ФОРУМ: Манас… Агартуучу… Сессия… “Тилимпоз”… “Тентек”… Резолюция

ФОРУМ: Манас… Агартуучу… Сессия… “Тилимпоз”… “Тентек”… Резолюция

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана залкар манасчы Саякбай Каралаевдин 130 жылдыгына карата Манас таануучулардын республикалык форуму 2-3-декабрда, Бишкекте болуп өттγ. Форумга жети дубандан, Бишкек шаарынан келген манас таануучу мугалим- агартуучулар, белгилγγ тарыхчы, окумуштуу, этнограф, манасчылар жана манас жарчылары катышып, алп манасчыларыбыз “Манасыбызды” муундан-муунга кантип өткөрүп сактап келгени, учурдагы элибиздин маданий-руханий мурастарын сактоо, жайылтууда

“Манас” эпосунун абалы, орду, ролу, милдети,  көйгөй-маселелери, эпостогу нукура кыргыз сөздөрүн ылайыктап колдонуу сындуу сунуштар, Манас жомокпу же чынында болгон адамбы сындуу суроолор берилип, кыскасы, пикир, тажрыйба алмашууда кызыктуу талкууларды жараткан бир жакшы чоң аянтча болду.

Басымдуу катышуучулардан болгон мугалимдер баяндамачыларды угуп, суроолорун берип, омоктуу ойлордон ортого салып, сунуштарын айтышты. Ошол эки кγндγк форумда жыйылган сунуштардын негизинде резолюция кабыл алышты.

Анда кеп башынан болсун! 

“Тамгалар даңктайт Манасты”…

“Манас” улуттук академиясы уюштурган иш-чара, салттуу жөрөлгөдөн тайбай, манас айтуу жана “Манас” академиясынын гимни менен башталды. Гимнди Кыргыз эл артисти Бакытбек Ыбыкеев аткарып, “Манастан” γзγндγнү манасчылар “Манас” театрынын жетекчиси, Ч. Айтматов атындагы Мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты Нурбек Талантбеков, Кыргыз эл артисти Рысбай Исаков жана Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген артист Самат Көчөрбаев айтты.

Расмий бөлүктүн алдында “Манас” улуттук академиясынын президенти Азиз Биймырза уулу менен вице-президент Назира Аалы кызы форумдун максаты, багыты, милдети тууралуу учкай түшүндүрүп беришти.

Назира руханий мурасты сактап калуу жана манасчыларга шарт тγзγп, γндөрγн жаздыруу γчγн атайын академияда “Айкөл” студиясы ачылганын жана ушундай форум өткөрγγ идеясы бир жарым жыл мурун эле жаралып, түрдүү себептер менен ишке ашпай келип, Азиз жетекчиликке келгени бир айдын ичинде эле даярдык көрүлүп, минтип ишке ашып жатканын айтып келип, “Ыраматылык Бөкөнбай Боркеев агай: “Идея итте деле бар, аны ишке ашыруу керек!” деп айткандай, ишке ашырып жаткан учурубуз” деп кγлдγрдγ. Назиранын сөзүндөгү дагы бир кызыктуу маалымат: ал манасчы Рысбай Исаковго “Тамгалар даңктайт Манасты” аттуу сөздγк китепти сунуштаган экен, ал болсо, жөнөкөй кара сөз менен эмес, алфавиттик тартипте ыр тγрγндө жазып баштап, учурда “Э” тамгасына жетип аяктап калганын, китеп бул форумга карата чыгып калса деп тилек кылынып, бирок, даяр болбой калганын, анткен менен “чыкканда колуңуздарга тиет” деп баарыбызды кубантты…

Рысбай манасчы “Э” тамгасынан жазганын “Фейсбукка” жарыялап койгон экен, “сөздүк боюнча сөзүбүз куру болбосун, окуп коюңуздар” деп биз дагы кыпчый кеттик:

Э

Эпкинин сөздүн сезели,

“Э” лердин келди кезеги.

Эмдиги жерден башталып,

Энесай болгон этеги.

Эзелки баба жерлерин,

Эсиңе сала кетели.

Ээлеген ушул аймакты,

Эрдиктин кандай эсеби?

Эрешен доордон уланып,

Эркиңде болгон жетеги.

Энчиңде болсун түбөлүк,

Эгемен Кыргыз Мекени.

Эштектин уулу Жамгырчы,

Эрдигин эштек даң кылчу.

Эламан уулу Эр Төштүк,

Эсиңди күчү маң кылчу.

Эрендер арбын “Манаста”,

Эмгеги моокум кандырчу.

Эзилип боор, эбедей,

Эки бет бирдей албырчу.

Элиртип болгон дитиңди,

Эрөөлү намыс жандырчу.

Эбелек атпай чектейли,

Эскилер сөзүн эстейли.

Экчелсин баары акылда,

Элебей таштап кетпейли.

Электүү эстен өткөрүп,

Элпектик ишин беттейли.

Этибар кылсак өткөндөн,

Эселек жандар сестейби?

Эмчилик – табып эрмеги,

Эңгезер – бойдон бергени.

Эңилчек – боёк өсүмдүк,

Эңшерүү – демек, эңгени.

Эргилчек – демек, босого,

Эриш – бул, өрмөк эмгеги.

Элтебер – мансап байыркы,

Этектейм эми термени.

Эрегиш кыла бергендин,

Эсирик болот чеңгели.

Ээрчишип жетти соңуна,

Элирген тамга кербени.

“Э’лерди ээрчип эмне дейбиз эми… кызыктуу, окумдуу китеп болчудай…

Шайырбек. «Тилимпоз». «Тентек»…

Форум жγрγшγнө келсек, академия башчысы Азиз да дал ушундай ар кыл форматта, ар кандай тилде “Манасты” коомчулукка, дүйнөгө жайылтуу, жаш өспγрγмдөрдγн, жаш жеткинчектердин жγрөгγнө салуу, мээсине кыт куйгандай орнотуу академиянын эң башкы максаты деди. Ар кыл формат дегенде, азыр аалам аңтар-теңтер жашап жаткан интернет айдыңында “Манас” эпосун жайылтууда зор эмгек жасап жатышкан журналист Шайырбек Абдырахманов, “Тилимпоз” менен “Тентек” долбоорлорунун жаш жигиттери Жалил Мукамбетов, Тилек Мирлан баяндама жасоо γчγн атайы чакырылганын айтты.

Ушундай жакшы саамалыктар болуп жатканын уккан академик Абдылдажан Акматалиев, Кыргыз эл жазуучусу Асан Жакшылыков, Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев, Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев “Манасты” жайылтууда жакшы иштер башталганын, аны ишке ашырууга бел байлаган Азиз менен Назираны колдоого чакырык таштап, куттуктап, баталарын беришти.

Ал эми тарыхчы Тынчтыкбек Чоротегин онлайн форматта куттуктоосун айтты:

Урааным — Манас! Улутум — кыргыз!

Программа боюнча пленардык жыйын γч сессияга бөлγнγптγр. Жалпы аталышы “Манас таануучулардын “Манас” эпосун жайылтуудагы ролу: жаштардын манас таанууга болгон кызыгуусун арттыруу боюнча иш алып баруу ыкмаларын талкуулоо” аталган биринчи сессияда баяндамачылар: педагог-окумуштуу, профессор Советбек Байгазиев, тарыхчы, акын, коомдук-маданий ишмер Байас Турал, акын, Кыргыз эл жазуучусу, “Манас” академиясынын ардактуу академиги Асан Жакшылыков, Жусуп Баласагын атындагы КУУнун манас таануу жана дүйнөлүк адабият кафедрасынын доценти, филология илимдеринин кандидаты Аскар Медетов өз баяндамаларын илимий-адабий өңүттөн адистик, кесипкөй көз караш менен карап жасашты.

Эми толугу менен токтолуп отурсак, бир баяндамачынын баянын деле айтып бүтпөйбүз. Андыктан, жармач байкообузга салып кыскартсак, “Урааным — Манас” деп сөзγн баштаган Асан Жакшылыков агабыз өз баянына байланыштуу “Манас” эпосун сактап калуудагы тарыхый окуяны эске салды. Тагырагы, 1952-жылы “Манас” эпосун жок кылуу, кыргыз эли шедевр чыгармасынан айрылып калуу, “Манас” китеби өрттөлүп, ошо бойдон жок болуп калуу коркунучу болгонун, андагы жазуучулар, адабиятчы, илимпоздор кантип сактап калганына токтолду. “Биз руханий тирегибизди, тарыхта калчу тамырыбыз “Манасты” сактап калдык. Мына, “Манас” дүйнөлүк даражадагы улуу чыгармага айланды. Бириккен Улуттар уюму, ЮНЕСКОнун чечими менен 1995-жылы “Манас” эпосунун 1000 жылдыгын белгиледик. Биз, кыргыздар, бириндегенде бир-бир кишибиз, ал эми бириккенде — Манаспыз. Кыргыздын айкөл демин асыраган ынтымактуу калк бололу”, — деген тилегин айтты.

Асан агай сөз кылган 1952-жылы 6-10-июнь күндөрү, биз билгенден, “Манас” эпосун бар же жок кылабыз деген катуу талкуу, кармаш жүргөн. Кыргыз-казактын мыкты уулдары Болот Юнусалиев, Мухтар Ауэзовдун “тарыхый баалуу баяндамалары” “Манас” эпосу элдик эмес, Манас чачыраган кыргыздардын башын бириктирген баатыр болгон эмес… ж.б.у.с. шумдук “жүйөлөр” менен “Манас” ааламын жокко чыгаргысы келгендердин демин суутуп, мизин кайтарган… “Манас” эпосун сактап калган (бул тууралуу өзүнчө кенен сөз кылып беребиз)…

Баяндамачы Аскар Медетов агабыз “Манас” тууралуу мыйзам кабыл алынганын, аны ишке ашыруу боюнча чыккан президент жарлыгы, өкмөт токтомун айтып, ошол мыйзам боюнча иш алып барып жаткан Азиз менен Назирага ийгилик каалап, “кыргыз рухунун туу чокусу “Манас” эпосу” (Ч.Айтматов) изилденген Манас таануу илиминдеги жаңы багыттар жана көйгөйлөргө кыска, нуска токтолуп, илимий-теориялык китеп деп Азизге тапшырды.

Ал эми профессор Советбек Байгазиев “Манас” эпосун азыркы окуучуларга окутуудагы абал, көйгөйлөр, милдеттерди сөз кылып, “Манасты” кийинки муунга жеткирγγ оор экендигин, ал γчγн Улуттук академия Манасты окуткан лаборатия ачышы керек деген сунушун айтты. Болбосо, дискуссия, иликтөө жана изденγγ тγйшγгγ маалыматтык деңгээлде гана кала берерин эскертти. ““Манас” эпосунун өзөктγγ баалуугунун, нарктуулугун Курандагы динди чечмелегендей чечмелеш керек!”, — деди. Ошондой эле агабыз бир курдай Бакай-Ата районуна иш сапар менен барып калганда, Азиз Биймырза уулунун мектепте окуган кичинекей кезинде манас айтканына кγбө болгонун, “бул баладан бир нерсе чыгат” деп айтканын эстеп, “ошо жигит бγгγн “Манас” академиясын жетектеп отурат, “Манас тирγγ, арбагы колдосун!”, — деди.

Байас Турал да Советбек агабыздын жогоруда айткан сөзγн кубаттап, Куран, Библиядагы сөздөр кандай чечмеленсе, “Манас” да так ошондой чечмелениши керектигин айтты. “Манас — тγпкγ атабыз. Эпосто бγтγндөй кыргыз элинин басып өткөн жолу, тарыхы жазылган. Кыргыз билим берγγ системасында манас таануу сабагынын орду, ролу айтылып, жазылып келет. Ушундай иштерди жасай турган — “Манас” улуттук академиясы дагы” деп Азиз менен Назирага ийгилик каалады.

“Манас” кыргыз элинин маданий коду. “Манас” маалымат майданында”

Жыйындын ушундай аталган экинчи сессиясы мугалим-агартуучулардын кызыгуусун ого бетер арттырып, жандандырды. Интернет, жасалма интеллект, контент, санариптештирүү, интернет-адабиятты “сетература” атаган ж.б.у.с. заманбап терминдерди жаратып алган азыркы маалыматтык технологиялар доору улуттук баалуулуктарыбызга да түздөн-түз катышы бардыгын далилдеген баяндамалар жасалды. Албетте, баяндамачылар жаштар болду. Жөн жаштар эмес, заманбап ой жүгүрткөн, өз тилинен тышкары бир канча тилде сүйлөгөн, аалам кезсе, ааламдын алдыңкы компанияларында иштеп кете турган, бирок жүрөгүн Мекен кызматына арнап, байкатпай бараандуу иштерди кылып жаткан жаштар.

Маселен, жалпы элге 2021-жылы президенттикке талапкерлердин бири катары таанылган, «Кыргыз өнүгүү жолун тарыхтан, ата-бабалар калтырып кеткен мурастардан издеш керек» деген Аймен Касенов “Манас” эпосу кыргыз элинин бренди катары” темасында маңыздуу баяндама жасады.

Андан соң кесиптешибиз Шайырбек Абдырахманга кезек келди. Ага сөз берγγдөн мурда модератор Илим Карыпбеков УТРКда жетекчи болуп турганда анын кадырын билбегенин айта кетти. Эпосторду коомчулукка жайылтууда чоң эмгек жасап жатканын социалдык тармактардан көрγп калып баа бергенин айтып келип, кайсы бир “тγнкγ клубда” өзү таң калган кызыктуу окуяны айтып бизди таң калтырды. Ага бир бай “киргиз” кыз (атын атаган жок) Шайырбекке барып “Манас” тууралуу 4 ай окуп сабак алганын айтып берсе, угуп алып шок болуптур… “Демек, Шакемдин эмгеги текке кетпептир да” деп кубанды… Ушундай “лирикалык чегинүү” менен сөз кезеги жеткен Шайырбек өзү да «Манас» эпосун кара сөз менен айтып жаткан “Манас баяны” мектеп окуучуларына жеткиликтγγ, чоң жардам болуп жатканын форумга келген мугалимдер айтканын угуп, “демек, эмгек текке кетпептир” деп чекеси жарыла кубанганын айтып бир толкуп алды. Ошондой эле ал ушундай жолугушууларды байма-бай уюштуруп туруу сунушун киргизди.

Айтмакчы, азыр КУУда психологияны окуп, “Манас атабыздын эмоционалдык интеллектисинин бекемдигин” таанып билип таң берген Шайырбек “Манас” үчилтигин – “Манас баянын” 104 көрсөтүү, “Семетейди” 41 көрсөтүү менен аяктап, эми “Сейтектин” өзөктүү окуяларын аралап, “Желмогуз уулу Сарыбай менен болгон согушта” жүрөт… Буйруса, “Курманбек”, “Эр Төштүк”, “Жаныш, Байыш”, “Кожожаш” жана башка эпос, дастандарыбызды да кара сөз менен айтып берейин, не дедиңер” деп собол таштады, макул дегендер, баракчасына кирип “быйтыкчалардын” бирин калтырып улуу ишке кол кабыш кылып койсоңуздар болот…

500 553 саптан турган “Манас” баяны

Шайырбектен кийин сөз алган “Тентек” долбоорунун негиздөөчγсγ Жалил Мукамбетов да “Манас” эпосу боюнча жасаган иштери, келечектеги пландары боюнча учкай айтып, 500 553 саптан турган “Манас” эпосун ыр тγрγндө балдар башына батыра албастыгын, андыктан аларга ылайыктап мультфильм кылып тартканын, коомчулуктан колдоо тапканын айтты.

“Манас” эпосубуздун 3 тилде мультфильм катары чыгып жаткан долбоорду кош колдоп колдошубуз керек. “Англис, орус тилинде тили чыгып калды баламдын” деген ата-эне “Манас” анимациялык сериалын көрсөтсө болот. Балдары менен кошо өздөрү да басып өткөн жолубуздан кабар алып, тарыхыбыз менен таанышышат. “Кыргыз тилинде мультфильм жок” деген ата-энеге да дал ушуну көрγγнγ сунуштайт элем. Ушундай ойлорумду жанымда отурган мугалимдерге айтсам, “бул долбоор менен буга чейин тааныштыгыбыз жок эле, эми жайылтабыз” деп өздөрү да кубанып, бизди да кубантышты.

Тилимди билген журт болсо,

Тилим менен келсин деп.

Тил билбеген журт болсо,

Тилмечи жооп берсин деп…”

деген “Тилимпоз” долбоорунун жетекчиси Тилек Мирлан “Кыргыз элдик оозеки чыгармачылыгынын заманбап платформалардагы орду” боюнча баяндамасын көрсөтмөлүү слайддар менен тγшγндγрγп берди. Алгач ал “Тилимпоз – Кыргыз тили” аттуу социалдык долбоорун 2020-жылдын 1-майында баштаганын, атайын социалдык тармактарга баракча ачканда, бир топ мугалимдер ага катталуучу болгонун, алар менен бγгγн жγз көрγшγп жатканын кубаныч менен айтты.

Анан “Дин таануу”, “Айтматов таануу”, “Манас таануу” сабактары мектептерге киргени менен “Манас таануу” сабагы кыскарып кеткенин, “аны кайра калыбына келтирип берсе деген тилек мугалимдерде да бар болсо керек” деп,  “Манасты” жайылтууда эпостогу тамчы гана сөздөрдγ колдонуп, ар кайсы сабактарга киргизсе болот деп сунушун айтып, аны жеткиликтγγ кылып мисалдар менен тγшγндγрγп берди.

Кγнγмдγк колдонуп келаткан сөздөрдγ эле алсак, мисалы, Анжыян, Υрγмчγ, Бээжин аттуу жер-суу, жашылча-жемиштин кыргызча аталышын орусча айтып келатабыз. Орус тилин жайылтуу γчγн чыгарылган сөздөрдγ азыркыга чейин жайылтып жатабыз.

А эмнеге өзγбγздγн жакшынакай сөздөрдγ: оргума (фонтан), канжа (трубка), данданкγ (зубочистка) деп колдонуп, жайылта албайбыз? Жер-суу, жаныбар атоолорун эле сабактарга киргизсек болот. Бөрсө – кенгуру, бөрсөгөй – кенгуренок. “Кериги бар, пили бар, саятчы, саяпкери, качыры бар” дегендей, жаныбарлардын аталышын география сабагына эмнеге киргизе албайбыз? Дегеле бардык сабактарга өзγбγздγн нукура сөздөрдγ киргизсек болот. Бул нукура сөздγн баары “Манаста” бар. Мына, жайылтуунун бир жолу” деди…

“Бали, Шайырбек! Бали, Мирлан! Бали, Жалил!” деген мугалимдер улуттук баалуулуктарыбыз боюнча ушундай билими терең, кенен жаштар бар экенине чындап кубанышты…

Айтмакчы, “Сакемдин өзүн карасаң,/Cакадай болуп кичине./ Айкөл Манас бүт баткан,/ Алмадай баштын ичине!” деп Байдылда Сарногоев жазгандай, Саякбай атабыздан делген 500 553 сап ыр – Саякбай атабыз айткан “Манас” баяны  — «Манастын» өзү (84 513 сап), экинчи бөлүк — «Семетей» (316 157 сап, көлөмдүүсү), үчүнчү бөлүк «Сейтек» (84 697 сап) жана «Сейтектин» уландысы болгон анын уулу Кенен баатыр, Кенендин балдары Алымсарык, Кулансарык жөнүндө 15 186 сап ыр жазылып алынган.

Жогорку Кеңештеги мыйзам… “Супарадагы” сый…

Форумдагы жыйындын үчγнчγ сессиясында “Манас” эпосун жайылтуудагы инновациялык мамилелер: заманбап ыкмалар жана технологиялар” аталыш боюнча жети дубандан келген мугалимдер кызыктуу баяндамаларды жасашты. Сунуштарын айтышты. Алардын ар биринин баяндамасын, сунушун өзγнчө тема кылып берели деп чечтик. Себеби, “Манас” эпосу боюнча эки кγндγк иш-чараны бир берип салсак, Саякбай атабыз Манас атабыздын беш муунун айткандай биздин баяныбыз кыйла узарып кетет экен…

Кыскасы, мугалимдер “Манас” эпосу жөнүндө Жогорку Кеңештин депутаттары Камила Талиева менен Мирлан Самыйкожо жазган мыйзамдын айланасында болгон талкууда болушту. Андан ары “Супара” этно-комплексинде сый көрγп, Улуттук “Манас” театрынын концертин угушту. Бийлешти, ырдашты, чардашты…

Эмоция… Жыйынтык… Резолюция…

Экинчи кγнγ иш-чаранын жыйынтыгы боюнча талкуу болуп, мугалимдер форумдан алган таасирлери менен ой бөлγштγ…. Форум жогорку деңгээлде уюштурулганын, пикир алмашуудагы аянтча өз максатына жеткенин баса белгилеп, уюштуруучуларга терең ыраазычылыгын билдирип ырдап да жиберишти…

Англис тилинен сабак берген, окуучуларына манасты англис тилинде айттырган мыкты мугалим болгон Шааркан Кенжегулованын кызы, эгиздин түгөйү, көп сыйлыктардын ээси, көп жыл бою УТРКда эмгектенген, “Манас” улуттук академиясында аз убакыт иштеп кеткен Элмира Тезекбаева эжебиз жакында эле «Мас-рестлинг» (Таяк тартыш) спорттун түрүнүн 6-Дүйнө чемпионаты Кыргызстанда болуп өткөнүн, Таяк тартыш федерациясынын Кыргыз Республикасында түптөлүшүнө, эл аралык деңгээлге чыгышына зор салым кошкон эсил кайран эгизи Тезекбаев Эркинбек Асанбековичтин жаркын элесине арналганын айтты.

Ошондой эле эжебиз “Манас” эпосундагы улуттук көп оюндун ичинде таяк тартыш оюну болгонун айтып келип, анан мугалимдерге ак жол каалап, уюштуруучуларга “Манас” жарчылары — журналисттердин атынан ыраазычылык билдирди.

Уюштууруучулар жана жалпы катышуучулар аягында төмөндөгγдөй резолюция кабыл алышты:

РЕЗОЛЮЦИЯ

          Биз, манас таануучулардын республикалык форумунун катышуучулары, Бишкек шаарында «Манас» улуттук академиясынын демилгеси менен уюштурулган бул маанилүү окуяга катышкандардын бардыгына терең ыраазычылык билдиребиз. Форум улуу «Манас» эпосун сактоого жана өнүктүрүүгө багытталган билим, тажрыйба жана идеяларды алмашуу аянтчасына айланып, максатына жетти.

Резолюциясынын негизги жоболору:

  1. Маданий мурастарды сактоо: Кыргыз элинин маданий өзгөчөлүгүнүн эң маанилүү элементи катары «Манас» эпосуна байланыштуу изилдөөлөрдү колдоо жана өнүктүрүү:
  2. Билим берүү жана агартуу: жаштар арасында маданий салттарды сыйлоо сезимин калыптандыруу үчүн башталгыч класстардан баштап окуу жайларга манас таануу курстарын киргизүү жана жайылтуу;
  3. Илимий изилдөөлөр: манас таануу жаатындагы илимий изилдөөлөрдү жандандыруу, эпоско арналган басылмаларды колдоо, конференцияларды, семинарларды уюштуруу;
  4. Эл аралык кызматташтык: тажрыйба алмашуу жана «Манас» жөнүндөгү билимди Кыргызстандан тышкары жайылтуу үчүн эл аралык илимий жана маданий уюмдар менен байланыш түзүү;
  5. Эпосту популярдаштыруу: «Манасты» кеңири аудиторияга жайылтуу, анын ичинде көргөзмөлөрдү, театралдаштырылган спектаклдерди жана фестивалдарды даңазалоого багытталган программаларды жана иш-чараларды иштеп чыгуу;
  6. Аткаруучуларды колдоо: манас таануучуларды колдоо жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү. Анын ичинде тренингдерди, мастер-класстарды жана сынактарды өткөрүү;
  7. Документтештирүү жана архивдөө: келечек муун жана изилдөөчүлөр үчүн «Манаска» байланышкан материалдарды калыпка салуу жана архивдештирүү камсыз кылынсын;
  8. Манас таануучулардын форуму “Манас” улуттук академиясынын жылыга өтүүчү салттуу иш-чарасы болуп, манас таануучулар мγчө болгон, туруктуу иш алып барган “Манас” улуттук академиясынын алдында «Манас таануучулар кошууну» түзүлсүн.

Корутунду

           Биз, форумдун катышуучулары, бардык кызыктар тараптарды мамлекеттик органдарды, илимий мекемелерди, маданият уюмдарын жана коомчулукту бул демилгелерди ишке ашыруу үчүн бардык аракетибизди бириктирүүгө чакырабыз. «Манас» эпосу жандуу өзөк катары, руханий деми менен, келечек муундар үчүн маанисин сактап, бизди шыктандырып, бириктире берсин.

“Колуңда болот Ай-Кγнγң, Кошуунда болсо ынтымак”

Ушундай резолюцияга кол койгондон кийин мугалимдер сыйланышты, тагырагы, аларга академиянын кичинекей төш белгиси менен кошо “Манасты дγйнөгө даңазалагандар” аттуу көлөмдүү китеп, “Эр Табылды”, “Эр Төштγк” энциклопедиясы, “Эпос” эл аралык илимий журналы, “Манас таануу” окуу китеби, Манас стенограммасы менен кошо сертификат, кγбөлγк тапшырылды. Кγбөлγгүндө мындай деген ыр да жазылыптыр:

“Билимге акыл сый кылат,

Биримдик тоону жылдырат.

Бириндебей кумурска,

Биргелешсе пил жыгат.

 Бир-бирин жγргөн сыйкырлап,

Бирдиксиз ырыс кыркылат.

Колуңда болот Ай-Кγнγң,

Кошуунда болсо ынтымак”

“Манасты Манас кылган Каныкей”

Ал эми аягында 92 жаштагы Абдыразак Шермамбетов атабыз мындай деди: “Манасты Манас кылган Каныкей” деп Азиз Биймырза уулуна өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болуп, Манаска кызмат кылып алгылыктуу иштерди жасап жаткан Назира Аалы кызындай идеяга бай, акылман аялзаты турганы да Кудайдын буйругу, Манастын берген белеги. Эркекти бар кылган да, жок кылган да, төргө сγйрөгөн да, көргө да сγйрөгөн да аял” деп аялзаты тууралуу ыры менен ак батасын берди.

Ошентип манас айтуу менен башталган форум манас менен аяктады.  Уран Молдошевдин манасын муюп угуп бγткөн соң, иш-чара соңу мезгил менен катып калган сγрөткө түшүү болду…  “Башталат иш майдадан, байкабайт аны майда адам” деп сатирик, акын, драматург, котормочу Райкан Шүкүрбеков айткандай, Назира бул форумдун ийне-жибине чейин дыкаттык менен карап, жγрөгγн салып уюштурган форум агартуучулардын да, биздин да көңγлдγ тазартты, жашартты, жγрөктγ жибитти… маданий-руханий азык тартуулады… Ошондуктан опол тоодой кылынган ишти байкамаксан болбойлу, Манас атабыздын, Саякбай атабыздын арбагын ыраазы кылган кызды колдойлу!

Манасты” билбеген кыргыз кыргыз болуп жарытпайт!»

Сγрөттө: Бексултан Жакиев, Мар Байжиев, Салижан Жигитов

«Элибизди атуулдук духка, кең пейилдикке тарбиялайлы десек “Манасты” билишибиз керек. Биз “Манас” менен элбиз. “Манасты” билбеген кыргыз кыргыз болуп жарытпайт!

“Манас” эпосунун бүгүнкү күндө айтуучусу бар жападан жалгыз тирүү эпос. Манасчылык өнөрдү өнүктүрүш керек. Болбосо Манас китеп бетинде калып, өлүү Манас болуп калат. Мына “Иллиада”, “Одиссея” бүт дүйнөгө тарады, бирок, булар өлүүнүн эпос­тору. Себеби, айтуучусу, ырдоочусу жок. Биз мындай акыбалга келбешибиз керек” деп белгилγγ драматург, Кыргыз Эл Баатыры Бексултан Жакиев айтып кеткендей, өлγγ эпоско айланбайлы, анткени бизде айтуучулар бар!

 “Манастын тарыхый чындыгын тактап, келерки муундарга калтыралы!”

Манастын өзөктүү окуяларынын доору бул кылымдарга, баатырдык доорго тиешелүү. Себеби, батырдык доордо тынымсыз, 500 жыл бою Алтай менен Кытайдын ортосунда согуш жүрүп келген. Демек, биздин доорго чейин миңдеген жылдар бою Ата Мекенди коргоо үчүн күрөшүп келген. Муну эч ким далилдей элек. Манастагы окуялардын баары тарыхый чындык эмес, жомок деп келишет. Манаста “Жарымы төгүн, жарымы чын. Жарандардын көңүлү үчүн” деп айтылганы бекеринен эмес. Ар кандай эпос, жомоктордо да тарыхый чындык болот. Биздин милдетибиз Манастын тарыхый чындыгын тактап, келерки муундарга калтыруу”, – деген коомдук ишмер, маркум Топчубек Тургуналиев аталган Академияны да негиздеп, кийинки урпактарга калтырып кетти.

Топчукебиз айтып кеткендей, “Манастын тарыхый чындыгын тактап, кийинки муунга татыктуу өткөрγп берели! Анткени бул форумда айрым мугалимдер: “Манастын болгону чынбы? Силер балдарга жомокту окутуп атасыңар” деген да ата-эне жок эмес” дешти. Андыктан баатырдын бар болгону тастыкталган китеп чыгарып берγγ сунушу да болду бул аянтчада.

“Манас таануучулардын республикалык форумунан алган мугалимдердин эмоциясын, сунушун, баянын сайтыбызга четинен берип турмакчыбыз! Манасты бир кγн эле даңктабай, кγнүгө даңктайлы, жайылталы, туугандар!

Назира СААЛИЕВА

2 thoughts on “ФОРУМ: Манас… Агартуучу… Сессия… “Тилимпоз”… “Тентек”… Резолюция

  1. Мен республикалык 1 Манас таануучулардын форумунун катышуучу болуп барып катышып келдим.Уюштуруучуларга терең ыраазычылык билдирем.Эң сонун сезимдерге ,маалыматтарга ээ болдук,эң сонун демилге экенин мен сыймыктануу менен айткым келет.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.