Байтемир Асаналиев, «Байчечекей» журналынын жооптуу катчысы: «Өмүрүм балдар адабиятына арналды»

Байтемир Асаналиев, «Байчечекей» журналынын жооптуу катчысы: «Өмүрүм балдар адабиятына арналды»

Байтемир агай 1940-жылы Нарында жайлоодо жарык дүйнөгө келген. Эмчекте кезинде атасы Асанаалы согушка кетип, кайткан эмес. Энесинен үч жашында ажырап, улуу эжеси Мыскал ата да, эне да болуп тарбиялап өстүргөн. Байтемир агайдын балдарга арналган ырларын берүү менен өзүн да кепке тарттык.

— Алгачкы эмгек жолуңузду кайсы жерден баштагансыз?

— Алгач чыгармачылыгымды Нарын шаарындагы Токтогул орто мектебинде адабият мугалими болуу менен баштагам. Андан кийин Нарын шаарындагы интернатта мугалим болдум. Кийин Бишкекке келип, совет министрлигинин алдында мамлекеттик басма сөз комитетинде редактор болуп эмгектендим. Союз учурунда мектеп басмасы деген бар эле. Ал балдарга арналган окуу китептерди, көркөм адабияттарды кыргыз жана орус тилдеринде чыгарчу. Ошол жерде редакторлук кызматтан баштап башкы редакторлук кызматка чейин 20 жыл эмгектендим. Менин чыгармачылыгым дал ошол жерден гүлдөп-өстү десем жаңылышпайм. 1999-жылдан бери «Байчечекей» журналында иштеп келе жатам. Менин өмүр жолумдагы чыгармачылыгымдын басымдуу бөлүгү мектеп басмасы менен «Байчечекей» журналында өттү. Балдарга арналган алгачкы ыр жыйнагым 1967-жылы «Жаз боегу» деген наам менен мектеп басмасына таркатылды. Ошондо окурмандардын, коомчулуктун жакшы пикири болуп, басма сөзгө жакшы реценциялар чыккан. Ошондон бери өмүрүм балдар адабиятына, балдар басмасына арналды.

— Балдар менен иштешүү­нүн дагы өзүнчө түйшүгү болсо керек?

— Мен үчүн балдарга арналган чакан чыгармаларды, аңгемелерди, ырларды жазуунун эч кандай кыйынчылыгы жок.

 

ЖАҢЫЛМАЧ

Ай, Айдарбай, Айдарбай,
Аңкайбай,
Айылга уйларды айдай бар.

 

ТАБЫШМАКТАР

Ага айран-таң каласың,
Баштыкта багат баласын.
Ал жандыкты кызыктуу,
Австралиядан табасың.
(Кенгуру)

 

Эки көзү жайнаган,
Тикенди майдай аймаган.
Кырк күн чыдайт суу ичпей,
Ысык чөлдө кайнаган.
(Төө)

 

КОРОЗ

Эртең менен
Кыйкырам:
Кечикпе, бөбөк, бакчаңа!
Ойготом
Сени уйкудан!

 

ГҮЛДӨР

Терезеде гүлүмө,
Суу куямын күнүгө.
Күлүңдөшөт жыргашып,
Гүлдөр чексиз сүйүнө.
Көңүлдөрдү көтөрөт,
Көрк жаратып үйүмө.

 

КАЙСЫ УБАК?

Айтып калды чоң эне:
— Аздан кийин Ай чыгат!
Анда сурайт небере:
— Ай чыккан кез кайсы убак?

— Жашынганда Күн тоого,
Жанат үйдө шам чырак.
Алтын нурун таратып,
Анан тоодон Ай чыгат!

 

ЖАКШЫ ТОП

Жакшы тобум жүгүрөт,
Жалкоолукту эч билбей.
Кана, кармап алчы деп,
Качат мага жеткирбей.

Аны катуу ыргытсам,
Учуп чыгат асманга.
Калам жыргап сүйүнүп,
Кайра өзүмө кайтканда.

Олтуруп эс алабыз,
Оюнубуз канганда.
«Жакшы топ» деп макташат,
Чогуу ойногон балдар да.

 

ЭКИ СӨЗ

«ЭНЕ» деген ыйык сөз —
ЭНЕ ТИЛ болуп угулат.
«АТА» деген сөздү айтсак —
АТА ЖУРТ өңдүү туюлат.
ЭНЕ, АТА — ушул эки сөз —
Жашоону турат сулуулап.

Эне тил — жашоо мүрөгү,
Ата Журт — адам тиреги!

 

ЖАЛАКАЙ

Байкасаңар Алапай,
Барып турган жалакай.
Күн ачуурак тийсе айтат:
— Күйүп кеттим, калакай!

Ай, Алапай, Алапай,
Айрөк, айрөк, жалакай.

Суук болсо кенедей,
Тоңуп калчу немедей.
Үйдө мештин жанында:
— Үшүп кеттим ченебей!

Ай, Алапай, Алапай,
Айрөк, айрөк, жалакай.

Тааныбасаң Алапай,
Так ушундай жалакай.

Ай, Алапай, Алапай,
Айрөк, айрөк, жалакай.

 

КАНЧА АЙ БАР АСМАНДА?

Асанбек менен Үсөнбек,
Ай тууралуу талашты.
Анан сыртка чыгышып,
Асман жакка карашты.
Ааламга төгүп шооласын,
Алтын чара баратты.

Асанбек:
— Ишенгин мен айтканга,
Эки ай бар асманда.
Бири окшош орокко,
Экинчиси — чарага.

Үсөнбек:
— Окшош, — дейсиң, — орокко,
Бул айтканың жомок го?
Асманда ай бирөө эле,
Арыктап, кайра толот го?

Асанбек:
— Жалган айтып не керек,
Азыркы Ай тегерек.
Апам айткан — айга азыр,
Жаңырар мезгил келе элек.

Көктө Ай сүзүп баратты,
Көз албай көпкө карашты.
Канча ай бар асманда,
Ким чечет бул талашты?

 

ЖЕР-ЖЕМИШТЕР

Бадыраң
Мен боломун бадыраң,
Суранам, балдар,
баарыңдан.
Ар дайым жеп жүргүлө,
Аз эмес пайдам дарыдан.

 

Помидор
Сабагым азадан узарып,
Жай, күзгө бышам кызарып.
Жактырат жеген коногуң,
Жакшы салат боломун.

 

Сабиз
Кызгылт жана сарымын,
Кыйла дартка дарымын.
Даамын таттуу кыламын,
Тамак-аштын баарынын.

 

Огородго айдап ал!
Толгон-токой пайдам бар.
Дарбыз
Жашыл түстүү дарбыздын,
Жарсаң ичи албырат.
Жайкы ысык аптапта,
Суусунуңду кандырат.
Чарчаганда адамга,
Берет дарбыз ал-кубат.

Кымбат ТУРДУБЕКОВА,
«Асаба», 30.01.2014-ж.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.