Аман Самаков: Атамды каралап жатышат…

Аман Самаков: Атамды каралап жатышат…

17-февралда мамлекеттик айыптоочу Карганбек Самаковду мүлкүн конфискациялоо менен 19 жылга, уулу Кубанычбек Самаковду 18 жылга эркинен ажыратууну суранды. Бул маселе боюнча дагы бир уулу Аман Самаков менен маектештик

— Аман, ушундай болоорун күттүңөр беле?

— Күткөн эмеспиз. Себеби, эч далили жок эле 19 жыл сурап жатышат. Мен бир да сот процессин калтырбай катышып келатам. Алгач төрт айыптоочу катышып, бирөөсү жумушун которуп кетип, үчөө калган. Сотко экөө дайыма катышып жатты. Алардын бири – Жеңишбек Нуралиев, көбүнчөсүн уктап өткөрдү. Прокурор Медербек Абдышев буйрутманы мыкты аткарган киши экен. Сотто 61 күбө суралды. Алардын алтымышы “Карганбек Самаковду жеке тааныбайм, трансформацияга таасир эткен эмес. Трансформация мыйзамдуу өткөн” дешти. Аларга Абдышев чычалап, үнүн катуу чыгарып, кагып-силкип, тыйып, кысым көрсөтүп атты. Күбөлөрдүн көпчүлүгү прокурорлор тергөө учурунда коркутуп-үркүтүп “Самаковго каршы көрсөтмө бергиле” деп мажбурлаганын айтышты. Алтымыш биринчи күбө – Нурлан Асанов деген шылуун. Ал 2014-жылдан бери мага көп акча карыз. Долбоор сунуштап, алдап акча алып, кайтарбай жатканынан милицияга арыз менен кайрылгам. Тил каты менен видеосу да бар. Аны атам деле тааныбайт. Ал “Ата Мекен” партиясында Райкан Төлөгөновдун жардамчысы болуп иштептир. Айрым прокурорлор аны калкалап, биздин үй-бүлөгө каршы иштетишти. Прокурор Абдышев Нурлан Асановду соттун кабинетине киргизип алып, “тигиндей, мындай сүйлөйсүң” деп үйрөткөнү жөнүндө менде видео менен сүрөттөрү бар. Асановдун чоң шылуун экенин кийин билдим. Көрсө, 2004-2007-2012-2013-жылдары “алдамчылык, мародерчулук” ж.б. беренелери менен ага иш козголуп, издөөдө жүрүп, камалып да чыккан экен. 2016-жылы “элди арзан турак-жай менен камсыз кылам” деп карапайым калкты алдап, акчасын алып, качып кетип, иш козголуп, учурда издөөдө. Ушундай шылуунду башкы күбө кылып жатышпайбы. Н.Асановдон сот: “Карганбек Самаковду канчадан бери, кайдан тааныйсың?” деп сураганда, ал “2014-жылдан бери тааныйм” деди. “Сиз кандайча 2008-жылкы окуя боюнча күбө болуп жатасыз?” десе, “Дааратканага чыгып келейинчи” деп чыгып, ошол бойдон кирген жок. Атама коюлган айыптын бир да пайызы далилденген жок. Ошондой болсо да, прокурорлор уялбай туруп 19 жыл сурашты. Буларда кыпындай да акыйкаттык, калыстык, адамгерчилик жок экенин түшүндүм.

Атаңды кантип, кайсы жерден камакка алып кетишти эле?

— Атама жана агама мамлекеттик кызматта иштегендерге коюлчу Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси менен иш козгошту. Агам мамлекеттик кызматта иштеген эмес. Атам 2007-2010-жылдары жеке ишмерлик кылган. Трансформация 2008-жылы кылынган. Атамды “Манас” эпосуна арналган мааракеден “суракка күбө катары” деп алдап чакырып чыгып, террорчуну кармагансып спецназ менен алып кетишкен. Эртеси эл колдоп митинг уюштурганда, “журналисттерге иш боюнча айтып бербейсиң, пресс-конференция кылбайсың, интернеттен иш боюнча маалымдабайсың, жакын туугандарың менен байланышпайсың” деген чектөө коюп, үй камагына чыгарышкан.

Мындай чектөө мыйзамда жок да?

— Ошо да. Бул Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу болгон прецедент. Атам мыйзам сыйлаган адам. Алардын чектөөсүнөн улам, интервью бербейт. Процесс башталганда сот видеотартууга тыюу салды. Эки, үч айда бүтчү иш бир жыл үч айга созулду. Прокурорлор сотту болушунча созушту. Айыпталгандар адвокаттары менен калтырбай келип жатты, прокурорлор болсо эмгек өргүү сурап, иш сапарларга кетип чоюп келишти.

Мындан аркы кадамыңар кандай болот?

— Мындан аркы кадамыбыз — чындык, акыйкат үчүн күрөшүү. Күрөш, күрөш болмокчу…

Үй-бүлөңөр кантип атат?

“Бу да болсо Кудайдын сыноосу” деп өзүбүзгө кайрат айтып, күчтүү, бекемирээк болуп атабыз. Апам беш маал намаз окуп, Кудайга ишенген адам. Таятамдын 80 жылдык тою 16-майда болмок, 15-майда атамды камап салышты. Эркектердин көбү тойго катыша албай, митингде жүрдүк. Апамдын кайратына таң бердим, эч нерсе болбогондой өткөрдү. Мирбек Расулов сыяктуу прокурорлор телефон тыңшап, даталуу күндүн алдында атайы кыянаттык кылышат экен. Менин үйлөнүү тоюма бир нече саат калганда агамды прокуратурага чакырып, “камайбыз!” деп дагы бир ирет кыжаалат кылышты. Андан он күн өткөндө, таятам ашказанынан рак болуп ооруканага жатып калды. Туугандар ооруканада жүрсөк, ЖМКдан атам менен агамды каралаган маалымат кетип жатты. Жалган сөзгө жаның кейийт экен.

Прокурор Мирбек Расулов жөнүндө “Мурда Бакиевдерге кызмат кылса, азыр Атамбаевге кызмат кылып жатат” дешүүдө…

Ар кандай режимдерде, ушундай ыплас зөөкүрлөр мыйзамсыз иштерди, буйрутмаларды аткарат экен да. “Бакиевдин палачы” дегенди маалымат булактардан окудум. Медет Садыркуловдун, анын айдоочусунун, саясат таануучу Слепченконун өлүмдөрүн дал ушул Мирбек Расулов тергеп, “эч кандай өлтүрүү болгон эмес, жөн эле эки унаа сүзүшүп, экөө тең өрттөнүп кетип, үч адам каза тапкан” деп чечим чыгарып, ишти жааптыр. Аны кийин Мелис Турганбаев кандай “жол кырсыгы” болгонун далилдеп чыкты го. Ошондой эле, “24.kg” маалымат агенттигинин жазганына таянсак, “М.Расулов Геннадий Павлюкту Алматыга алып чыгып, мыкаачылык менен өлтүргөн” деген иште да фигурант болгон экен. Экс-депутат Ширин Айтматова Ахмат Бакиевдин түрмөдөн качып кеткенине М.Расуловду “шектүү” деп эсептейт. Ошол бакиевчил Мирбек Расулов, Бакиевдердин бийлиги менен күрөшкөн атамды “бакиевчил” кылат экен да…

2008-жылы Байтик, Лебединовка жана Кара-Жыгач айыл өкмөттөрүндө жер тилкелеринин сатылышы боюнча Карганбек жана Кубанычбек Самаковдорго “Бакиевдерге таянып, жер тилкелерин мыйзамсыз трансформациялаткан” деген Башкы прокуратуранын көрсөтмөсү туурабы?

Албетте, бул жалган. Атам 2006-жылкы ноябрь, 2007-жылкы апрель митингдеринде “Бакиев кетсин!” деп жүрсө, 2007-жылы апрелде укук коргоочу Бектемир Акуновдун өлүмүн ыкчам ачыктап, Бакиевдер канкор экенин далилдеп жатса, 2007-жылы парламент таркатылып, “Ата Мекен” партиясы менен мандатка жеткен атам үч жыл үйдө отурса, анан 2010-жылы “Ата Мекен” партиясынан шайланып жатса, кайдан Бакиев менен ынак болмок эле? Бул жерден прокуратура дагы уят болду.

Атаңдын Бакиевдер менен түшкөн сүрөтүнө кандай комментарий бере аласың?

— 2008-жылбы же 2009-жылбы, эсимде жок, араб делегациясы келген. Атам мамлекеттик резиденциядагы конференц-залды ижарага алып, жолугушуу өткөргөн. Жолугушуу учурунда Жаныш Бакиев капысынан кирип келип, “Булар кимдер? Эмне иш менен жүрүшөт?” деп сурап, алар менен таанышып, сүрөткө түшүп, чыгып кеткен. Ошол сүрөттөрдүн ичинен прокурорлор арабдарды, котормочу, протокол кызматкерлерин, атамдын жардамчыларын кесип салып, атам менен калтырып, “дал ушул жерден 1 млн доллар берип, трансформация кылган” деп жар салып жиберишкен. Бул акылга сыйбаган иш. Себеби, он бештей кишинин көзүнчө ким пара бермек эле? Бул прокурорлордун эптеп бир нерсе тапканга аракет кылгандыгынан кабар берет. Бир да далил, жүйөлүү документ жок. Эгер атам Жаныш Бакиев менен дос болсо, анда тоюна барат эле да. Баргандардын сүрөтү, видеосу жүрбөйбү… Кана атамдыкы? Көргөн-билгендер болсо, 6 млн калктан бирөөсү сүйлөп берет эле да…

Адамдардын жүзү жамандыкта, башыңа иш түшкөндө билинет эмеспи. Кайсы саясатчылар колдоп келди, кимдер качып кетишти?

— Атамдын көп жылдардан бери жакын болуп жүргөн бир, эки досу кас болуп чыга келишти. Алар жардам бергенди мындай кой, биринчилерден болуп чабуулга өтүштү. Ушул спектаклдин режиссеру болушту. Биз аларды Кудайдын сотуна койдук. Биз күтпөгөн бир топ саясатчылар колдоп чыга келишти, колдошууда. Чоң колдоо карапайым элден болду. Эл жакшылыкты эч качан унутпайт экен.

Атаңа кандай мүнөздөмө бересиң? Кекчилби?

— Атам ак көңүл, ишенчээк, ички дүйнөсү таза, айкөл, кечиримдүү адам. Үй-бүлөсүнө, элине кол салганды душман катары эсептеп, аны жок кылганга болгон күч аракетин жумшайт. Үй-бүлө атама абдан ыйык нерсе. Абдан баласаак, неберелерине айрыкча көп убактысын бөлөт.

Ала-Тоо аянтындагы Манас айкелин тургузууга 5 млн сом, “Манас” үчилтигин каттатууга 600 миң АКШ доллары кеткен. Нарындагы троллейбус линиясын узарткан. “Мынча акчаны кайдан алат? Жер сатып байыган да?” дегендер болууда…

Атам ак эмгеги менен бутуна турган. Атамдын, эжелеримдин айтымына караганда, атам кичине кезинде эле бизнеске шыгы, жөндөмү болуптур. Бала кезинде фотоаппарат сатып алып сүрөт тартып, сатчу экен. 23 жашында жол куруучу болуп, талыкпай эмгектенип, ал кезде дефицит болгон “Жигули” унаасын сыйлыкка алыптыр Бизди жакшы шартта тарбиялайын деп күндүзү Нарында жол куруп, түнкүсүн Нарын-Бишкек ортосунда такси айдаганга үлгүрчү экен. 24 жашында үч баланын атасы болду да. Ата-энесинен айрылып калган. СССР урап, кризис, дефицит болуп жаткан учур. Бизди эч нерседен кем кылбайын деген ниетте жаштайынан бизнеске аралашыптыр. Биз жакырчылыкты көргөн жокпуз, жашоо шартыбыз жакшы болду. Ата-энебиз барга көптүрбөй, жөнөкөй тарбиялашты.

“Манас” үчилтигин ЮНЕСКОго каттатканын жакшы билебиз. Дагы кандай долбоорлору бар эле?

— Атам көп долбоорлор менен алек болчу. Өкүнүчтүүсү, соттун кесепетинен дээрлик жарымы калып кетти. “Кагошима-Кыргызстан” уюмунун теңтөрагасы. Ал уюм белгилеген иш-чаралар акырындык менен ишке ашып келатат. Жакында Жапонияга он чакты боз үй жөнөттүк. Мидзусако Масахаро деген теңтөрага экөөнүн Жапонияда кыргыз айылын куруу тилектери бар. Ошол айылдын жери белгиленген. Масахаро ири ишкер, көп жерлерге ээ. Ошолордун биринде “Кыргыз айылы” курулуп жатат. Жакшылыктар али алдыда. Жакшылыктан үмүт үзбөйбүз.

Маектешкен: Назира БАЯН кызы,
«Саресеп», 01.03. 2017-ж.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.