Белгилүү мамлекеттик ишмер Төрөкул Айтматов менен жубайы Нагима Айтматованын 120 жылдык мааракесине арналган “Акыркы кат” спектаклинин бет ачары (Бишкек шаарындагы Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында, 11-мартта) болгон.
Кыргыз эл жазуучусу Кайрат Иманалиевдин калемине таандык спектаклди эл жакшы кабыл алгандыктан, апрель айында кайрадан коюлуп, кечээ (13-апрелде) жыйынтыкталды.
Бул спектакль жөнүндө биздин редакцияга Кыял Таажынын макаласы келип түштү. Ал толугу менен төмөндө.
***
«Акыркы кат» спектакли жөнүндө…
2025-жылдын апрель айында Т.Абдымомунов атындагы КУАДТда Кыргыз эл жазуучусу Кайрат Иманалиевдин «Акыркы кат» драмасы Уланмырза Карыпбаевдин режиссерлугунда сахналаштырылды. Автор менен режиссер биргеликте ушуну менен экинчи ирет тарыхтын кандуу тактарын эненин көзү менен карап, эненин жүрөгү менен өткөрүп, эненин арманын, үнүн элге жеткириши.
Биринчи ирет Б.Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрында коюлган «Үмүт» спектаклинде Улуу Ата Мекендик согушту эненин улуу үмүтү, арманы, трагедиясы аркылуу чагылдырышкан эле.
Эки спектакль тең өтө ийгиликтүү коюлган.
Чындыгында көрүүчүнүн жүрөгүнө жетүүгө эненин үнүн тапкандыктары өтө утуштуу болгон.
Энеден артык ким сезет, ким өрттөнөт, ким күйөт да, улуу арманды энеден артык ким көтөрөт?
Айрыкча тоталитаризмдин өрттөнүп жаткан жана өрттөп жаткан кызыл желегин жалгыз ушул эне чуркап барып, адилетсиздиктин пардасын сыйрыгандай сыйрып ыргытты. Чырылдаган чындык ага ошондой күч берди. Ошого эненин гана күчү жетти.
Анын издеген чындыгынын фонунда арман менен күлкүнүн, ак менен каранын контрасты өтө күчтүү, бийик обогейине жетти.
Режиссердук чечилиштерде адамдын ички психологиясы өтө бир кылдат жана ынанымдуу, сырдуу берилиптир. Нагиманын жаш кезин эстөөдөгү акыбалы спектаклде баштан аяк эки Нагиманын (Артисттер Г.Каниметова жана Г.Сатарова) бир учурда бир жерде чогуу болушу менен өзгөчө сезимдерди чагылдырышы менен коштолгону да жаңычылдык.
Бул спектаклде да режиссердун мурда коюлуп келген спектаклдеринде («Күн кармаган бала», «Ак кеме») көрсөтүлгөн советтер союзун өтө ашкерелеп, тоталитаризмдин кулдук психологиясын ашөпкө мазактаганы өзгөчө көрсөтүлдү. Каада-салттагы адам укугуна каршы жөрөлгөлөрүн ашкерелөөдө «Ай тутулган түндө» спектаклинде көрсөтүлгөн массалык үн жаңырып турат.
Андан тышкары режиссер ар бир спектаклинде чындыктын үнүн жеткирүү үчүн микрофон берет.
Эненин өзүнүн эле табигый үнү элге түз жетсе. Ашыкча кыйкыруу жүрөктөрдү алыстатат. Анын үстүнө бүгүн технологиянын кандуу чеңгелинен бир азга болсо да кутула туруунун бир айласы ушу театр эле калды. Эми анын табиятын бузууга болбостур.
Сахна жасалгаларындагы символикалык чечилиштер да өтө жеткиликтүү табылган. Шекердеги үй айланганда бир туруп станция, бир туруп штаб, бир туруп Москва, бир туруп Фрунзе болуп турат. Андан сырткары да ошол доордун ар түрдүү тарабын да көрсөтүп турат.
Спектаклдин негизги мазмуну Ч.Айтматовдун балалыгы аркылуу баарыбызга тааныш болгону менен, кайра жаңы бир окуяны көрүп жаткандай эле элес калтырды. Бизге тааныш окуя, бизге тааныш сезим өтө бир драмалуу тээ бийигине жеткире туюдурулганы үчүн болсо керек. Айрыкча, Нагима апанын төрт баласы менен «Маймак» станциясына келип түшүп калышы. «Эл душманынын балдары» деп кордолушу өтө таасирдүү чагылдырылган.
Спектакль өз деңгээлинен да бийик, мыкты. Анткени коомго керек учурда сунулган кол болду, бурулган суу болду.
Бу сапар Кара Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгы өтө татыктуу эскерилди.
Бирок, аттиң деген да учурлары бар.
Маселен Лилия Брик спектаклде ашыкча эле образ. Бул образды алып салса деле чыгарма эч кандай маанисин жоготпойт. Тетирисинче, өз ордуна келет.
Ролдорду артисттер ушунчалык жеткире аткаргандыгы өтө керемет! Төрөкул да (Жеңиш Сманов), Нагиманын жаш кези да (Гүлнара Сатарова), Нагиманын улгайган кези да (Г.Каниметова), Эненин ролу да (Калича Сейдалиева) ынанымдуу, сүйкүмдүү, жагымдуу.
Эненин үнү, жазуучунун бала чагы жана сүйүү. Мына ушул жөнөкөй эле үч түшүнүктөн бул Кыргыздрамдын чыгармачыл тобу, режиссер Улан Карыпбаев жана автор Кайрат Иманалиев бир укмуш кереметти космос кораблин жасап, асманга учурушту!
Кыргыз театры кереметке ишенет!!!
Мезгил ушунчалык тез учат экен.
***
Кайсы бир учурда калдайышып Бексултан Жакиев, Мар Байжиев, Салижан Жигитов, Мелис Абакировдор элге караан болуп жүрүшөр эле.
Кечээ М.Шеримкулов атабыз келип сахнада аксакалдык кебин айтты.
***
Мына эми билинбей эле Эл жазуучусу Кайрат Иманалиев да журт аталарынын орун басып калыптыр. Улуттун асабасын колуна кармап, желегин желбиретип турат. Биз сыймыктанышыбыз керек. Кайрат ага эгемендүүлүктүн эзүүсүнөн аман калган жалгыз кыргыздай сезилет. Экономикалык кризис, моралдык кризис, цивилизация доорунда тарых менен жетелешип басууга ким даай алмак.
Биз улутту түптөгөн аталарыбызды сагындык! Автор жалгыз болбоюн деп мына ошолорду жанына чакырып алыптыр. Биз көпкө баарлаштык, кучакташтык, сүйлөштүк.
Бир аз кусалык тарады көрүнөт. Коомдун күрөө тамырын кармай билген көрөгөч инсандарыбызга чексиз таазим!
Кыял ТААЖЫ
P.S.Сүрөттөр Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын «Фейсбуктагы» баракчасынан алынды.