Эрнис Асек уулу. Бетховен. Байма Сутенова. Попов…

Эрнис Асек уулу. Бетховен. Байма Сутенова. Попов…

Эрнис АСЕК уулу: «Жакшы көрөмүн го?!»

«Жакшы көрөмүн го?!» деген рубриканы ачкым келип жүргөн. Элдин баары жакшы көргөн кишисине жылуу сөз айтсын дечүмүн. Керек болсо, самачумун. Биз, адамдар, жакшы сөз айтканга жарабай калдык. Аны өзүмөн байкайм. Күнү-түнү жаныңда жүргөн адамга жакшы сөз айталбай калат экенсиӊ. Ушунчалык майда болуп кетиппиз. Муну мага Бетховендин “Ай сонатасы” айтты. Сонатаны кыргызча которо албай, жаман болдум. Анан кийинкиси кетти. Унчуга албадым. «Унчукпаганың – алсыздыгың» деп да айтып көрүштү. “Мейли” дедим. Анткени мен  “Ай сонатасын” – “Ай мээрими” деп өзүмчө которуп алгам. 

Бардыгы ошондон башталды окшойт. Керек болсо, керек нерсенин кереги жок болуп калат. Анткени ал – “Ай сонатасы”. Сен ошону түшүнөсүңбү? Түшүнүп-түшүнбөсөң да, айта турганым: “Ай сонатасы” болчу. Башка сөзүм жок. А сөз жок калганда, серт көрүнө баштайсың, ошол үчүн мен музыкага таазим этем. Анын касиети сөз эмес, дабыш, добуш, үн… таазим этесиң. Бирок кыргызың “Миң уккандан бир көргөн” дейт. Көздүн кулу экенбиз, ов! Толубай сынчы кыргыз үчүн эмнеге жаралган дейсиңер? Ушул сөздү айтыш үчүн».

2019-жыл

Журналист, акын, котормочу жолдошум Эрнис АСЕК улуунун (1970-2020) көзү өтсө да, сөзүн өткөргүм келбейт. Аткарылбай калган нерселерин аманат катары кабыл алып, колдон келишинче аткарып, жазгандарын китепке айлантууга аракет кылып келатам. Кол жазмасынан «Жакшы көрөмүн го?!» аталышта жазганын таап алып, аны сайтыбызга жайгаштырып, жакшы көргөн адамыбызга жакшы сөз арнап келатабыз.

Бүгүн, 7-майБайланыш жана радио күнү.

Дал ушул күнү 1982-жылдан бери Мамлекеттик телерадиодо редактор, бөлүм башчы, башкы редактор болуп иштеген жана дагы эле үзүрлүү эмгектенип келаткан, «Алтын калем» сыйлыгынын ээси, Жазуучулар союзунун мүчөсү, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Байма Сутенова эжемдин эмгегин баса белгилеп, ыраазычылык билдиргим келди. Анткени мыкты журналист эжебиз бизге жасаган иши, жөнөкөй, адамгерчилигинин бийиктиги менен үлгү болуп келет.

Байма эжебиз КМУУнун филология факультетин аяктап, эмгек жолун «Ленинчил Жаш» гезитинен баштаган. Андан кийин Мамлекеттик телерадиодо редактор, бөлүм башчы, башкы редактор болуп эмгектенген. 1991-жылы телерадиокорпорациянын вице-президенти болгон. Мыкты да жазат. «Ала-Тоо» журналына, «Кыргызстан маданияты» гезитине байма-бай аңгеме, повести жарык көрүп турган… «Ала-Тоо» журналына «Мамырылар гүлдөгөн жерде», «Менин атам» повесттери жарык көргөн. 1987-жылы «Ак-Сай күндөлүгү» аттуу телефильминде сценарист -режиссер катары биринчи дебютун баштаган. «XXI кылым» радиосун жана «Азия плюс» радиостанциясын негиздеген. 1991-жылы «Кыргыз радиосуна 60 жыл» документалдуу телефильминин сценарийин жазган.

Эжебиздин сценарийди мыкты жазарын билип, жолдошум Эрнистин эскерүү кечесин (2021-жылдын 25-апрелинде) өткөрөр алдында телевидениеге тарттыруу боюнча кеңеш сурап барганда, «Назира, эч кам санаба, эскерүүнү тартып беребиз! 10 мүнөттүк сюжетти мен даярдап берем» дебеспи… Ал эле эмес, 25-апрель күндү да алдын ала алып коюптур… Агезде УТРКнын жетекчиси Бахтияр Алиев болчу. Бахтияр мырзага эскерүүнү тартып берүү үчүн кат алып барсам, жардамчы кызы бул күнгө кат ташталганын айтты. Ал ким деп таңгалып сурасам, Байма эже болуп чыкты… Ушунчалык жүрөгүм жылып, эжеге рахмат айтканы кабинетине кирсем, 10 мүнөттүк сюжет да даяр экендигин айтты. Эжемдин ыкчам иштегенине, жоопкерчилигине оозум ачылып эле калды… Эрнисимдин 49 жылдык өмүрүн 9 мүнөткө эле батырып коюптур…

Байма эже, бар болуңуз! Бул эмгегиңизди эч качан унутпайм! Ар бир баскан изиңизди ийгилик коштосун! Бекем ден соолукта болуп, узак жашаңыз!

Эжемдин жардамы менен телевидениеге тартылган эскерүү бу ШИЛТЕМЕде. Анда да Байма эже алтындай болгон убактысын бөлүп келип, Эрнисимди эскерип берген: 46- мүнөттөн баштап көрсөңүздөр болот.

Тарыхка кылчайсак…

7-май – Байланыш жана радио күндүн тарыхына учкай токтоло кетсек, мындан 125 жыл мурун (1895-жылы) орус окумуштуусу Александр Попов (1859 — 1906) байланыш тармагында ачылыш жасап, 7-майда радио байланышты ойлоп тапканын жарыя кылган. Совет мезгилинде, 1945-жылдан бери 7-май– радио күнү расмий белгиленип келген. Ал эми Кыргызстанда 1995-жылы 17-апрелде Өкмөттүн токтому менен 7-май – Байланыш жана радио күнү деп кабыл алынган. Ошондон бери белгиленип келет. Залкар, чыгармачыл адамдардын үнүн жаздырып, тарыхый иш жасап келаткан Кыргызстандагы байланыш тармагын жана радио кызматкерлерин бүгүнкү кесиптик майрамы менен куттуктайбыз!

Назира СААЛИЕВА

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.