Токтайым ҮМӨТАЛИЕВА: “Мелис экөөбүздүн туугандыгыбызды тарыхчылар тактап жатат”

Токтайым ҮМӨТАЛИЕВА: “Мелис экөөбүздүн туугандыгыбызды тарыхчылар тактап жатат”

Токтайым Үмөталиева быйылкы жыл менен президенттик шайлоого талапкерлигин төртүнчү жолу койду. Алгачкы эле сурообуз ушу болду.

– Токтайым айым, дайыма эле коесуз, демек, артыңызда колдогон киши бар?

– (Күлүп) Эч ким жок. Колдоочум да, таянарым да – кыргыз элим жана үйбүлөм. Бу жолу койсом, төртүнчү жолу койгон болом. Эки жолу катышып, Бакиев менен жарышып дегендей… Үчүнчү жолу мыйзам бузуу болуп, тизмеге кошулбаган талапкер болдум.

– Шайлоонун алдында талапкерлердин көпчүлүгү көзү ачыкка чуркары жашыруун деле эмес. А сизде болсо, алдын ала билип турчу касиетиңиз бар турбайбы. Тагырагы, “көзү ачык” деп айтышат. Демек, президенттик шайлоого өтөөр, өтпөсүңүздү билесиз да…

– (Күлөт). “Көзү ачык” деген туура эмес. Аларга чуркоонун кажети жок. Куранда да тыюу салынат. Анткени, ал өтө кооптуу. Көзү ачык туура эмес бир нерселерди айтып койсо, ага ишенип алган адамдын турмушу бузулушу ыктымал. Же “Сенин бу жериң, тиги жериң ооруйт экен” деп койсо, ал адам ооруп калышы мүмкүн. Же жаман бир нерсени кабарлап койсо, жамандык болуп калышы мүмкүн, жана дагы башкалар. Ар бир адам Кудайга, анан өз күчүнө ишениши керек. Жакшы ойго жетеленип, жакшы нерсе тиленсе эле, баары жакшы болот. Бекеринен “Кудайдын кулагы сүйүнсүн, жакшы кабарым бар”, “Пенденин оозунда болсо, Кудайдын кулагында” деп айтылбайт да. Карачы, кандай гана сонун макалдар, өзүнчө эле философия. Анан бир нерседен күмөн санасаң, сага кантип Кудай берсин. Ишеним керек! Мына мен ошондой ишеним менен жашайм, жакшы нерсе тилейм. Кудай берген касиет бар. Бир нерсени сезип, туюп турам. Өтө кыйналып турган адам жаныма отурса кыйналам. Анан ага болгон кеңешимди айтам, “мындай кыл, тигиндей кыл” деп. Кыскасы, депрессияга түшүп кеткен адамдарды дарылайм. Аны эми айтып отурсам, узун сөз.

– «Шайлоодо катуу күрөш болот!» дешүүдө. Тынч эле өтөбү? Ушул жагын кандай туюп, сезип жатасыз?

– Жакшы. Мен жогоруда айттым го, канчалык жакшы нерсе тилесек, ошондой болот деп. Дагы бир жолу айтам, жаманга жетеленбейли, жакшылыкты гана чакыралы.

– Мелис Мырзакматов экөөңүздөрдүн бир тууган болуп чыкканыңыздар жазылып, айтылып келет. Сиз да муну четке какпай келесиз. Бул чындыкпы же президенттик шайлоодо түштүк аймагынан добуш алуу ыкмасыбы?

– (Каткырып) “Мындай суроону берүүгө кандай акың бар? Чык эшикке!” деп аябай күлдү (Сооронбай Жээнбековдун “чык эшиккеси” лакапка айланбадыбы… -авт). Эми Назира, ар бир нерсенин өз убагы болот. Так айта турган учур келет. Дегеним, бул боюнча “Мелис Мырзакматов экөөбүз кандайча, канчанчы атабыздан барып тууганчылыкка кошуларыбызды тарыхчыбыз тактап жатат. Санжырабыз такталгандан кийин, баарын айтып берейин.

– Ахматбек Келдибековду да таластыктарга күйөө бала кылып жүрөсүз. Бул саясатчынын жубайы сиңдиңизби?

– (Күлүп) Ооба, таластык. Аксылыктардын баары эле таластыктар да…

Маектешкен Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.