«Мастер менен Маргарита» романын Эрнис Асек уулу өтө чеберчилик менен мыкты которуптур»

«Мастер менен Маргарита» романын Эрнис Асек уулу өтө чеберчилик менен мыкты которуптур»

Москвага жеткен «Мастер менен Маргарита» 

Орус жазуучусу, драматург, врач, театр режиссеру Михаил Булгаковдун уникалдуу, чуулгандуу «Мастер и Маргарита» романы Кыргызстанда биринчи жолу которулуп, былтыр президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен жарык көргөн.

Бул өтө оор, татаал романды журналист, акын, жазуучу, котормочу Эрнис АСЕК уулу (1970-2020) которгон. Жолдошум көз майын коротуп, жүрөгүн казык кылып сайып, ар бир сөзүн таразалап, ар бир сөзүндө жашап бул романды эки айда эле которгон. Китептин мукабасын да өзү жасаган эле… Баарын даярдап, «Турар» басмаканасына 2019-жылы июнь айында тапшырып, басылып чыгышын жети ай зарыгып күтүп өттү… Көзү өткөндөн 4 жылдан кийин жарык көрүп отурат…

***

«Пенденин оозунда болсо, Кудайдын кулагында» дегендей, «Бул китеп Кыргызстандагы китепканалардан орун алса…» деген тилегимди Алла Таалам орундатты: бардык республиканын китепканаларына коюлду…

Андан кийинки кыялым — Москва шаарындагы Орусиянын элдер достугу университетинин (РУДН) тутумундагы Гравитация жана космология институтунда мугалим, котормочу Кубантай Эрназаров аркылуу ишке ашты. Алтын иним «Булгаков үйү» музей-театрынын аткаруучу директору Склярова Наталья Петровнага китепти алып барып тапшырды…

Европадагы котормонун катарына кошулган «Мастер менен Маргарита»

Булгаковдун бул чыгармасы бүгүнкү күндө көп тилге которулган жана көп окулган чыгармалардын катарына кирет…

Булгаков таануучулардын эсептөөлөрү боюнча, Европада 26 тилге которулган. Журнал бетине чыккандан алгач китеп болуп басылган убакыт (1966-1973) аралыгында эле англис (эки жолу), болгар, венгр, голланд, грузин, иврит, испан, италия (эки жолу), македония, немис (эки жолу), норвег, поляк, португал, серб, словен, түрк, фин, француз, хорват, чех, швед, эстон жана япон сындуу тилдерде өз окурмандарын тапкан... Канча тилге которулса, ошол котормолордун бардыгы «Булгаков үйү» музей-театрында бар экен… Эми минтип алардын катарына ушул жылдын 26-январында  «Мастер менен Маргарита»  барып кошулду. Бул чоң кубаныч жана сыймык!

***

Жолдошумдун шедевр котормосу боюнча алдыда сөз болот.  Дегеним, китептин бет ачарын апрелдин аягында өткөрүү пландалууда… Ага мыкты котормочулар, илимпоздор жана элчилер катышары күтүлүүдө… Ага чейин бул котормону окуган окурмандар социалдык тармактарга пикирин жаза башташты… Алардын бири — «Азаттыкта» иштеген кесиптешим Айбек Абдылдаев.

Китеп окуу жагынан алдыга ат салдырбаган «Азаттык»…

Айбектин котормосунан мурун мен алгач «Азаттыктагы» кесиптештерим тууралуу айта кетейин… Михаил Булгаковдун «Мастер менен Маргарита» романы кыргыз тилинде биринчи жолу жарык көрдү» деп «АкиПРЕССтен» кийин эле «Азаттык» жар салды. Ал эле эмес, котормону укмуш окушту…

Санжи Туйтунова

Эрнистей болуп дγйнөлγк адабиятты казып окуган мыкты журналист Санжи Туйтунова кумурскадай эле кесиптештерге котормону ташыды го, чиркин! «Азаттык» китеп окуу жагынан алдыга ат салдырбайт турбайбы деп кубандым. «Эрнис байке артына чоң эмгек таштап кетиптир… жакшы которуптур», — деди Санжи. Рахмат сага, Санжи!

Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты, «Азаттыктын» журналисти, публицист, адабиятчы Бекташ Шамшиев агабыз да котормого жогорку баасын бергенин Айбек иним жазыптыр.

«Жамандарды жолуктурсам күйүнөм/, Жакшылардын сөзүн уксам сүйүнөм…» деп Эрнис жазгандай, жолдошум  жөнγндө, чыгармалары тууралуу жакшы сөз уксам кубанам! Айбек иним дагы котормо боюнча «Фейсбуктагы» баракчасына жакшы пикир калтырып кубантты. Анда эмесе, аны чогуу окуйлу, туугандар!

Назира СААЛИЕВА

«Мастер менен Маргаританы» Эрнис Асек уулу кемелине жеткириптир»

Михаил Булгаковдун «Мастер менен Маргарита» романын маркум Эрнис Асек уулу өтө чеберчилик менен мыкты которгон экен. Өзүнүн дагы таланты, даярдыгы, дарамети шай болуп, астейдил тер төккөнү дароо байкалат. Кыйладан бери кодура котормолорду окуп калганга бу котормо көркөмдүк жагынан да, стилистикасы дагы кыпкыргызча болуп көрүндү.

Илгери Ашым Жакыпбековдун, Камабаралы Ботояровдун, Орозбековдун, Аман Токтогуловдун, Мырзаян Төлөмүшевдин котормолорун окуп, авторунан ашыра жазып салгандай, бирдеме кошуп салгандай кабыл алчу элем. Фольклордун тилине салып шыр кеткенде тимеле үстүнө бир чыны суу койсоң чайпалбаган жоргодой кетчү сүйлөмдөр…

Эрнис Асек уулу чон эмгек кылып, бирок көзү тирүүсүндө кыргызчалап, басып чыгарууга үлгүргөн эмес. Маркумдун жубайы Назира Саалиеванын айтымында, китепти президенттин колдоосу,  Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Жазуучулар Союзу биргеликте «Улуу тоолор» басмаканасы миң нускада басып чыгарган.
Китептин соңунда Булгаковдун “Күрөөгө коюлган сүйүү” аңгемесинин котормосу да жүрөт.

«Мастер менен Маргаританы» Эрнис Асек уулу кемелине жеткириптир» деп Бекташ акеме мактанып, айтып бүтө албайм. Бекташ агай дагы көп окуган, чоң таланттын ээси эмеспи, ал киши дагы жогорку баасын берди, айтор. Менимче, ушундай мыкты котормолор тилдин байлыгын андан бетер арттырат, экинчи жагы татаал чыгарманы окуп түшүнө бербеген окурманга дагы пайда эмеспи…

Айбек АБДЫЛДАЕВ (28-август, 2024-жыл)

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.