«Ыр өмүрдөгү» улуу муунда МЕН жок!
Журналист, акын, котормочу жолдошум Эрнис АСЕК уулу (1970-2020) эң жакшы көргөн эки акындын чыгармачылыгы тууралуу эки күндөн бери кеп кылып жатабыз. Кечээ Кыргыз Эл акыны Сагын Акматбекова эжебиздин «Күүгүмдөгү күүсүн» жазсак, бүгүн Кыргыз Эл акыны Карбалас Бакиров агабыз тууралуу жазабыз. Анда эмесе, агайдын «Ыр өмүр» поэзия-муза кечесинде окуган 3 ырынан баштайлы!
БАЛДАР
Тайлардай булуттарды айдайсыңар,
Талаанын чагылганын кармайсыңар.
Чырылдап мен жетпеген жылдыздарга,
Чымчыктай бирден конуп алгансыңар.
Көкөлөйт күнөөсүздөр жеңил гана
Тайгада канаты бар кардайсыңар.
Балдар эй, ошон үчүн балдарсыңар,
Кудайга жыңайлак, түз баргансыңар.
Икардай мен асмандан кулаганда,
Илинип силер көктө калгансыңар.
Балдар эй, ошон үчүн балдарсыңар,
Эстүүлөр тааныганды – тангансыңар.
Өтүнөм жерге шашып түшпөгүлө,
А жерде жашайт жалаң жалганчылар.
**
Тагдыр мени кармап туруп бир буттан,
Тайгадагы түнт токойго ыргыткан.
Чылк дүйнөдө жалгыз өзүм чыгаармын,
Чымчыктардын үндөрүнөн тумчуккан.
Жамандыкты жасайбыз деп оголе,
Жалт эттирип ыргытышкан обого!
Мейкиндикти кучактап, өөп каалгыдым,
Менттер калды, тоок кубалап короодо.
Элеттикмин, эркеси эмес балкондун,
Ак кар кечип аюуларды кайтардым.
Кирип кетип жымжырт түнкү токойго,
Кир жукпаган жылдыздарга чайкандым.
Оо, далайлар жагынышып чоңдорго,
Олтурганда кичинекей коргондо,
Саян тоонун кырларынан кыйкырып,
Салам айттым Током баскан жолдорго.
Оо далайлар гүлдөр өскөн капталда,
Ушактардан көйнөк тигип жатканда.
Арууладым Тундранын абасын,
Мөлтүр, тунук ойлорду кууп асманда.
Алп турмуштун көлчүк болбой сыртында,
Актым, актым, Ангаранын “ууртунда”.
Кимге зыян, кимге тоскоол, билбедим
Бар экеним бул ааламдын бурчунда!
Тагдыр мени кармап туруп бир буттан,
Тайгадагы түнт токойго ыргыткан.
Чылк дүйнөдө жалгыз өзүм чыгаармын,
Чымчыктардын үндөрүнөн тумчуккан.
**
Көкөлөгөн канаттуулар кайыган,
Көк мейкинди жакшы көрүп баарынан.
Чыгып сага ыр окусам дечүмүн,
Чымчыктардын, булуттардын айлынан.
Булганбаган айланайын асманга,
Бугум артып кароочу элем ак таңда.
Сен дагы бир үзүмүндөй асмандын,
Аруулуксуң, жер айланган жактарда.
Жалтылдаган, шарпылдаган, толкуган,
Жан дүйнөм эх, оодарылган океан.
Мага сени жолуктурган жаздагы,
Махабаттын салам айтам тоосунан.
Тагдырдын бул тамашасын карагын,
Талаалардын кууп жүрүп шамалын.
Үргүлөгөн Таластын үр кызына,
Үйлөнүпмүн учкан күнү Гагарин!
Эки талант менен таанышкан күн…
Агайдын ырындагы Таластын үр кызы, жубайы — Нурбүбү Бөдөшова. Журналист, жазуучу, акын. Кара сөздү да, ырды да жакшы жазат. «Айымдарга» аттуу ыры мыкты.
АЙЫМДАРГА
Аялзатсыз эркектер карып дечи,
Аялзаты — ааламга жарык дечи.
Антсе дагы, эркексиз, оо сулуулар,
Алоолонуп от болуп жанып көрчү!
Түмөн түйшүк көтөргөн зайып дечи,
Түтүп келген көлдүгү анык дечи.
Антсе дагы, эркектер бул дүйнөдө,
Түркүк болуп турганын танып көрчү.
Мезгил берет мээнетти, кебетени,
Сындалбасын шапкеси, тебетейи.
Эгер элден заманга зарыл болсо,
Эрден чыгат Манасы, Семетейи.
Көрөңгөлүү эл экен кыргыз дагы,
Көкжалдары — Чолпонбай, Чыңгыздары.
Эрээркетип жүрөктү муза менен,
Эчендерди ээрчитти Ырыспайы.
«Эң биринчи дүйнөгө эркек келген,
А аялдар — алардын кабыргасы»
…деп жазылат Куранда, инжилде да,
Демек бизбиз — алардын табылгасы.
Салыштыруу эркекке тең келеби,
Айтаар элем: Кудайдын эркелери.
Акырында кааларым айымдарга,
Аман болсун, баарынын эркелээри.
Нурбүбү эженин чыгармачылыгы тууралуу кенен макала бу ШИЛТЕМЕде. Эже менен мен «Алиби» гезитинде чогуу иштегем. Адамгерчилиги бийик, боорукер, жароокер жан. Баскан-турганы, сүйлөгөнү, жазганы, жолдошун сыйлап, барктаганы менен бизге үлгү болуп келет. Жолдошум «Баягы Асаба» гезитин чыгарганда, бир бетин акындарга арнап, баш сөзү менен ырларын чыгарчу. Эсимде, 2014-жылы Эрнис Карбалас Бакиров агабыз редакцияга келээрин айтып калды. Келди. Карбалас агайдын атын укканым менен жакындан тааныштыгым жок эле. «Балдызыңыз болот. Ошентип экөөбүз бажа болуп калдык…» деп жолдошум мени тааныштырганда, «Аа, бажа болдукпу?» деп агай күлгөн… «Шашып жатам» деп ырларын таштап, тез эле кетип калган. Эрнис мындай деп баш сөз жазды эле…
Чындыкты жазган чын акын
Кишини турган-турпаты менен жакшы көрүш мүмкүн эместей сезилчү. Бирок Карбалас Бакиров акынды турган-турпаты менен жакшы көрөм. «Ырда «халтура» болбош керек» деп Гумилев айтты беле? Бу кишинин ырын кой, кишилигинде «халтура» жок. Ыраматылык Алик Акималиев кыргыз акындарын Рубцовго, Кузнецовго жана башка дүйнөлүк акындарга салыштырган адаты бар эле. Кадимки Карбаласты да бирөөгө салыштырчу. Унутуп калдым. Бирок Алик байкеме айтчу элем: «Ушул салыштырганды койбойсузбу?!» деп. Ал эми Карбалас Бакировду эч кимге салыштырууга болбойт. Бир гана өз аты-жөнү жарашат.
Байке экөөбүз ээрчишип көп жүрдүк, көп сүйлөштүк. Эстесем, жылуулукту гана сезем. Кыйкырган ырлары да жылуулукту айтат, жылуулуктун табы келет. «Жылуу акын» десем да жарашат. «Алтымышка чыкты» десе, ишенбедим. Кеп жашта эмес да. Кеп кебинде, кеп болгон ырында, жылуулук тартуулаган жандилинде, жаш баладай кыялында, жарык чачкан турпатында. Карбалас акынды турган-турпаты менен жакшы көрөм: өзүн да, ырын да, сөзүн да, «чырын» да… Килейген тарыхты бир сапка батырып койгонуна таң берем. Адам дүйнөсүн бир сөзгө батырып койгонуна жакамды кармайм. Жараткан бир жаратат окшобойбу. Бар болуңуз, Карбалас акын! Бар болуңуз!
Эрнис АСЕК уулу,
«Баягы Асаба» (2014-жыл)
УБАДАЛАР, УБАРАЛАР…
Түз жерден кыялаган, түзүлгөн,
Жалаң желден, ураалардан.
Жалт этип кайып болгон,
Вавилон – мунарадан.
Кыйкырчаак – кызыл-жашыл,
Кыргыздар, жадап бүттү убададан.
Убадалар – «Тойотада»,
КАМАЗдарда, Учактарда
Долондон, Төө-Ашуудан,
Ала-Белден сызууда кыштактарга
Убадалар…
Камгактай калдаңдаган, далдаңдаган,
Булт этип булуттардай,
А бирок кармалбаган.
«Карк» эткен үн калтырган,
Барбы деги айырмаң.
Каргалардан?
Убада – куругун аа,
Ультра үн топтолуптур уюгуңа!
Шилтесем кылыч кеспейт,
Ок тийбейт уюлуңа.
Жылтылдак көпөлөктөй,
Жылмаюу – конуп турат мыйыгыңда,
Мультфильм болуп качтың,
Муштумдар тийбейт экен мурунуңа.
Убадалар –
Жок дегенде
Айылдагы чалдар минген
Эшек болуп бере алабы?
Же болбосо от жакканга,
Тезек болуп бере алабы?
Убадалар –
Жок дегенде
Улагына сүт эмизген,
Эчки болуп бере алабы?
Базарларда тачка тарткан балдарга,
«Кукси» болуп бере алабы?
Же болбосо Пушкин жазган
Балыкчынын кемпирине
Тепши болуп бере алабы?
Убадалар
Убадалар
Убадалар –
Крокодил бурдап салган
Сырт жагы жасалма гүл,
Ичинен кыйрап калган.
Убадалар
Убадалар
«Мам резервде»
Жатса керек тирелип.
Ораторлор сууруп чыгып оозунан,
Сунуп жатат – кредит.
Кыргыз бирөө
29 партия бар
Ар бири какшап айтты,
Биз келсек парламентке
Кыргызстан болот деп алтын арал
Убадалар
Жөнөкөй бир жел болбой,
же нөл болбой
Өлкөгө бакыт кушу консо кана
Ылайым,
Алтын арал болсо кана.
Калптарды ийрип көнгөн,
Чындыкты сыйрып көнгөн,
Сымаптай кылтылдаган,
Сыйгалак бийликтерден,
Жылаңач убадалуу
Жылгаяк бийликтерден
Кыргыздар биротоло жадап бүттү.
Токтогун убадалар «алтын» тиштүү
Убадалар
Спутниктей,
Гагариндей учууда.
Батинке алып беремин дейт,
Бакалардын бутуна
Уңулдаган жел эле,
Улуу элди утууда!
Убадалар
Убаралар…
2008-жыл
517-БӨЛМӨ
Бул бөлмөдө “кыйшыктары” беш шаардын,
Жулуп келген чексиздин “беш” капталын.
Кээде ташып толкундардай түрүлгөн.
Кеп баштаган Еллададан, Римден,
Байласа да чыгып кеткен асманга,
Балчык кечкен романтик-бири мен.
Сергей досум уурулуктан такшалган,
Полтавадан атак-даңкы таш жарган.
Бир нерсени колго кармай келбесе,
Ооруп калмай адаты бар ал кече.
Татынакай бир сулуусун Сибирдин
Сууруп чыгып коюнунан иңирдин,
Кулап түшүп ал бешинчи кабаттан,
Буту сынып, аман калган таякчан.
Тогуз кадам шилтеп барып жыгылган,
Тобо кылып… Андан соң түз бурулган.
Ачкыч менен кулпка сааттай тагыраак,
Алп денелүү дардайган бир – Голиаф!
Ага каршы төрөлгөнсүп тескери,
Азыр мөлт деп тамуучудай көздөрү ,
Бою жапыз Саша-Йошкар Оладан,
Кызыл-күрөң муруттарын тараган.
Алыстарды эңсей бербей элчилеп,
Адаты бар айнек сүртмөй мелтиреп.
Андан эч бир тажай турган эмес ээ,
Асман менен кошулганча терезе.
Нганасан улутунан – Парнасхан,
Мерген, тыйын чычкандарды көзгө аткан.
Капсалаңда аюу чапчып бетинен,
Карлар каалгып уюлгуган Тальнахтан.
Абакандын – Чеботаев Артуру,
“Енисейлик кыргыз мен” – деп, ал туру.
Өжөрлөнүп, мушташканча талашып,
Өз элинин болгусу жок калп уулу.
Күмүш жылдар тартуулаптыр дос мага,
Күнөөсү көп, а бирок жок халтуру.
ХХХ
Ала-Тоодо – Ат-Башы,
Алтайдагы – Ад-Бажи,
Бир чындыктын кашкасы,
Бир чындыктын ашташы.
Адыр-жонуң атасам,
Аргымактай кишенээр.
Ширеңкесиз дүрт этип,
Күйүп, күйүп түтөнөөр.
Аймагынан Тайганын,
Ак аюулар дүрбөгөн…
Таазим – тоолор силерге
Оо, кыргызча сүйлөгөн.
Талаасынан Сибирдин,
Таң ойгонуп уйкудан,
Таазим – жерлер силерге,
Оо, кыргызча кыйкырган!
Мелис Эшимканов жөнүндө экспромт
Мекем “Жаштык жарчысына” баш редактор болгондо, “Түндүктөн түшкөн редактор” деп кыйсыпыр болушту эле. Ошондо калем менен ак кагазды колума алып…
Мамлекетти талап-тоноп дүрбүшкөн,
“Маслократ” чиновниктер сүрдүккөн,
Эл жебеси болдуң тийген бутага
Эр “пандарды” ыштанына сийгизген.
Каалгалардан кире берет буттуулар,
Канаты бар бүркүт түшөт түндүктөн.
Мекемди эскерип…
Бир өмүр өттү чуулуу,
Бийиктин элең уулу.
Чылк өмүр өттү чуулуу,
Чындыктын элең уулу.
Ойнотуп кээде ийчүсүң,
От менен муздак сууну.
Чогулган миңден иргелген,
Чоң инсандыгың тууру.
Чопкутсуз БААТЫР элең,
Эх, Чокуга сайчу тууну!
Карбалас БАКИРОВ,
«Баягы Асаба», 2014-жыл
«Каалгадан» түшкөн нур…»
2020-жылдын 29-январында Эрнистен ажырадык. 2021-жылдын 25-апрелинде (өзү коюп кеткен дата) жолдошумду эскердик. Эртеси ЭлТР телеканалы чакырды. Бардык. Ошондо Карбалас агай да келип, Эрнистин ырын окуп, эскерип, «Каалга» китебиндеги ырлары тууралуу оюн айткан:
— «Агым» гезитине Эрнис Дантенин (Алигерьи, италиялык акын, ойчул — авт.) «Божественная комедияны» которду» деген маалымат чыкты. Бүгүнкү күнгө чейин Дантенин котормолорун которгон кыргыз акындары болгон эмес эле деп мен тангалдым. Себеби, ал китеп 15333 саптан турат. Таӊгалып Эрнистин өзүнөн сурасам, «баштадым» деп айтты. «Ушуну которгондон кийин, бир бөлүмүн мага көргөзүп койсоӊ жакшы жакшы болот эле» деп кызыктым.
Эрнистин ыр жазып жүргөнүн буга чейин билчүмүн, Данте жөнүндө да ырлары бар экен.
«Каалга» китебиндеги ырларын окуп чынында таӊгалдым, интеллектуал, мурда айтылып жүргөн ашмалтайын чыкпаган жаӊы ойлорду алып келген ыр китеп болуптур, Аталышы айтып тургандай, жаӊы поэзиянын каалгасынын ачылышы деп түшүндүм. «Каалгадан» түшкөн нур. Эрнистин ырларында жан дүйнөсүндө жүргөн бороон бар. Акындын арманы, жеке турмушуна тийгизген таасири камтылган.
«Каалганы» жөн окуп кете албайсыӊ да. Поэзия деген ушундай болуш керек. Бул жөнүндө ойлор дагы алдыда, биздин «Эркин Тоо» гезитибизге дагы ойлорду айтып, пикиримди билдирем.
«Карбалас байке экөөбүз ээрчишип көп жүрдүк, көп сүйлөштүк. Эстесем, жылуулукту гана сезем» деп Эрнис жазгандай, Карбалас агай (жезде), жолдошумдун тирүү кезинде жандүйнөсүнө жылуулук тартуулаганыңыз үчүн рахмат! «Кун Фы Зы» котормо китебинин бет ачаарына да келип кубанттыңыз эле. Ага да рахмат! Андан кийин ЭлТРге келип, Эрнистин ырын окуп, эскерип бергениңиз үчүн рахмат! Бардыгы үчүн рахмат! Бар болуңуз!
Назира СААЛИЕВА