Алыкул ОСМОНОВ: «Өлсөм дагы жара тээп мүрзөмдү/, Буудан болуп таскак салып өтөрмүн”

Алыкул ОСМОНОВ: «Өлсөм дагы жара тээп мүрзөмдү/, Буудан болуп таскак салып өтөрмүн”

“Алыкулга таазим”

аттуу поэтикалык кече бүгүн (28-апрелде) А.Умуралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрында өтөт.  

Бул тууралуу Улуттук жазуучулар союзунун мурдагы төрагасы, мыкты акын Нурланбек Калыбеков билдирди. Анын айтымында, иш-чара кыргыз адабиятынын классиги, новатор акын-котормочу Алыкул Осмоновдун 110 жылдыгына карата Эл аралык Алыкул Осмонов фонду тарабынан уюштурулууда…

Поэтикалык кече саат 18:00дө башталат. Кирүү АКЫСЫЗ.

***

35 жыл гана өмүр сүргөн залкар акын

Кыргыз элинин алгачкы жазма акындарынын эң ири өкүлдөрүнүн бири, «Кудайга миң мертебе калп айтса да, ырына миң мертебе калп айта албаган» залкар акын Алыкул Осмонов Панфилов районуна караштуу Каптал-Арык айылында 1915-жылы 21-мартта туулган. Жаштайынан томолой жетим калып, Токмок балдар үйүндө тарбияланат. Так ушул жерден ыр жазып баштайт. 14 жашында Фрунзе педагогикалык техникумга кирип (1928 – 1933-ж.ж.) окуйт. Ал жакта адабий ийримдерге катышып, орустун белгилүү жазуучуларынын чыгармалары менен таанышат. «Сабаттуу бол» гезитине 1930-жылы «Кызыл жүк» деген алгачкы ыры басылып, тушоосу кесилет. Ушундан баштап ырлары гезит, журналдарга үзүлбөй жарыялана баштайт. Мындай мамиле ага шык-дем берип, дүйнөлүк адабиятты үзбөй окуп, билимин, тажрыйбасын тереңдетет.

«Мен турмушта сараң, ачкөз эмесмин,
Өктөө кылып: «Ай, аз бердиң», — дебесмин.
Байлык, үй-жай, ден соолуктан ардактуу,
Мага берсе, эки сабак ыр берсин» 
деп жазганындай, ал өмүрүн ырсыз элестете алган эмес… керемет ырларды жаратып, өмүрүнүн акырына чейин поэзияны ыйык туткан.

Акындын бир нече жыйнактары, поэмалары жана балдарга арналган чыгармалары орус, англис, эстон, казак тилдерине которулуп, төрт ыры япон тилиндеги «Дүйнөлүк акындар» альманахына кирген. Ошондой эле, чыгармалары орто мектептерде, жогорку окуу жайларда кеңири окутулат. Өмүрү, чыгармачылыгы боюнча көптөгөн адабий, публицистикалык жана илимий эмгектер, китептер жазылуу менен кыргыз адабият тарыхында Алыкул таануу багыты улам кеңири кулач жайып, ырлары ырдалып келет…

Ата Журт

Сөзү: Алыкул Осмоновдуку. Обону: Шамшыбек Өтөбаевдики.

Жылуу кийин, жолуң кыйын үшүүрсүң,
Кыш да катуу бороон улуп, кар уруп…
Суугуңду өз мойнума алайын,
Жол карайын, токтой турчу, Ата Журт!

Жазда башка жел тийбесин абайла,
Көпкө турбас мобул турган сур булут.
Бүт дартыңды өз мойнума алайын,
Сен ооруба, мен ооруюн, Ата Журт!

Түндөр жаман кырсык салып кетпесин,
Наалат келип, ат тизгинин шарт буруп…
Азабыңды өз мойнума алайын,
Из карайын, токтой турчу, Ата Журт!

Жазда башка жел тийбесин абайла,
Көпкө турбас мобул турган сур булут.
Бүт дартыңды өз мойнума алайын,
Сен ооруба, мен ооруюн, Ата Журт!

***

Алыкул Осмонов 1950-жылы 12-декабрда дүйнө салган. 35 жыл гана өмүр сүргөн. «Өлсөм дагы жара тээп мүрзөмдү/, Буудан болуп таскак салып өтөрмүн деп Алыкул Осмонов жазгандай, экинчи өмүрү ырларында уланууда…

***

«Ойлон. Ойлон. Ойлонгун.
Күтпө. Күткүн. Толгонгун.
“Келди” дебе, “Кетти” дебе эч качан,
мен боломун жана бармын, болгонмун»
деп ыраматылык акын жолдошум Эрнистин (Асек уулу) (1970-2020) «Башат» деген ырындагы саптардай, акындар болгон, болот, бар, ысымдары түбөлүк жашайт!
Талантты баалаган кыргыз элим, жакшы адамдар турганда, кыргыздын мыкты таланттарынын аты да, даңкы да, баркы да кемибейт, өчпөйт, унутулбайт!
«Өткөндөр баркталмайын, тирүүлөр даӊкталбайт» дегендей, өткөндөрдү эстей жүрөлү, урматтуу туугандар!
Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.