деп эле атап албайлыбы?!

“Балык” депутаттар чочугансып сүйлөп, бир нерсенин башын кылтыйтканына күйүп кетесиң да. Кубанычбек Жумалиевдин парламентте бир пайдалуу, элдин, мамлекеттин маселесин көтөрүп, бир нерсе чечкенин көрдүңөр беле? Буга чейин “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Сайдулла Нышанов “Кыргыз Эл Баатыры” жогорку наамын Атамбаевге берүү керек!” деп сунуштап, ал сунушу Сооронбай Жээнбековдун биринчи Жарлыгы менен ишке ашып күйдүрсө, эми бул «балык» депутат минтип отурат. Кошоматчылыктын да чеги болот да. Атамбаевдин досу Жээнбековго кантип көрүнүп, жагынарын билбей жатабы?

Анда менин да сунушум бар, туугандар, 6 жыл “Атамбаевге аны-муну берүү керек” деп отургандан көрө, “Атамбаевдин атындагы Кыргызстан” деп эле атап албайлыбы?! Дүйнөдө жок нерсе да… Кандай дейсиңер?

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.