Президент Садыр Жапаров Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун жакында эле кабыл алынган кыргыз тил мыйзамы тууралуу билдирүүсүнө жооп кайтарды. Ал 24-июлда «Кабар» улуттук маалымат агенттигине курган маегинде бул мыйзам орус тилин «дискриминация» кылбастыгын айтты. Өлкөдө эки тил тең бирдей шартта колдонуларына ишендиргенге аракет кылды.
«Сергей Лавров мыйзамды окубай туруп эле сүйлөп атса керек. Ал мыйзамда орус тили дискриминация болсун деген түшүнүк жок. Тескерисинче, орус тили расмий тил катары колдонулат деп турат. Бул ченем баш мыйзамда да бар. Бул ченем кала берет. Мугалимдер менен дарыгерлерге тиешеси жок. Бизге кыргыз тили кандай керек болсо, орус тили дагы ошондой керек. Анткени КМШ өлкөлөрү менен орус тилсиз иштей албайсың. Кытай, араб өлкөлөрүнө, ошол эле Европа өлкөлөрүнө барганда дагы орус тилинде сүйлөшүп атпайбызбы. Бул жерде биз өз тилибизди да толук өздөштүрөлү деп жатабыз да. Мамлекеттик кызматкерлердин, депутаттардын сүйлөгөндөрүн байкасаңар. Жарымы орусча, жарымы кыргызча. Эч бирибиз же толук орусча сүйлөбөйбүз же толук кыргызча сүйлөбөйбүз. Аралаштырып урдуруп кете беребиз. Ошондуктан эки тилди тең бирдей өздөштүрөлү. Керек болсо англис, француз, кытай тилин да үйрөнөлү. Канчалык көп тил билсен ошончолук өзүңө жакшы эмеспи«, — деди президент Садыр Жапаров.
Эске сала кетсек, Сергей Лавров 19-июлда коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушканда Кыргызстанда кыргыз тили мыйзамынын кабыл алынышын сындаган эле. Анда расмий Бишкекти мамлекеттик кызматкерлердин баарын кыргыз тилин билүүгө милдеттендирүү «демократиялуу кадам» эмес экенин бир канча жолу эскерткенбиз деп, орус тили «басмырлоого» кабылып жатканын билдирген.
«Борбор Азияда мыйзамдарды тез өзгөртүп жатышат. Кыргызстанда бир канча ай мурда мыйзам кабыл алынган. Бул идея жаңыдан жаралганда, биз кыргыз досторубузга бул анчейин демократиялуу эмес кадам экенин эскерткенбиз. Мен бардык мамлекеттик кызматкерлерди кыргызча билип, ошол тил менен иштөөгө милдеттендирген жобону айтып жатам. Мамлекеттик кызматкерлердин бул тобуна мугалимдер да, мамлекеттик медициналык мекемелердеги дарыгерлер да кирип калды. Биз ишти улантабыз. Бир канча жолу эскерттик, бирок башка нукка салынып калды. Кыргызстандын Конституциясында орус тили улуттук баарлашуунун тили бойдон калганына карабай, орус тили жалпысынан Украинадагыдай, Прибалтика өлкөлөрүндөгүдөй басмырлоого кабылып жатат«, — деген эле Лавров.
17-июлда Садыр Жапаров “Мамлекеттик тил жөнүндө” конституциялык мыйзамга кол койгон болчу. Ага ылайык мамлекеттик мекемелерде иш кагаздар милдеттүү түрдө кыргыз тилинде жүргүзүлүүгө тийиш. Ошондой эле эл алдындагы расмий иш-чаралар дагы мамлекеттик тилде өткөрүлөт.
Мындан тышкары, шайлоо, референдумга даярдык, аны өткөрүү, соттук өндүрүштөр, сот жараяндары, куралдуу күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын иши кыргыз тилде болот. Эл аралык келишимдерди түзүү, ченемдик актыларды иштеп чыгуу, документтерди жүргүзүү, менчик жана мамлекеттик мекемелердин аталыштары, географиялык аталыштар, товардык белгилер, фирма, компаниялардын аталыштары да мамлекеттик тилде болушу кажет.
Мыйзамдын 32-беренесине ылайык мамлекеттик тилди билүүгө тийиш болгон, ошондой эле аны кызматтык милдеттерин аткарууда пайдаланууга милдеттүү кызматкерлердин тизмеси аныкталган. Ага депутаттар, Улуттук банктын, күч органдарынын кызматкерлери, соттор, прокурорлор, адвокаттар, нотариустар, билим берүү мекемелеринин кызматкерлери, дарыгерлер жана башкалар кирген.
Орус тилине тынчсыздануунун кажети барбы?..
Мамлекеттик тил мыйзам жагынан биз артта калганбыз…
Эне тилибиз кыргыз тили көз карандысыз, өз алдынча мамлекеттик тил расмий макамын алганына 34 жыл болот. Бирок бул тилибиз, улуттук баалуулугубуз эне сүтү менен бүтүп, сүйлөнүп сакталып келатканына кылымдар ашты. Ошол бийиктиктен мамиле кылбай, ар бир жаран мыйзамды сыйлап, мамлекеттик тилди билүүгө тийиш деген чечкин аракеттерди жасай албай келебиз!
Мамлекеттик тил боюнча азыр къчън жоготкон алгачкы мыйзамыбызды ушул коңшу мамлекет Казакстандан озунуп кабыл алып, 1989-жылдын 23-сентябрында улуттук тилибизге мамлекеттик тил макамын ыйгарганбыз, иш жүзүндө бауырлардан артта калдык. Бул ачуу чындык, факт! Менимче, бул казактардын тил маселесинде мамлекеттик саясатты башынан туура баштаганынан болгон. Мурунку ажосу Нурсултан Назарбаевдин көчөлөргө “Казак казак менен казакча сүйлөшөт” дегенди бакырайта жаздырып илдирип койгону канча аңыз болуп айтылып жүрөт. Бул бир улуттун башка улуттан артыкчылыгын көтөрүү эмес, муундарда ажырым болбогудай улуттук аң-сезимди көтөрүү, сөздүн жакшы маанисинде улутчул болууга, улутун сүйүүгө, улуттук баалуулуктардын түбөлүгүн сактоого болгон умтулуу деп ойлойм.
Эне тилибиздин өнүкпөй келатканына чынында намыстанам. Бизде көрнөк-жарнагы, аталышы, башкасы болобу — орус тилине ылайыкташкан, ал эле эмес англис тилинде жазылганы басымдуу болуп баратат. Кыргызчасын эптеп, көрүнбөгөн жерине кыпчып, анда да ката менен жазып коюшат… Айрым мамлекеттик мекемелердин сайттарында кыргызча деген тил тандоосу турат, кыргызча маалыматы аз, жаңыланбайт дагы. Кечирип койгула, казак баурлар латиницага өтөбүз деп, айрым сайттары маалыматтарын Qaz, QZ деп латын арибинде жайгаштырып жатышат…
Айтарым, 56 жылдан бери агартуучулук багытта үзүрлүү эмгектенип келаткан Кыргыз Эл мугалими Бектур Исаков агайыбыз айткандай, эне тилин үйрөнүү бала бакчадан, ата-эненин бала менен үйдөгү кыргыз тилинде баарлашуусунан башталат… Тагырагы, улутубуздун нагыз келечеги – назик балапан дүйнө балдардан башталат. «Кыргыз деп келгем дүйнөгө, кыргыз деп өтөм дүйнөдөн» деп Байдылда атабыз айткан сөздү балдарыбыздын, өзүбүздүн жан дүйнөбүзгө, аң-сезимибизге сиңире алсак, ошондо улуттук тилибиз “муктаждык, зарылдык жаралса гана” үйрөнө турган эмес, “Кыргыз тилин билбесең иштей албайсың, жарандык алыш оңой эмес!” деген заманга жараша талабы бар КЕРЕМЕТ, КУБАТТУУ ТИЛГЕ АЙЛАНАТ!
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы