Ким Байкеден Күлкүлятор 14.01.14

Ким Байкеден Күлкүлятор 14.01.14

Жамгыр төктү-ү!..

Бир жигит чиркөөгө келет.
— Молдоке, мен күнөөмөн тазаланганы келдим эле, улуксатпы?
— Улуксат, айта бер, — дейт поп.
— Өткөн жумада классташымдын үйүнө барсам, өзү жок экен, аялы шкаф жылдырганга жардам бер деп суранды. Жылдырып бүткүчө жаан жаап калып: «Жамгырда кайда барасың, жатып алып эртең эле кет» деди. Түндөсү аны менен жыныстык катнашта болуп койдум. Кийинки күнү курсташымдын үйүнө барсам, өзү жок, аялы бар экен: «Дивандарды жылдырышып койчу» деди. Дивандарды жылдырып бүткүчө жаан башталып калып, жаанда кайда барасың, жатып алып эртең кет деди. Ал түнү аны менен катнашта болуп койдум. Азыр абдан уялып атам, эми эмне кылышым керек, молдоке?
Анда поп:
— Оптойма-айт! Жаан баштала электе кетип кал, кебениматери!..

 

Бир бырыш көрсөң…

Бетиңизге бырыш түшкөнүн байкап калсаңыз, тез арада бул рецептти жазып алыңыз: «Капустанын жалбырагын тарелкага коесуз. Үстүнө чемичкенин акталган майын куясыз. Биртике туз себелеп койсо, андан сонун болот. Анан рюмканы бир аз бууга кармап туруп арак куюп ичесиз да, артынан капустанын жалбырагын жейсиз. Беш мүнөткө жетпей бетиңизге кызыл жүгүрүп, бырышы жазыла түшкөнүн өзүңүз да байкабай каласыз…».

 

«Ха-ачу я в Сочи-и!..»

— Аяз ата, кар качан жаайт? — деп сурайт балдар.
— Кар быйыл жаабайт, балдар, — дейт Аяз ата.
— Эмнеге жаабайт?
— Вова Бутин деген баланын өтүнүчү менен быйылкы кар бүт Сочи калаасына ооп кетти…

 

Эртеңки тозоктон бүгүнкү арак…

Ичтимканада бир киши кайта-кайта куйдуруп ичип атат дейт. Бир маалда бармен чыдабай кетип сурайт:
— Сага эмне болду?
— Катыным менен уруша кетип, бир ай сени менен сүйлөшпөйм деди, чортпабри!..
— Анда сенин абалың кыйын экен, канча күн болду анан?
— Бүгүн акыркы күн да, шайтан алгырдыкы…

 

«Атам» бомба

— Атаңдын куру атом бомбасындай болуш керек!
— Эмне үчүн?
— Дайыма даяр турушу керек, бирок колдонбой койгону оң…

 

Ким калыс, ыя?

Кечээ жумушта бирөө калыстык кайда деп катуу издеди.
Бүгүн болсо жумуш издеп жүрү…

 

Тоңгон тумшук

Кышкы секстин эрежеси: «Кимдин мурдунан суу акса, ал асты жагына жатмай…».

 

Галкиндин «галяктикасы»

Максим Галкин алтын балыкты кармап алып сурайт дейт:
— «Жинденди кемпир кайрадан…» болбойбу, ыя?
Анда алтын балык айтат:
— Барагой, Маке, барагой. Сенин пенсиенер кемпириңде менде жоктун баары бар…

Даярдаган Төлөгөн КАРЫКЕЕВ,
«Баягы Асаба», 14.01.2014-ж.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.