Баласын тепкен Адиев кызматынан кетирилип, камакка алынды

Баласын тепкен Адиев кызматынан кетирилип, камакка алынды

Эки жарым жаштагы баласын тепкен 50 жаштагы Бариер Адиев кызматынан кетирилип, “Бейбаштык” беренеси менен иш козголуп, 2 ай камакка алынды.  

Бариер Адиев Мамлекеттик каттоо кызматынын Сокулук райондук бөлүм жетекчисинин орун басары болуп иштеп келген. Ал кызматынан бошотулду.

Баланын аты — Элхан, ал азыр апасынын колунда

Баланын апасынын аты – Асел, баласынын аты — Элхан. Ал күндү Асел айым мындай деп эскерген: «2-декабрда, саат 15:00дөн саат 16:00гө чейин балабыз Элхан атасы менен сейилдөөгө чыккан. Андай окуя болгонун мен саат 18:45терде интернеттен билдим. Буга чейин үй-бүлөдө зомбулук учурлары эч качан болгон эмес. Атасы баласы менен дайыма ойночу. Жолдошум ичпейт, чекпейт. Анын мындай кадамга баргандыгына ишенбей да турам. Мен күйөөмдү күнөөлөбөйм, бирок, аны аталык укугунан ажыратууну өтүнөм. Элхан үй-бүлөдө жалгыз балабыз”.

Элхан калың кийимчен болгондуктан катуу жараат алган эмес

Бул маселе боюнча социалдык кызматкердин үчөө иш алып барып, Элхандын денсоолугун текшерткен. Алар: «Бала учурда ооруканада, текшерилип жатат. Анын абалы жакшы. Ал кышкы кийимчен болгондуктан жараат алган эмес» -, деп билдиришкен.

Ал күндөгү атанын баласына жасаган мамилесин ВИДЕОдон көрсөңөр болот.

Ушундай окуядан кийин, бул ата өз жазасын алды. Бул бардык атага сабак болду окшойт, мындан ары алсыз балага кол көтөрүп, теппейт деп ойлойбуз! Элханга болсо аты затына жарашып, келечекте элдин ханы болсун! Ага чейин бактылуу балалыкта, апасынын кучагында, эне мээримине бөлөнүп чоңое берсин!

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.