Президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен проза, поэзия, повесть, эссе, балдар адабияты жана дүйнөлүк адабияттын мыкты чыгармаларынын котормолорунан турган 50 китеп Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына утурлай жарык көрдү. Анын бет ачар аземи
12-июнда Бишкек шаарындагы А.Осмонов атындагы Улуттук китепканада болуп өттү.
Айтылган иш-чарага президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Айнура Аскарова, Жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев катышып, алгач китептери чыккан авторлорду куттуктап сүйлөп, анан жарыкка чыккан китептердин кызыл лентасын кесип, китептерди четинен колдоруна алып барактап чыгышты.
Чыккан 50 китеп арасында биз өзүбүз зарыгып күткөн «Мастер менен Маргарита» да бар болгондуктан, ал жерден ушул китеп боюнча айтылган сөздөргө, мамилеге көңүлүм өзгөчө бурулганын түшүнөт чыгарсыздар… «Жакшы сөз жан эргитет» дегендей, Эдил Байсалов жолдошум Эрнис (Асек уулу) которгон М. Булгаковдун «Мастер менен Маргарита» романын алып, барактап… иш-чарадан коштошуп кетер алдында: «Мен Эрнис байкемдин бул уникалдуу романды которгонун билбепмин. Окуйм го…», — деп жүрөктү жылытты… Айнура Аскарова да баарыбызды куттуктап, ар бир авторго өзүнчө көңүл буралбай калдык деп кечирим сурады. «Улуу Тоолор» басмаканасынын жетекчиси Жумадин Кадыров: «Мастер менен Маргарита» романын Булгаков өзү көрбөй кетип, аялы жарыкка чыгарса, Эрнистин да котормосун жубайы чыгарып отурат. Таңгалычтуусу автор да, котормочу да 49 жашында кетиптир…» деп сөз арасында кошумчалап айтып өттү…
13-июнь — жолдошум жарык дүйнөгө келген күн. Туулган күнүнүн алдында болгон бул иш-чарада, «өзү аман болгондо чоң белек болмок, китепти колуна кармап кубанмак да» деп ичим туз куйгандай ачышты… Ага кошул-ташыл жанга демөөр ушул жакшы иштин бардык түйшүк-машакатын аткарып, китептердин чыгышына чоң салым кошкон Жазуучулар союзунун мурдагы жетекчиси, мыкты акын Нурлан Калыбековдун чакырылбай калганына да аябай жаман болдум. «Эмне келген жоксуң?» деп телефон чалсам, «мага эч ким айткан жок» десе жаман абалда калдым. Кызматта турганда сыйлаганды билип, кызматтан кеткенде сыйлаганды унутуп калабызбы деп кызыктай болдум…
Чынында бул иш-чара башында болгондордун арасында Нурлан да болушу керек эле…
«Нурлан жазуучулар союзуна каражат бөлдүрөм, акын-жазуучулардын китебин чыгаруу маселесин чечем деп канча бут кийимин жыртты. Бюрократиядан бир майнап чыгаруу да азап иш. Нурлан союзда жакшы иштеди, жакшы из калтырды» деп ТҮРКСОЙдун баш катчысы, Кыргыз эл жазуучу, драматург Султан (Раев) агам жазгандай, Нурлан Жазуучулар союзунун ишин жандантам, каржы маселелерин чечем деп далай чуркады… ушул 50 китептин чыгышына чоң салым кошту… анан чакырылбай калганы туура эмес болуп калды. 50 китептин авторлорунун айрымдары деле ушундай пикирлерин айтып жатышты.
Өзүмө келсем, «Эрнистин «Мастер менен Маргарита» котормосун мамлекеттен акча бөлүнсө эле чыгарабыз» деп айткан, жигиттик сөзүнө туруп тизмеге кошту, чыгартты… Андыктан бүгүнкү күндө талыкпай иштеп жаткан жана экинчи өмүрү уланып жаткан жазмакерлердин китептерин чыгарган Нурлан Калыбековго, өз фондунан акча бөлгөн президент Садыр Нургожоевичке терең ыраазычылык билдиргим келет…
Садыр ЖАПАРОВ: «Кийинки муунга көрүлгөн камылга»
Айтмакчы, Президентибиз авторлорго жолдогон куттуктоо катында бул жасалып жаткан иш-аракеттер тилибиздин, нарк-насилибиздин, каада-салтыбыздын туура сакталышына, кийинки муунга мурунку муундун жазгандарын өткөрүп берүүгө көрүлгөн камылга экенин баса белгилептир. Президенттин бул айткан сөзүн кубаттаган Эдил Байсалов мындай саамалык мындан ары дагы уланарын, бул сапар 50 китеп чыкса, эмкиде 100 китеп чыгарын, тизме даярдалып жатканын жана 5 миң нуска менен чыгып калышы ыктымалдыгын билдирди. Ал эми Айнура Аскарова мындай демилге акын-жазуучуларга шык, эргүү берерин, өзгөчө жаштарга чоң колдоо болорун белгилеп өттү…
Ушул жерден кошумчалап айта кетчү тилегибиз, дагы тизме даярдалып жаткан болсо, улуу муундагы адабият өкүлдөрүнөн китептери чыкпай жүргөндөр бардыгын укканыбыз бар, мисалы, Кыргыз эл акыны Сагын Акматбекова эжебиз тандоодо эске алынса дейбиз…
50 китептин тизмеси…
Проза (жарыялана элек чыгармалар)
Бекмамбет Атаканов, “Тайгада калган өмүр”
Бекмамбет Атаканов, “Томь дайра”
Т.Шайдуллаева, “Бак” (аңгемелер)
Бейшебай Усубалиев, “Жомок” (повесть)
Элмира Ажыканова, “Дубал саат” (аңгемелер)
Жумабек Токтогазиев, “Белгисиз адамдын жазгандары” (аңгемелер)
Антуан де Сент-Экзюпери, “Кичинекей ханзаада” (которгон С.Жигитов)
БАЛДАР АДАБИЯТЫ (жарыялана элек чыгармалар)
К.Соорбекова, “Эки бөжөк” аңгемелер
Ы.Кадыров, “Камчы” аңгемелер
Н.Сакыева, “Кереметтүү жомоктор”
Бек Жылдыз, “Гопстоп же биздин зебрабыз” аңгемелер
Р. Шүкүрбеков, «Иттин жомогу»
Ш.Бейшеналиев, «Мүйүздүү козу»
К. Эсенкожоев, “Үчүнчү шар”
«Сен китепти ачсаң, китеп сени ачат»
деп залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматов жазгандай, мурда жана жакында жазылып жарык көргөн жапжаңы 50 китепти ачып окусаңыздар, бир топ ачылыштарды жасай турганыңыздарга ишеним чоң!
«Китепсиз өскөн бала, суусуз өскөн даракка окшош» дегендей, жетилип келаткан чырпыктарды чынар терекке жеткирүү үчүн адабий агымдан суу куюп, жаштайынан китеп окутуп, мурунку жарык муун ысымдарын таанытып келечекке кам көрүү аракетин жасап жаткан мамлекетке ыраазычылык билдиребиз. «Жакшы китеп жазганың, элдин көөнүн ачканың» дегендей, жакшы китеп жазып, элдин жарпын ачып, адабият, кыргыз тилин өнүктүрүүгө чоң салым кошкон котормочуларды, жазмакерлерди да куттуктайбыз! Чыгармачылык жигер, алака токтобосун!
Орус жазуучусу, драматург, врач, театр режиссеруМихаил Булгаковдун (1891-1940) уникалдуу да, чуулгандуу да чыгармасын Орто Азияда роман алгачкы жолу которуп кеткен жолдошум Эрнистин жаткан жери жайлуу болсун!