Ким Байкеден Күлкүлятор 08.05.14

Ким Байкеден Күлкүлятор 08.05.14

Телефонуң бурадым…

Кафедрада телефон шыңгырайт. Декан телефонду көтөрөт:
— Алло, декан угуп атат.
— Декан, сен абдан акмак, куйту жана жеткен жемкор экениңди билесиңби, ыя!?
Декан аптыгып:
— Ким, эй?
— Элдин баары айтып атат,
элдин баары!..

 

Мен айтам, агай!..

Профессор экзамен алып жатат:
— Кана, студент, даярсыңбы? Эмнең бар, сүйлөй бер.
— Менде коньяк бар.
— Коньяк бар дейсиңби, жакшы-ы…
— Жакшы эмес, «мыкты»!..
— Эмнеге «мыкты» болуш керек?
— Анткени, «беш жылдыздуу»…

 

Абезян

Армиядагы бир күндөн үзүндү…
Сержант минтип кыйкырат:
— Эй, обезян, кел бери!
Жоокер чуркап келип:
— Мен обезян эмесмин, жолдош сержант!
Сержант уставды ачып:
— Оку: «Солдат обезян…» деп турабы, ыя?!

 

Жашоо бир келе-ет

Салыкчылар эшикти такылдатып:
— Шалман ушул үйдө жашайбы?
Ары жактан Шалман үн чыгарат?
— Урдум ушундай жашоону!..

 

Чеснаснайперски!..

— Силердин банк убадага ишенип эле кредит берет деген чынбы?
— Чын.
— А мен убадаман танып кетсемчи?
— Анда сиз кудай алдында катуу уят болосуз!
— Кудай алдында качан болорумду бир кудай өзү билет да…
— Андай эмес. Эгер жума күнү кредитти төлөп бербесеңиз, ишемби күнү кудай алдында болосуз!..

 

Троллейбус

Кийинки кездери маршрутканы чанып, троллейбуска көп түшчү болдум. Жашыраак кезде троллейбусту көп чандым да. Аны азыр моюнга алам. Желеге байланган кулун деп шылдыңдадым. Кызып алган кездерде мүйүзүнө чейин асылып мазактадым. Акчасын төлөбөй арткы эшиктен секирип түшкөн күндөрдү кантип унутайын. Азыр ошол карыздарымдан кутулуп салайын деп троллейбуска түшө баштадым. Троллейбустун байгамбары Мүйүзикл дегенге кантип жагарымды билбейм. Бараезной белет алсам, жагат болдум бекен…

Түшсөм, жалаң эле устуденттер менен бенсиенерлер ээлеп алыптыр, таасынгөрү! Кетип баратабыз. Терезеден карасам, оңжагы деле, сол жагы деле, асты деле, арты деле маршрутка, «мерс», «лексустар». Анысы аз келгенсип, ажонун кортежи кетип атат чыгыштан батышка, түндүктөн түштүккө байма-бай каттап. Баарыбызды токтотуп коюп. Ана, ажо мага колун булгалады. Ичим элжиреп кубанып атсам, жанымда отурган бенсиенер кыйкырып жиберди: «Ажо маган кол булгалады! Убагында өзүм окуттум эле, тааныды мени!» деп. Мен унчкупай калдым. Эмне дейм ага. Ажону эч убакта окуткан эмесмин. Бирок сүрөтүн тарткан элем да. Неүжөлү мени тааныбай кетти?! Же начар тартып койдум бекен? Таарынтып алдым бекен?..

Кортеж зуулдаган бойдон өтүп кетти. Брезиденсыяга кетти го, сыягы. Биздин троллейбус кайрадан өз жолун улады. Улам бир астанөпкөгө сайылып кетип бараттык. Троллейбус эски болчу. Арт жагында мык менен: «Бул жерде Зарлыкбекуп Жоке болгон!» деген жазууну окудум. Баягы жылдары Акайып ажого кат жазгандагы троллейбус ушул экен көрсө. «Өлкөнү үч жылда Шывейсария кылам» деп убаданы кабалтең берип үч мөөнөт турган ажонун тушундагы троллейбус экен да, ыя! Азыркы ажо да «…кудай буюрса, өлкөнү бутуна тургузам!» деп убадасын чоң берип атат. Троллейбустун барар жери — депо дегендей, аягы кандай болор экен эми?..

 

Таңгалба!..

Аудиторияда сабак жүрүп жатат. Пролфессор студенттерге кайрылып:
— Бүгүн биз практика жүзүндө адамдын психологиясындагы үч учурду: таңгалуу, жактырбоо жана кыжырданууну талдап чыгабыз.
Телефонду көтөрүп, оюна келген биринчи номурду терип чыгып:
— Алло, бул Куку бекен?
— Андай киши бул үйдө жашабайт.
— Көрдүңөрбү,-дейт профессор жылмайып,-бул таңгалуу стадиясы.
Кайрале жанагы номурга телефон чалат:
— Кечиресиз, Куку келдиби?
— Андай неме бул жерде жашабайт деп азыр эле айттык го!
Профессор көзүн кытмыр жымшыйтып:
— Бул деген жактырбоо стадиясы.
Ошол эле номурга үчүнчү жолу чалат:
— Куку жашынып жатат деп ачык эле айтпайсызбы!?
— Эй! Бул ким былжырап мээни чаккан!?
Профессор кашын кайкалата көтөрүп көтөрүп, «түшүндүңөрбү!?» дегендей белги кылат.
Арт жакта отурган бир студент кол көтөрөт:
— Профессор, сиз «оптойма-айт!»деген төртүнчү стадияны калтырып кеттиңиз.
— Ал эмне болгон стадия экен, укпаптырмын…
Студент телефонго келип, жанагы номурга кайра чалат:
— Алло, бул мен, Кукумун. Мага эч ким чалган жокпу?..

 

Бабалет

Орусияда тарых сабагы өтүп жатат. Мугалим сурайт:
— Аялдардан чыккан биринчи учкуч ким эле?
Окуучу кол көтөрөт.
— Айта бер,- дейт мугалим.
— Баба Яга, — дейт окуучу.

Төлөгөн Карыкеев,
«Асаба», 08.05.2014-ж.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.