«Кадимки кишинин кадимки башын 10 млн еврого алмаштырам» деген эргул чыкты, эл-журт!

«Кадимки кишинин кадимки башын 10 млн еврого алмаштырам» деген эргул чыкты, эл-журт!

Өткөн саныбызда баш алмаштыруу боюнча анонс берген элек. Ошол анонсту кеңири баяндап берели деп турубуз…

Бала кезде Александр Беляевдин «Профессор Доуэлдин башы» деген фантастикалуу романын боз үйдүн бүлбүрөгөн жарыгына салып окуганым күнү бүгүнкүдөй… Негизи илгерки да, азыркы да чыгармачыл адамдар келечекте болчу ачылыштарды алдын ала тартып, жазып койгондору таңгалтырат. Леонардо да Винчи, Ван Гог, Александр Пушкин, Жюль Верн, Гербет Уэллс, Александр Беляев, Михаил Булгаков ж.б.ж.б. көптөгөн чыгармачыл кишилер өзүнчө «ачылыштарын» канча жыл, канча кылым мурун айтып койгондору — Жараткандын амири мененби деген ойго келесиң. Беляевди 12 жашымда окуп, киши башын алмаштырганына кадимкидей ишенгем… Анан италиялык нейрохирург Серхио Канаверо 2017-жылы биринчи жолу адамзат тарыхында киши башын башка денеге алмаштырган операция жасай турганы мени катуу таңгалдырды. Анда кеп башынан болсун…

Бу Серхио Канаверо деген нейрохирург ким өзү? Кайдан чыккан машаяк? Алгач тарыхка кайрылып көрөлү.

Тээ 1920-жылдары орус профессор Сергей Брюхоненко дүйнөдө биринчи жолу жасалма жол менен кандын айлануусун камсыз кылган автожектор ойлоп тапкан. Анын жардамы менен иттин башы өз алдынча 1 саат 40 мүнөт жашаган. Иттин башы көзүн ачып-жуумп, тилин чыгарып, атүгүл чучук ашап көргөн. Бирок жашап кеткен эмес. 1954-жылы дагы бир орус-экспериментчи Владимир Демихов чоң итке күчүктүн башын тиккен. Иттин моюнуна күчүктүн башын тиккенде, булчуңдарды, кан түтүктөрүн, нервдерди, клеткаларды, кызыл өңгөчтү кошконго жараган. Таңгалычтуусу — иттин баштары кадимкидей жашап, атүгүл үрүп, тамак жешкен.Бирок бир топ күндөн кийин өлүп калышкан. Анан1970-жылы америкалык Роберт Уайт деген доктур маймылдын башын башка маймылдын денесине тигип көргөн. Эң татаалы — бул мээни тирүү сактап туруу эле. Бирок ал мээни бир нече саатка сактаганга жетише алган. Маймылдын башын алмаштыргандан кийин, анестезиянын таасири бүткөндө маймыл кадимкидей көзүн ачып, үндөрдү уга баштайт. Кашык менен тамактандыра башташат. Бирок бул экспериментке каршы чыккандар көбөйүп, ачылыш андан ары жылган эмес, маймыл өлүп тынган.

Негизи буга чейин бир да хирург жүлүндү бөлүп алганга жараган эмес. Эгерде ошого медицина жетишсе, көптөгөн айыккыс оорулардан кутулмак элек. Ал эми италиялык нейрохирург Серхио ошого жетишкенин айтып мактанууда. Буга чейин ал чычкандардын, иттердин, маймылдардын башын алмаштырып көргөн экен. Бирок алар кандай жашап кеткен, же өлүп калганбы — бул боюнча эч маалымат жок. Ошондуктан мындай «авантюрага» ишениш да кыйын.

Башы кадимкидей иштеп, бирок денеси жарабай калгандардын бактысын ачып, башка денеге тигүү мүмкүн экенин үч жылдан бери какшап келет. Бул операцияга орустун жараны, кесиби — программист, 30 жаштагы Валерий Спиридонов макул болуп олтурат. Анын оорусу — жүлүндүн булчуң атрофиясы. Бул айыкпас оору. «Менде башка жол жок. Өлсөм өлүп калармын. Бирок медицинага салым кошкон болом да. А эгер жашап кетсемчи? Акыркы найүмүт ушундай болот экен» дейт Валерий.

Келгиле анда медицина тарыхына кайрылып, кишинин кайсыл органдарын алмаштырганга жетишкенин карап көрөбүз:
1902-жылы Чехияда эң биринчи жолу көздүн сыртындагы тунук челпегин алмаштырышкан.
1950-жылы АКШда бөйрөк алмаштырылган.
1967-жылы АКШда боор алмаштырылган.
1967-жылы Түштүк Африка Республикасында жүрөк алмашылган.
1986-жылы Канадада өпкө алмашылган.
1998-жылы Фпанцияда башка бирөөнүн колу менен алмашылган.
2005-жылы Индияда кишинин жумурткалары алмашылган.
2006-жылы Кытайда эркектин жыныс мүчөсү алмаштырылган.
2010-жылы Испанияда кишинин бети алмашылган.
2011-жылы Испанияда кишинин буту алмашылган.
2017-жылы Италияда кишинин башы алмашат деп турушат.

Нейрохирург Серхио Канаверонун айтуусу боюнча:
1. Алгач эки денени 18 градуска чейин муздатышат. Анан жүлүндү алып, башкага алмаштырышат (Экинчи дене өмүрүнүн аягына чейин кесилген кишинин же киши болбойт делип комада жаткан кишинин денеси пайдаланат имиш).
2. Тирүү кишинин мээсинин структурасын бузбаш үчүн 15 градуска муздатышат. Натыйжада зат алмашуу төмөндөп, кан агымы 1,5 саатка токтойт. Мындан жогору темпуратурада кишинин мээси өлүп калат.
3. Кишинин кан тамырларына жана донорго кан токтотчу гепарин препараты сайылат. Ошол учурда кантамырларды бири-бирине тигүүгө жетишип калыш керек.
4. Омурткаларды металл пластиналар менен бекитишет.
5. Булчуңдар менен киши териси тигилет. Мээнин иштеши үчүн электростимуляция колдонулат.

Операция жакшы өтсө, пациент жаңы денеси менен көзүн ачат. Эң татаалы — бул жүлүн нервдеринин бүткөн жерлерин калыбына келтирүү, ал үчүн заттарды пайдалануу методикасын жакшылап иштеп чыгуу. Экинчиси — ультра-курч скальпель жасоо, бул нерв жиптерин кескенде аз зыян келтирет. Үчүнчүсү, баш менен денени бат бири-бирине өсүшүнө шарт түзгөн клетка инженериясындагы акыркы жетишкендиктерди пайдалануу.

Операцияга жүздөн кем эмес хирург катышат. Башты алмаштыруу 36 саатка созулат. Ага кетчү чыгым — 10 миллион еврону түзөт.

Бирок кимдин денеси алынат, жаңы каза болгон кишинин денесиби, бул тууралуу маалымат табалбадык.

Бул боюнча италиялык окумуштуулар мындай операциянын ийгиликтүү аяктарына ишенбестигин айтып чыгышты. Ал эми алдыны көрө билген орус окумуштуулары ачакей ойду айтышты.

 

Дмитрий ГРИГОРЬЕВ, медицина илимдеринин доктору:
— Баш алмаштыруу мүмкүн. Соңку учурда окумуштуулар регенеративдик медицинада көп жетишкендиктер болду. Өзгөчө неврологияда. Мисалы, АКШда жүлүн үзүлүп кетсе, аны өстүрүүнүн жолун табышты. Улуу Британияда колду алмаштырып, нервдин, башка ткандардын структуралары калыбына келип, кол иштеп кетти. Эми башка бирөөнүн колдорун пайдалансак болот. Эриндер, мурун, тери, бет булчуңдары, керектүү нервдер алмашылып жатат. Баш да ишке ашат деп ойлойм.

 

Игорь МЕРЕЖКО, трансплантолог:
— Эми бул киши өмүрүн сактоо эмес, болгону илимий аракет гана болот. Ткандар кабыл албайт деп эсептейм. Кабыл алганда да, жашоо көпкө узабайт. Мен атүгүл башы алмашкан киши бир манжасын кыймылдатарына да ишенбейм. Ой, миллиарддаган нервдик жиптерди, жүлүндүн четтерин, омурткаларды өстүрүү — мүмкүн эмес.

Кыскасы, бул сенсациялуу жарыя көп суроолордун башын ачып койду. Мындай операцияга дүйнөлүк медицина уруксат береби? Ага мыйзам барбы? Айтыш кыйын. Менимче, бул операцияга тыйуу салынышы керек. Бирок келечекте, балким жакынкы эле аралыкта, балким 50 жылдан кийин, а балким андан да эрте мындай операция мүмкүн экендигине негедир ишенип турам.

Даярдаган Эрнис АСЕК уулу,
«Асаба», 24.04.2015-ж.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.