Э.Каптагаев: Убактылуу Өкмөт жоопкерчиликти албаганда, эмне болот эле?

Э.Каптагаев: Убактылуу Өкмөт жоопкерчиликти албаганда, эмне болот эле?

Элдик ыңкылап болгонуна 7-апрелде 7 жыл толду. Убактылуу Өкмөттүн мүчөсүнүн бири — Эмил Каптагаев менен ошол датаны башынан эскердик.

— Эмил мырза, 7-апрелде сиз кайда болдунуз эле? Роза Отунбаеваны Ысык-Көлгө коштоп барганыңыз чын беле?

— Ооба, 4-апрелде Ысык-Көлгө барганбыз, Роза Исаковна өзүнчө, тескей жак менен, мен өзүмчө, Чолпон-Ата жагы менен, Караколдо жолукмакпыз. Мен жолдогу айылдарда бир топ адамдар менен жолугуп, түш ченде Караколго жете электе телефондон айтышты, ал жерге “ОБОНдор” чогулуп, эл менен жолугушуу болгон жерге келип, чыр чыгарып жатышат, милиция кызматкерлери ошол жаңжалчыларды коштоп, колдоп жүрүшөт деп. Бийлик ар бир айылга атайын уюшулган топторду түзүп, машиналарды каптатып, кыйкырык-сүрөөн менен элге жолуктурбай жатты да. Ошону менен жолуга албай калдык, кечинде Балыкчыда жолугуп кайра Бишкекке келдик. Ал жерде мага карата жасалган провокация, бул жактан, “өлтүрөсүңөрбү, майып кыласыңарбы же түрмөгө камайсыңарбы, кайра Бишкекке Каптагаевди келтирбегиле!” деген команда болуп, ал күнү мага карата кандай “аңчылык” жүргөнү өзүнчө узун кеп.

— Ал күнү сизди да отургузуп коюшкан деген сөз болгон. Эгер чын болсо, кайда отургузушту жана сизди кимдер куткарды?

— Апрелдин алтысында, кечки саат 8де мени камашкан, ал жөнүндө ошол эле күнү интернет жазып чыккан. Иса Өмүркулов, Кеңеш Дүйшөбаев, Турат Мадылбеков төртөөбүздү бир алып кетишкен, “Форум” имаратында эртеси боло турган Элдик Курултайдын иштерин талкуулап отурганыбызда. Ошол бойдон таңкы саат 6га чейин тынымсыз суракта болдум, “мамлекеттик төңкөрүш даярдагансыңар” деген айып тагышты, “25 жыл түрмөдө отурасың!” — деп угузушту алдын ала эле, анан подвалга камерага алып барып отургузушту. Ошону менен кечки саат бештерге чейин отурдум, жалгыз. Түштөн кийин УКМКнын имаратына элдин чабуулу башталганы терезеден угулуп жатты: улам күчөп, улам тарсылдап мылтык атылып жатканын тыңшап эле жаттым. Айла жок, Кудай дегенден башка арга жок. Аңгыча эле эшик шарак-шурак ачылып, “чыккыла”- дешти, дегдеңдетип жетелеп сыртка чыгарышты. Өмүрбек Текебаев, Дүйшөн Чотонов, Анвар Артыков, Кеңеш Дүйшөбаев, Болот Шер болуп чогуу чыктык. Короодогу күркө өрттөнүп жатыптыр, темир кашаанын артында эл толтура, “Эркиндик” бульвары жактагы дарбазаны ачып бизди көчөгө чыгарышты. Эл дуулдап тосуп алды. Ар бирибизди колу-буттан алып көтөрүп түз эле “Ала-Тоо” аянтына алып келишти. Ал жерде жүрдүк, баш аламан. Ак үй жактан дагы да болсо ок атылып жатты… Биз болсо ар ким өзүбүздүн партиянын активин таап, алар аркылуу элди иретке салуу аракетин кылдык.

— “7-апрелде революция болду” дегендер да, “болгон жок, бийликти басып алышты” дегендер да болууда. Сиз кандай мүнөздөмө берер элеңиз?

— Эми мурдагы бийликтин куйруктарына айла жок экен да, оозуна келгенди айтып жатышат. “Элдик революция болгон жок” — деп азыр алардан башка ким айта алат? Окумуштуулар, саясий серепчилер, жөнөкөй эле карапайым адамдар айтып жатышпайбы – революция деп, муну турмуш өзү көрсөтүп жатпайбы. Коом өзгөрүп жатат, мамлекет өзгөрүп жатат, ар бир адам өзгөрүп жатат. Аралашып жүрүп өзүбүз аңдабай жатабыз да, болбосо мына бүгүн дүйнөлүк саясий процесстер да биздин жол менен бара жатпайбы, бизден үлгү алып жатышат көп элдер.

— “7-апрелдеги окуяга ошол учурдагы оппозициянын, кийинки Убактылуу Өкмөттүн да күнөөсү бар” дегенге кандай комментарий бересиз?

— Ал кандуу окуяга элдин дагы, ошол кезде оппозициянын башында жүрүп, кийин Убактылуу Өкмөткө кирип мамлекеттин түйшүгүн, элдин жоопкерчилигин өз мойнуна алган саясатчылардын да күнөөсү жок. Эл өз таламын талашып чыкты, лидерлер түрмөдө камакта отурду, ал эми Бакиев жана анын жан-жөкөрлөрү болсо бийлик үчүн, байлык үчүн элге карата ок атты, борбордук аянтта кызыл кыргын салды. Бул жеке адамдарга карата гана эмес, жалпы эле адамзатка каршы кылмыш катары бааланууга тийиш.

Эгерде, 7-апрелде Убактылуу Өкмөт жоопкерчиликти дароо өзүнө алып, элге кайрылбаганда эмне болот эле? Аянттагы кызыл кыргындан кийин азыр эле кыйын болуп жаткан саясатчылар качышпады беле, көпчүлүгү үйдөн чыкпай жатышкан телевизор көрүп. “Кел, бийликти ал!” — десе да алар келишпейт эле, абал өтө эле оор болчу, эртең эмне боло турганын эч ким билбейт эле. Биз 14 киши жоопкерчиликти алып, талкаланып калган мамлекеттик башкарууну кайра калыбына келтирүү, мамлекетти, коомду жакшылык жакка буруу аракетин көрө баштадык. Бирок мурдагы бийлик, алардын биндиттери бизге жөн иштөөгө мүмкүнчүлүк бериштиби? Жок, беришкен жок. Күн сайын митинг, күн сайын администрациялардын имараттарын басып алуу, акыры барып Маевкада кан төгүүнү уюштурушту, анан барып Жалал-Абадда кан төгүлдү. Бирок элдин колдоосу менен биз алдыга жылып жаттык, бара-бара бийлик калыбына келе баштады, конституциялык реформа жарыя кылдык, Референдумга даярдык башталды. Бакиевдер коркуп кетишти, бийлик биротоло бекемдеп кетет деп чочушту. Натыйжада июнь айында Ошто, Жалал-Абадда кыргыз менен өзбектин ортосуна от жагышты, бейкүнөө адамдар кырылды, канча үй, дүкөн, кафе өрттөлдү. Бул накта контрреволюциялык аракет болгон, ошол жаңжал менен Убактылуу Өкмөттү оодарып түшүү аракети болгон. Максаттарына жетишкен жок, бирок Убактылуу Өкмөттүн абалын бир топ оордотушту, кийинки шайлоого жакшы старт алып алышты. Ички жана сырткы саясат менен эч ким алектенбесе былтыркы Донор уюмдардын конференциясы ийгиликке жетет беле? Ошол июль айында эл аралык уюмдар Кыргызстанга жакынкы үч жылда бир миллиард доллар өлчөмүндө жардам берүү чечимин чыгарышты. Эгерде катуу иш-аракет болбосо июндагы жаңжал үч-төрт күндө токтойт беле? Жок, токтобойт болчу. Эгерде атайын иш жок болсо кышка чейин эки миңге жакын үй-бүлө кайрадан турак-жай, отун-суу менен камсыз болот беле? Жок, болбойт болчу. Эгерде бийлик тараптан ойлонулган, даярдалган иштер аткарылбаса июндагы Референдум, октябрь айындагы шайлоо уюшкандыкта өтөт беле? Жок, өтпөйт болчу. Эгерде Өкмөт чымырканып иштебесе жылдын жыйынтыгы менен маяна, пенсия жана пособие толук өлчөмдө төлөнөт беле? Жок. Мына ушул иштердин баарын тыштан келип бирөө жасап берген жок да, же жалган айтып жатамбы. Бардык нерседе калыстык керек. Жасалып жаткан иштерге келгенде алар өзүнөн өзү эле болуп жаткандай мамиле кылып, билмексенге салып, ал эми жасалбай жаткан, калпыстык кетип жаткан иштер боюнча айгай сала берүүнүн өзү калыстык эмес. Моюнга алабыз, бардык иштер эле шуру тизгендей түз кетип жаткан жок. Бирок бир жылдан бери биз мамлекетти, коомду, элди, ар бир жаранды өзгөртүүгө жетише алдык да, муну кантип моюнга албай коюуга болот.

Маектешкен: Назира БАЯН кызы,
«Саресеп», 08.04.2017-ж.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.